Чыныгы мусулмандын жүрөгүндө 4 түрдүү аял жашайт

0
3

Чыныгы мусулман адамдын жүрөгүндө төрт түрдүү аял жашайт:

  1. Энеси,
  2. аялы,
  3. карындаш эжеси
  4. кызы.

Апаңды ыраазы кылууң, Алланы ыраазы кылгандыгың.

Аялыңды сыйлооң бул — Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)дын осуятын аткаргандыгың.

Эже-карындашыңа жакшылык кылып, алар менен мамилени бекемдөөң үйүңө берекенин киргендиги.

Кызыңа чыныгы мусулмандын тарбиясын берип өстүрүүң, бейишке карай эшигиңдин ачылганы.

Имам Шафийге бир киши келип: Пендени Алла Таалага жакын кыла турган эң улуу амал кайсы? — деп сурайт. Имам Шафий (рохимахуллох) көзүнө жаш алып ыйлап жиберет, соң төмөнкү жоопту берет:

«Алла Таала сенин жүрөгүңө карап, дүйнө-акыретте Өзүнүн ыраазылыгын гана тилешиңди көрүүсү сени Аллага жакын кылат».

Али (Алла андан ыраазы болсун) айтат:

Үч нерсе үч нерсени алып келет:
Тырышчаакты- байлыкты,
жалкоолук-кедейчиликти,
сараңдык-ооруну.

 Абдишүкүр Нарматов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.