alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Ырлар

БЕШ УБАК НАМАЗ!

Таң саарда азан чыкса мечиттен,
Сопу акенин чакырыгын эшиткен.
Атып тургун жылуу жумшак ордуңдан!
Үмүт кылсаң акыретте Бейиштен.

Күн ыссыкта «бешим» намаз убагы,
Кел мечитке тегиз сапка туралы.
Ушул намаз жаратканды кубантып,
Берээр сообу акылыңа сыябы?

Күн салкындап жумуш күчөп турганда,
«Аср» намаз болот окуу убагы.
Ишиң таштап мечит карай жүгүрсөң,
Сообу канча акылыңа сыябы?

Күн кызарып уясына батканда,
Жумуш бүтүп курсак катуу ачканда.
Билесиңби мунун сообу канчалык,
Даарат алып «шам» намазга шашканда.

Түн да кирди чарчаганга карабай,
Таква момун мечит көздөй барат жай,
«Куптан» намаз жамаат менен окуунун,
Сообун билээр аны жалгыз бир Кудай.

Өмүр бүтүп акыретке бармак чын,
Беш убак намаз — бул өкүмү Аллахтын.
Беш убак намаз — кабырыңдын жарыгы,
Беш убак намаз — ачкычыдыр жаннаттын.

Султан Ислам

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button