21.1 C
Bishkek
13.06.2025
Макалалар

Адамдардын эң жакшысы ким?

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан:

«Силердин эң жакшыңар Куранды окуп үйрөнүп, жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр»…

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айтты:

«Силердин эң жакшыңар кулк-мүнөзү мыктыңар».

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан:

«Силердин эң жакшыңар карызды (өз убагында) жакшы кылып кайтарганыңар»…

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан:

«Силердин эң жакшыңар адамдар андан жакшылыкты гана үмүт кылып, жамандык кылуусунан кооптонбоосу » …

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)айтты:

«Силердин эң жакшыңар үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылганыңар»…

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айтты:

«Силердин эң жакшыңар башкаларга тамак — аш берип, саламга алик алганыңар»…

Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан:

«Силердин эң жакшыңар намазда далысы жумшагыңар (башкача айтканда кимдир бирөө сапка кошулгусу келсе, бир аз жылып ага да орун бошотконуңар)»…

Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айтты:

«Силердин эң жакшыңар адамдар аны көргөндө, аларга Алланы эстетип турганыңар»…

Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айтты:

«Адамдарын эң жакшысы өмүрү узун болуп, (акыретке даярдаган)  амалы жакшы болгону»…

Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан:

«Адамдарын эң жакшысы адамдарга эң көп пайдасы тийгениңер»…

Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айтты:

«Алланын астындагы эң жакшы достор досуна жакшы мамиледе болгон адам. Алланын астындагы эң жакшы кошуналар кошунасына жакшы мамиледе болгон адам»…

Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айтты:

«Адамдарын эң жакшысы мөөр басылган жүрөк жана акыйкатты айткан тил ээси».

Пайгамбардан:

«Мөөр басылган жүрөк ээси» дегениңизди кандай түшүнөбүз? — деп сурашты.

Ал:

Такыба, таза, ичинде күнөөсү жок, көрө албастык, кек сактоо сыяктуу жаман илдеттерден таза жүрөк — деди.

Андан:

Дагы ким ошол адамдын жолунда болот? — деди.

Ал:

Дүйнөнү жек көрүп, акыретти жакшы көргөнүңөр — деди.

Андан:

Дагы ким ошол адамдын жолунда болот? — деп сурашты.

Ал:

Жакшы кулк -мүнөздүү момун» — деп жооп кайтарды…

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Related posts

Компьютерде көп иштегендер үчүн кеңеш

admin

КУРМА

Канадалык доктор Ж. Миллер исламды кантип кабыл алган?

admin

Leave a Comment