alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

Өспүрүмдөн өчпөс сабак

Өспүрүмдөн өчпөс сабак

📍 Өспүрүмдөн өчпөс сабак

✍🏻Адилеттүүлүгү боюнча атагы таш жарган азирети Умар ( радияллаху анху) азан окулуп жатканда мечитке жөнөп бараткан. Ушул убакта артынан бир бир жеткинчек бала жете келип, ылдамдай басып аны ашып өтүп кетет. Азирети Умар (р.а) баланын эмнеге ашыгып баратканына кызыгып, ичинен: «Мүмкүн өтө зарыл иши, же көйгөйү бардыр» деп ойлойт. Анан дароо балага жете барып:

— Уулум, тынччылыкпы? Кайда шашып баратасың? — деп сурайт. Азирети Умар (р.а)ну тааныбаган жаш бала:

— Мечитке бара жатам, ата! — дейт. Азирети Умар(р.а) таң калат. Себеби, бала өтө жаш болчу. Азирети Умар (р.а) таң калганын жашыра албай:

— Уулум, сен али баласың. Намаз сага парз эмес. Мынчалык шашылуунун кереги жок ,- дейт.

Бала азирети Умар (р.а)нун сөзүнө кошулбасын билдиргендей минтип жооп берет:

— Ата, бул иш чоң-кичине дегенди карабайт. Кечээ эле кошунабыздын бир баласы өлдү. Ал менден да кичине болчу. Өлүм деген чындык элди кары-жаш деп бөлбөйт экен. Ошондуктан, биз ар дайым ага даяр болуубуз керек. Анан дагы ушул жаштан баштап намазга көнө баштабасам, чоңойгон кезде кыйналып калышым мүмкүн!

📚 «Өчпөс сабактар» китебинен.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBswt2xBzYf/?igshid=d707vokfaz26

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button