alternatetext Багымдат: 06:18 | alternatetextКүн чыгуу: 07:49 | alternatetext Бешим: 13:18 | alternatetextАср: 17:00 | alternatetextШам: 18:44 | alternatetextКуптан: 20:18
МакалаларРубрикасыз

Карыз – күлүп келип, ыйлап кетет…

Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-дубасы болсун) мечитке кирсе, Абу Умама аттуу сахаба олтурган экен. Пайгамбарыбыз анын жанына келип:
– Намаз убактысы кире элек, мечитте эмне кылып отурасың? – деп сурады.
– Карызымды төлөй албай, сарсанаа болуп отурам, деди Абу Умама. Пайгамбарыбыз анын жанына отуруп:
– Сен эрте менен жана кечинде Аллага кайрылып: “Аллахумма, ауузу бика минал хамми вал хузни, ва ауузу бика минал аьжзи вал касал, ва ауузу бика минал жубни вал бухли, ва ауузу бика мин голабатид-дайни ва кахрир рижаал” деп айтып жүргүн – деп үйрөттү.
(Бул дубанын мааниси: Оо, Жараткан, санаа жана кайгыдан, алсыздык жана жалкоолуктан, чыдамсыздык менен сараңдыктан, карызга батуу жана адамдардын басмырлоосунан сактоону Сенден суранамын).
Кийин Абу Умама: Ушул дубаны окуй баштагандан кийин Алла ишиме ийгилик берип, карызымдан кутулуп кеттим – деп айткан.
Пайгамбарыбыз үйрөткөн жогорудагы дубаны жакшылап карай турган болсок, байлык, акча, дүнүйө деген сөздөрдү кезиктире албайбыз. Бирок, дубанын негизги максаты дал ушулар тууралуу болуп жатат. Анткени аны пайгамбарыбыз карызынан кутула албай жаткан адамга үйрөткөн. Азыркы заман талабына ылайык байуунун жолун үйрөтүүчү бизнес-тренерлердин айтканына кулак төшөсөң, байлык акчага тиешелүү эмес экендигин жана акча издебей, акча табуу жолун издөө керектигин кан-какшап айтышат. Жогорудагы дуба пайгамбарыбыздын адам затка жашоо мыйзамын үйрөтүүчү улук инсан экендигин дагы бир жолу айгинелеп турат. Дубада адамга ийгилик алып келүүчү жолдордун баары айтылган. Анда эмесе дубаны кайрадан чечмелеп көрөлү.

Санаа.

Учурдагы өтө көйгөйлүү маселелердин бири – санаага алдыруу. Санаа адамдын убактысын коротуп, физикалык жөндөмүн азайтуучу фактор. Иши жүрүшпөй, бир аз кыйынчылыкка дуушар болгон адам өзүн санаага алдырып коёт да, иштөө мүмкүнчүлүгүнөн толук айрылып калат. Ал биринчи кезекте дал ушул “сары-санаадан” өзүн алып чыгуу жолун тапмайынча, ишин алдыга жылдыра албайт. Убакыт өткөн сайын иши артка кетип, санаасы көбөйө берет да, акыры толук бойдон өзүн башкара албай калат.

Кайгы.

Адамдын ой жүгүртүүсүнө жана сергектигине тоскоол болуучу дагы бир нерсе – кайгы. Болор-болбос нерсеге бир аз кайгыруу адамдын ошол күнү текке кетти деген сөз. Жоопкерчиликтүү адам кайгырып отуруп калса, кайгы аны санаага батырат. Натыйжада санаага баткан адам жогоруда айтылгандай өзүн-өзү жоготуп алуусу толук мүмкүн.

Алсыздык.

 Адам тамак-аштын начарлыгынан же уйкунун аздыгынан алсырап чарчашы мүмкүн. Кээде жогоруда айтылган санаа менен кайгы да адамды алсыратып коёт. Ошондуктан “Ашасаң ашка, иштесең ишке” тойбогон убакта ар дайым чыйрак болуп, өзун сергек алып жүрүү зарыл. Антпесе алдуулар алга жылып, алсыздар тебеленип кала берери бышык.

Жалкоолук.

Алсыздыктын артында көбүнчө жалкоолук жолдош болуп турат. Жалкоолукту адам өзү пайда кылып алат. Алдындагы ишти аткаруу колунан келип турса да, аны эртеңкиге калтырып, анын ордуна нафсисине жаккан, бирок пайдасыз нерсе менен алек болуу адамга жалкоолуктун эшигин ачып берет. Адамдын напсиси эч качан кыйналууну каалабайт, оор жумушту калтырып коюу напсиге бир жагып калгандан кийин, көнүмүшкө айланат да, адам кантип жалкоолордун короосуна кирип калганын өзү да билбей калат.

