alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
АалымдарМакалаларТурмуш таалимдери

1001 ҮЛГҮ: БИЛИМДИН ДАРАЖАСЫ АМАЛ МЕНЕН АНЫКТАЛАТ

1001 ҮЛГҮ: БИЛИМДИН ДАРАЖАСЫ АМАЛ МЕНЕН АНЫКТАЛАТ

(Устат шакирт маегинен)

—Устат, инсандын билим даражасы кантип өлчөнөт?

-Билим алуу аракеттенүү дегендик. Анын сыпатын аракеттер сынжырында көрүүгө болот. Тамактын даамыдуулугун билүү үчүн аны даамын татып көрүү керек. Жолдун жакшы же жаман экендигин билүү үчүн аны басып өткөн оң. Ансыз жолго баа бере албайсың. Китептеги билимди акылыңа, дилиңе, зээниңе жайгаштыруу үчүн колуңа калем алып жазууң керек.

☝🏻 Демек, илимдин даражасы аны амалда колдонуу менен өлчөнөт. Жарыктыкта амалда колдонулбай туруп даражасы аныкталган бир да илим жок.

🤔КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП ЖЕҢҮҮ КЕРЕК?

(Устат шакирт маегинен)

-Устат, инсан башына кыйынчылык түшкөндө кантип жеңүү керек?

-Башка түшкөн кыйынчылык, кайгы –капа, машакаттарды жеңүү үчүн инсан бир нече нерселерди билүүсү керек.
Дегеним, ар бир инсан сабырсыздыгы менен кыйынчылыктарды кетире албастыгын, кайгысы мындан да оор болушу мүмкүн экендигин, жоготкону жоготпогондуганан азыраак экендигин, ар бир жамандыктын артынан жакшылык келе тургандыгын, кандай гана кыйынчылык болбосун ал түбөлүктүү эмес экендигин түшүнүүсү керек. Мындайда кайгынын баткагына малынбай аракеттенүү керек…

👤Даярдаган: Нуркамил Абдуллаев.


👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button