alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Ырлар

БИР АЛЛА — Туяк акын (1856-1912)

Байыркыдан калган кеп,
Баракка салып иргелет.
Эскилерден калган кеп,
Элекке салып эленет.
Жан-жаныбар баарына
Жайды берген бир Алла.
Тегиз чачып ырыскы
Жанды берген бир Алла.
Асмандагы күн менен
Айды берген бир Алла.
Бул ташканак дүйнөдө
Кубандырып бир азга,
Кайгы берген бир Алла.

Агып жаткан күркүрөп
Өмүр берген бир Алла.
Өмүрүңдү өтө деп
Көңүл берген бир Алла.
Жан-жаныбар баарына
Тегиз болгон бир Алла.
Баары, жокко бипбирдей
Негиз болгон бир Алла.
Тагдырыңды башкарып
Эгиз болгон бир Алла.
Эртең эмне болорун
Билип турган бир Алла.
Пешенеңе мээрими
Тийип турган бир Алла.
Соолубастан түбөлүк
Ийип турган бир Алла.
Бассаң-турсаң адамга
Сооп кыл деп ар качан

Айтып турган бир Алла.
Тооба кылсаң бүгүлүп
Ырайымы төгүлүп,
Азап-шорго салбастан
Кайтып турган бир Алла.
Жүрөгүңдө ойногон,
Ниетиңди бар болгон
Туюп турат бир Алла.
Тамырыңа чуркаган
Өзгөчө бир асыл нур
Куюп турат бир Алла.

Каректеги төгүлгөн
Нурду берген бир Алла.
Адам өлүп кеткенче
Түйүнү түк чечилбес,
Сырды берген бир Алла.
Ырчылардын оозунан
А дегенде чубалган,
Ырды берген бир Алла.
Эч ырыскың түгөнбөйт
Сабыр кылып жүргүн деп,
Сабыр берген бир Алла.
Сабыры жок адамга
Жабыр берген бир Алла.

Өзүмсүнүп кыйкырбай,
Чөптү дагы кор кылбай
Зирек бол дейт бир Алла.
Бей-бечара сагырдын
Пешенесин сылаган
Тирек бол дейт бир Алла.
Арам менен адалды
Анык кылган бир Алла.

Акыл берип алдыңды
Жарык кылган бир Алла.
Өтүмүштүн бардыгын
Тарых кылган бир Алла.
Сан-санаксыз дүйнөнү
Чачкан дагы бир Алла.
Мээрим төгүп койнуну
Ачкан дагы бир Алла.
Ыймансыздан бурулуп,
Качкан дагы бир Алла.
Тобо кылып ыйлаган
Пендесине тезирээк
Шашкан дагы бир Алла.
Он сегиз миң ааламды,
Бийлеп турган бир Алла.
Дилиңе салып ой-пикир,
Сүйлөп турган бир Алла.
Жүрөктөн канды жүгүртүп,
Гүүлөп турган бир Алла.
Жазгы баар болгондо,
Гүлдөп турган бир Алла.
Жердин көркүн чыгарып
Түрлөп турган бир Алла
Дилиңдеги катылган
Ойдо жүрөт бир Алла.
Оюң менен кошулуп,
Бойдо жүрөт бир Алла.
Сапарга чыксаң аттанып,
Ар кырсыктан куткарып
Жолдо жүрөт бир Алла.
Бүтүрүп бардык ишиңди
Колдоп жүрөт бир Алла.

Күнүңдүн чыгып батканы,
Жылдыздын жайнап жатканы
Түбөлүктүү Алладан.
Кудурет-күчү жетпеген
Күкүмдөй нерсе калбаган.
Ошондуктан баарына
Жараткан эгем кадырдан.
Алмустактан мурдараак
Ак шоола болуп агылган.
Сыпатын айтып Алланын
Түбүнө эч ким жетпеген.
Өлчөнбөйт мээр-ышкысы
Өзүбүз алган чек менен.
Өмүрдү берген белекке
Өзгөчө өөрчүп көктөгөн.
Оо дүйнө менен бу дүйнө
Ооматы кемип өчпөгөн.
Амири улук Алланын
Тагынан тайып түшпөгөн.
Канчалык даңктап ырдасам
Арзыбайт ырым тыйынга.
Өмүрүм өтүп баратат
Карарган доол, куюнда.
Артымда калбайт өңдөнөт
Жол эмес жалгыз чыйырда.
Жараткан эгем башыма
Жамандык күндү буйруба.
Шаңданып ырдап турайын,
Жаамы журт келген жыйында.

[mks_separator style=»solid» height=»2″]

Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист акын болжол менен 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button