alternatetext Багымдат: 04:12 | alternatetextКүн чыгуу: 05:59 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:02 | alternatetextКуптан: 21:51
Ырлар

Аллахты мактоо — Оркошов Камбараалы

Абалтан тирүү ар дайым
Алладан кабар айтайын
Эзелтен тирүү ар дайым
Эгемен кабар айтайын!
Түбөлүк тирүү ар дайым
Түк өлбөйттөн айтайын
Түгөл берсе ырыскы
Түгөнбөйттөн айтайын!

Асман жерди жараткан
Ааламга насип тараткан
Алгылык менен тарткылык
Абалтан Аллах тараптан.
Жандуу жансыз жараткан
Жалпыга насип тараткан
Жакшылык менен жамандык
Жапжалгыз Аллах тараптан.!

Кудурет Өзү теңи жок
Кудайымын чени жок
Жан аттуудан теңи жок
Жараткандан эңи жок
Кемчилиги кеми жок
Кебете кешпир дени жок
Окшошу жок эни жок
Окшошоор Ага деги жок

Ошол Зат Аллах эмеспи !
Бол! деп баарын болтурган
Бул ааламды толтурган
Жан салып өйдө тургузган
Жүрөгүң дүк-дүк ургузган
Кедей кылган бай кылган
Келтирип дүйнө шай кылган

Кечирим сурап ыйласаң
Кечирип койгон айбыңдан
Күндү түнгө киргизген
Кайра таңды жүргүзгөн
Күйүт берип артынан
Күлдүрүп өмүр сүргүзгөн
Бир Кудайым эмеспи.!

Оркошов Камбараалы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button