МакалаларТарбия

АБИЙИР ЧӨЙЧӨГҮ СООЛУП БАРА ЖАТАТ

Түптүү кыргыз түгөнгөн сайын түтөп, үзүлгөн сайын уланып, эчендеген кылымдардын суусун ичип келген. Селдей каптаган жоо, кан төгүлгөн кыргын, бел кайыштырган ачарчылык, балээдей жармашкан оору, сөөктөн өткөн суук, мээ кайнаткан ысык, булардын бири да кыргыздын беделин түшүрө алган эмес. Анткени, кыргызды кыргыз кылган анын ар-намыс, абийири болгон. Ак сакалын жайкалтып, акыл-насаатын айтып, ак батасын берген аталар, аталык абийирин сактаган. Келин-кызга үлгүлүү сөзүн айтып, үй ишин тейлеген ак элечек энелер, энелик абийирин сактаган. Эли-жери үчүн жанын курман кылып, эл четинде жоо бетинде жүргөн жигиттер, жигиттик абийирин сактаган. Адамга тике карабай, кемтик сүйлөбөй, кыйшык баспай, кыз келиндер өз абийирин сактаган.

Азыр болсо, оозунан арак буркурап, алгылыктуу бир сөз айта албай, бата ордуна тост көтөрүп, аталар абийирин жоготуп бара жаткансыйт. Чачтарын камгактай тармалдатып, тысырайта шым кийип, кыз-келинден орун талашып энелер абийиринен айрылып барат. Алсызды алдап, күчсүздү коркутуп, өз элин тоноп, жигиттер абийирин жоготту. Улуудан уялбай, кичүүдөн тартынбай, атаны көзгө илбей, энеге кулак салбай кыз-келин абийирден ажырады. Эл жүгүн көтөрүүчү, эл ишенимин актоочу азамат депутаттарыбыз «ажаан аялдардай» чачташып абийир тосмосунан чыгып бара жатышат. Адамзаттын акылманы, акылдуулардын кеменгери улуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир осуятында:

«Силердин башыңарга бир күн келет, ошол күндө жакшы иштер силерге жаман, ал эми жаман иштер силерге жакшы көрүнүп калат» – деп айткан эле. Бүгүнкү замандын терезесинен карап отуруп, ошол күндүн илеби келип калганбы деп да ойлоп кетем.

Аталарыбыз аракты оозуна алмак турсун, «каапырдын тамагы» деп, аны алыстан айланып өтчү. Азыр болсо, «агынан баштайлы» деп, аны тамактардын ана башы кылып алдык. Мас адамды көргөндө, ажыдаарды көргөндөй дене титиреп, жек көрүү күчөйт эле. Азыр болсо, «бул мас турбайбы» деп колтуктан жөлөп төргө чыгарабыз.

Кыз-келиндин бир тал чачы көрүнүп калса, энелер: «кокуй атаң көрсө шерменде болот» деп жаны калчу эмес. Азыр болсо, «бети-башыңарды жаап араб болуп кеттиңер» – деп жоолук салынгандарга асылып калдык.

Үйгө жат адам келгенде ага караанын көрсөтүүдөн тартынып, чыгдан ичине жашына калчу кызкелиндер, бүт денесин «реклама» кылып көчөдө басып калышты.

«Баланчанын кызы эринен ажырап келиптир» деген сөздү угуу – өлгөн адамды угузгандан да катуу тийчү эле. Азыр болсо, ажырашуу – жыртылган байпагын таштап салгандай эле жеңил кеп болуп калды.

Акыл-эстүү карыялардан да, алардан үлгү алган жаштардан да нускалуу кептер айтылып, уятсыз, жаман сөздөр сүйлөнчү эмес эле. Азыр болсо, карыбыздын да, жашыбыздын да оозунан орундуу сөз чыкпай калды. Ал эмес, сөз куржунун асынып, тилдин баркын сактоочу куудулдарыбыз да абийир чегинен ашып кетишти. Бир нече жыл илгери «Американын фильмдери болуп жатканда, үй бүлөөдө чогуу отура албайсың» деп какшайт элек. Эми, кыргыздын куудулдары тамаша айтып жатканда чогуу отура албай калдык. Чукугандай сөз таап, күлдүрүп да, күйдүрүп да сүйлөгөн кайран Куйручуктун, Жоошбайдын, кечээки эле Шаршендин октой сөздөрү жоголуп, куудулдарыбыз «киндиктен» өйдө көтөрүлө албай калышты.

Кыскасын айтканда «пай-пай, кайда барсаң мамай…» дегендей, кай тарабыңды карасаң да ачылган абийир менен сатылган абийирди көрөсүң. Бирок, мунун баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, жакшы менен жаманды, ак менен караны ажырата албай калгансыйбыз. Каадалуу кыргыздын наркы менен баркы кетип, чайпалса төгүлчүүдөй толуп турган абийир чөйчөгү күн өткөн сайын соолуп бараткансыйт…

Алайчы Сеитбеков

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close