alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
МакалаларТаасирдүү окуялар

ФАТИХ СУЛТАНДЫН АЯСОФИЯДАГЫ АЛГАЧКЫ НАМАЗЫ

ФАТИХ СУЛТАНДЫН АЯСОФИЯДАГЫ АЛГАЧКЫ НАМАЗЫ


✍🏻 Фатих Султан Мехмет Чыгыш Рим империясынын борбору Константинополду багындырган соң алгачкы жума намазын андагы Аясофия чиркөөсүндө окууга бел байлайт. Мен-мен деген усталарды чогултуп, чиркөөнү мечитке айлантуу буйругун берет. Колунан көөрү төгүлгөн тандалма усталар турмакпы, аз убакыттын ичинде чиркөөнү кайра жасап, мечитке айлантат. Мындан ары бул мечиттин эски аты өчүп, «Фатих» мечити деп аталмак. Ошентип жума күн да келип, эл намаз окууга чогулат.

Жыйналган элдин алдына чыккан Фатих Султан Мехмет:

— Араңарда дигер намазынын сүннөтүн бир да жолу таштабай окуп келе жаткан адам барбы? — деп сурайт.

Ошондой киши жамааттын алдына өтүп, имамдык кылып, намаз окутуусун айтат. Келгендердин баары аалымдарга тигилишет. Алар болсо баштарын жерге салып, жер тиктеп турат. Фатих Султан Мехмет да аалымдарды сыдыра карап келип, аягында өзүнүн устазы, айтылуу олуя Акшемседдинге көзү такалат. Бирок ал дагы жер тиктеп туруп:

— Бир жолу үйүмө конок келип, шашып калган элем. Өмүрүмдө бир гана жолу дигер намазынын сүннөтүн окубай калгам,-деп күбүрөйт.

Акшемседдиндин бул сөзүн уккан Фатих Султан Мехмет:

— Өмүрүмдө бир да жолу дигер намазынын парзын, сүннөтүн таштаган эмесмин,- дейт. Ошентип, ал өзү Стамбулдагы чоң мечитте алгачкы жума намазын окутууга имам кылат. Ошончо зор мамлекеттин падышасы болгонуна жана канчалаган согуштардын, кырчылдаган кармаштардын арасында жүргөнүнө карабай дигер намазынын сүннөтү толук болгону үчүн имамдыкка чыгат.

Фатих Султан Мехмет намазды баштоо үчүн такбир айтат. Бирок, дароо эле токтоп, оңго-солго салам берип намазды бузат. Кайра такбир айтып туруп дагы оңго-солго салам берип баштаган намазын токтотот. Үчүнчү жолку такбиринен соң баштаган намазын улантып окуп баштайт. Жамааттын ичинен айрым адамдар:

«Падыша өзүн алдыга чыгарганы үчүн намазды баштай албай калды го» — деп ойлошот. Намаз бүткөн соң Фатих Султан Мехметтен эмне себептен намазды эки жолу бузганын сурашканда ал:

— Намаз учурунда мага жана бардык жамаатка Кааба көрүнүүсүн каалагам. Ушул ниет менен биринчи такбирди айтканда Кааба көрүнгөн жок. Экинчи жолку айтканымда да көрүнбөдү. Качан үчүнчү жолу такбир айтканымда гана Кааба көз алдыма тартылды, — дейт.

Кийин мунун себебин Акшемседдинден сурашат. Ал бул окуянын себебин төмөнкүчө түшүндүрүп берет:

— Падышабыз үч жолу такбир айтты. Карасам биринчи айтканында Аясофиянын багыты кыбылага карабай турган экен. Ичимен «Буюрса жанылбастырбыз» дедим. Ойлонгонумдай эле Султан намазын токтотту. Анан экинчи жолку такбир айтканында да Аясофия кыбылага карабай туруптур. Султан бул жолу да намазды токтотту.

Эми үчүнчү такбирде да «намазды бузабы» деп тургам. Бирок, ошол маалда мага руханий керемет аркылуу жамааттын эң арткы катары көрсөтүлдү. Ал жерде бир кишилик орун бош туруптур. Бир убакта карасам Кызыр алейхиссалам ошол бир кишилик бош орунга турганы келатып, бармагын «терчил түркүккө» (мечиттин дайыма нымдалып турган бир түркүгү ушундай аталып калган) коюп, бурап туруп Аясофиянын багытын кыбылага буруп койду. Андан кийин бир кишилик бош орунду толтуруп, катарга турду. Ошондо гана падыша үчүнчү такбиринде Каабаны көрүп, алгачкы жума намазды окуп баштады.

ЖУМА МААРЕК БОЛСУН!

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button