Чыдамсыздык.

Адамдардын баары эле иш баштай алат, бирок алардын кээ бирөөлөрү гана ишин ийгиликтүү алып кете алат. Мунун негизги себеби – чыдамдуулук. Соода болобу, курулуш болобу, кайсы эле жумуш болбосун баштагандан эле ийгилик менен коштолбойт. Сөзсүз түрдө кыйынчылык, тоскоолдуктар болот. Мына ошол тоскоолдуктарга чыдап, сабыр кылган адам гана ийгиликке жете алат. “Кыбыраган араба менен кыр ашат” деген ушул.

Сараңдык.

Адамдагы бул сыпат да иштин илгери болуусуна кедергисин тийгизбей койбойт. Өзү тапкан акчага жарытылуу кийинбей, бала-чакасына чеке жылытарлык кубаныч тартуулабай сараңдык менен дүнүйө топтогон адамда кайдан береке болсун? Акчаны акча табат. Канча көп жумшасаң кирешеси да ошончо болот эмеспи. Бирок, жумшоо керек экен деп чектен чыгып кетүү ысырапкорлукка алып баруусу да мүмкүн. Ошондуктан тапкан малды туура, так иштете билүү зарыл.

Карызга батуу.

Карыз – адамды бул дүйнөдө гана бактысыз кылбастан акыретине да зыян тийгизет. Карызы бар адамдын карызы төлөнмөйүнчө сурак-соболу оор болору маалым. Ошондуктан көр башында өлгөн адамдын жакыны “Кимдин маркумдан аласа-бересеси болсо, мага кайрылсын” деп кайрылат. Карызга батуу адамдын жашоосуна, ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келет. Карызын төлөй албай, анын айынан жанын кыйып алгандар канча. Арызга батып, үйжайынан, бала-чакасынан ажырап селсаяк болуп талаада калгандар канча. Карыз алган күндөн аны кайтарып бергенге чейин эмне деген кайгылуу күндөр болбойт? “Төлөй албай калсам кантет” деген санаа менен уйкусуз түндөр өтөт. Ошондуктан кредит сыяктуу арам иштерден алыс болуу зарыл. Ал эмес адал болгон карызды алуудан да этият кылуу керек. “Карыз – адамдын аброюн жана динин алсыздатат” деген сөз өтө туура айтылган. Колуңдан келсе карыз алба, алсаң батыраак кутулууга аракет кыл. Болбосо, карыз үстүнө карыз кошулуп, кайсы бир күнү үйүңдү таппай калууң турган кеп.

Адамдардын басмырлоосу.

Бул да кайсы бир деңгээлде карызга тиешелүү. Карыз алган адам карыз берген адамдын алдында өзүн алсыз, бечара сезери белгилүү. Ошол эле учурда карыз берген адам өзүн өйдөрөөк сезип, сени басынтуусу мүмкүн. А эгер карызын убактысында бере албасаң, оозуна келгенди оттоп каалагандай сөгүп-багып салуусу да мүмкүн. А сен ага эч нерсе дей албайсың. Мына ушундай басмырлоо – адамдын ички дүйнөсүн алсыздатып, башкалардан өзүн төмөн сезүүгө алып келет да, убакыт өткөн сайын ичинен жеп олтуруп адамды оорукчан, же эч нерсеге жөндөмсүз бир бечара кылып коёт. Демек, урматтуу окурман, пайгамбарыбыздын Абу Умамага үйрөткөн эки ооз дубасы адам баласынын тээ кыяматка чейинки бактылуу жашоосун көрсөткөн ачык-айкын жол экенин күбө болдук. Адам затка ибадаттын түрлөрүн гана эмес, жашоо мыйзамдарын толук үйрөткөн пайгамбарыбыздын ар бир сөзүндө биздин ар бир мүнөтүбуз үчүн зарыл болгон асыл эрежелер сакталып жатканы жалган эмес. Болгону, биз аны туура түшүнүп, жашообузда туура колдоно алсак болду. Мындан ары эртең менен жана кечинде жогорудагы дубаны окуп, чын ыклас менен Аллага кайрылып, Ага сөйөнүп, ага тобокел кылып, Анын гана көрсөткөн жолу менен жашасак, эч качан жогоруда айтылган кыйынчылыктарга дуушар болбойбуз.

//

The post Карыз – күлүп келип, ыйлап кетет… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

September 10, 2015 at 04:15PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button