Ырлар

Жатат бектер бир кезде, Жан сакчылар кайтарган. Беги кайсыл, кулу ким, Барбы азыр айталган?!

ЮНУС ЭМРЕ (1240-1321)

Адампендем, чоң сабак
Алгың келсе бейиттен…
Арбактардын гөрдөгү,
Абалын көр кейиткен!

Байлар кайда бир кезде,
Байлыгына сыйынган?
Азыр көрсөң бир кепин,
Анын баарын сыйырган!

Ханзадалар каякта,
Хан сарайга сыйбаган?
Көрүстөндө жатышат,
Кум төшөгүн жыйбаган!

Сулуу кыздар кай жерде,
Сезимдерди туйлаткан?
Ажал деген алардын,
Айдай жүзүн кыйраткан!

Жатат бектер бир кезде,
Жан сакчылар кайтарган.
Беги кайсыл, кулу ким,
Барбы азыр айталган?!

Түрк тилинен которгон
Алтынбек ИСМАИЛОВ

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close