alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Макалалар

АТА -ЭНЕ ЖАКШЫЛЫГЫ СЕН ҮЧҮН ЭЧ КАЧАН ТҮГӨБӨЙТ!

✍🏻Кептин башында бир аз болсо да жакшылык деген эмне тууралуу сөз кылып өтсөк. Эгер мен жакшылык кылгандардын баарысын жакшы десем,жакшылык кылбаган адамдарды жаман десем,анда адамдарды бөлгөн эң төмөн (фасык) адам экенимдиги билинип калат. Ошон үчүн калыс туруб жакшылык жана жакшы адамдар кандай болоорун сөз кылсак ар ким өзү тыянак чыгарып алаар.
Биз кимди жакшы деп ойлойбуз?
Таза таква адамдарды,
Жанкүйөөр адамдарды,
Чынчыл адамдарды,
Көңүлү ,жүрөгү таза адамдарды,
Март,жоомарт адамдарды,
Жоопкерчилүктүү жана ширин сөздүү адамдарды,
Жүзүндө жылмаюу,нурлуу адамдарды,
Албетте ыймандуу адамдарды,
Жана да бизге түрлүү кырдалдарда, кыйынчылыктарда жардам берген адамдарды.
Демек жакшылык кылуу үчүн кыйын абалдарда гана жардам берүү эмес. Табиий чынчыл,жоопкерчилүктүү, чыныгы халалдык,марттык,жоомарттык жакшылыктын жышыныдыр…
Бирок барбир жакшылыктын чокусу -эң оор абалда жан аябастык кылууда билинет экен.
Эгер аягыңа милдет таштары байланбаган болсо,бул чокуда калыш мүмкүн. Бирок жакшылык милдет кылынса, «жакшы адам чокудан таш сыяктуу кулап түшөт жана лай сыяктуу бөлүнүп -бөлүнүп жок болуп кетет.
Жакшылык жакшы нерсе. Бирок ал өтө назик,кандай десем нак кызгалдактын өзү. Эгер жакшылык кылып,артынан аны эстеп жүрсөңүз,баарыдыгынын мөмөсү нөлгө тең болуп күл сяктуу жок болот.Эгерде жакшылык кылып аны эч нерсе кылбагандай унутуп жиберген болсоңуз, анын мөмөсү ушунчалык таттуу жогору даражалуу болот! Аны акылыңыз менен элестетип да болбойт.
Жакшылыктын эң чоң шарты -аны амалга ашырыу,унутуш жана жоопту талап кылбоодур.
«Баланчыга жакшылык кылганмын,эми ыраазылыкты унутуп койбостур? -деген ой эмнени билдирет?
Жакшылыктын сыйлыгын Аллах Таала берет. Бирок сиз,биз жакшылык сыйлыгын адамдардан күтсөк,Аллахтын сыйлык эшиктерине кулп асылып бекилип калат. Сизге кайсы бири маанилүү -пенденин сыйлыгыбы же бир гана Жараткандынбы?
Сизге кайсы бири маанилүү -өткөнчү жана өзүңүз сыяктуу алсыз инсандын сыйлыгыбы же Ааламдардын Эгеси Аллахтынбы?
Өкүнүчтүүсү, биз Аллахка болгон ишенүүбүз алсыз пенделер сыйлыктын үзүрүн бул дүйнөдө ала калайын деп артка карабай чуркайбыз,мактоо издеп, мени алкыштаса, ырахмат айтса деп үмүт кылабыз.
«Жакшылык кыл -даряга ат. Балык билет. Балык билбесе, Жараткан билет «…
Даря -бул жашоо. Жакшылык кылып даряга атыш -жакшылык кылып унутуш дегени. Балык -бул адамдар. Демек, жакшылыгыңды адамдар билет. Ал жерде бул жерде болсун,той маарекелерде,өтө нары барса телевидение,газета,журналдарда жана мага окшгоп макалаларда айтат,сөзсүз билишет.
Бирок ушундай болбосо капа болбо, Жараткан билет …Ал сөзсүз жакшылыгын сага эсээлеп кайтарат. Анткени жакшылык алуучу инсандар Аллахтын эң сүйүктүү кулдары…

Билесизби сиз үчүн жакшылыкты милдет кылбаган,сыйлыгын күтпөгөн,чын ыклас менен өзүндө жок болсо да сизге бизге болсун деп аябаган ,дубаларында дайым жакшылык каалаган эки улуук инсандар бар. Алар бизге Аллах Тааланын чоң сыйлыгы,эч нерсеге алмаштыргыс белеги бул дүйнө, аркы дүйнө бейиши болгон АТА -ЭНЕБИЗ болот!

Мен үчүн дүйнөдөгү эң асыл жакшы адам,байлыгым ата -энем. Баарыңыздар үчүн да ушундай болсо керек. Акылымды тааныгандан бери бул эки улуу инсандын бир да жамандыгын көрбөдүм.
Өмүрлөрү өткөнчө балам деп жашайт,балам деп жүрөктөрү согот,балама, балама болсун деп жашап келет. Кандай кыйын күн болбосун баарысына көз жумуп чыдап, балам бактылуу болсун деп күйүп -бышып жолун издеп, чапкылап өмүрлөрүн арнашат. Биздин,биз балдарынын кулаксыз,инсапсыз, кадырын билбей,канча кейитпейли баарына сабыр кылышат..
Ушул эки улуу инсандардын дубасы менен болсо керек,ушул эки улуу мээрим даря инсандарынын сөйөп турганы үчүн болсо керек,ушу эки улуу асыл мусулмандын жакшылыктары себеп болсо керек жолум дайыма жакшылыкка толо..
Эгер билсеңиз мен көргөн жакшылыктардын чеги жок ,чегарасы жок! Күнөөгө бир кадам калганда алар себеп жолумдан кайттым.
Жан дүйнөм ооруп кысталганда алар себеп кубанычка бөлөндүм.
Каталарым айынан деңизге чөккөнүмдө алар себеп кутулдум..
Ушул жашка чейин көргөн, билгендерим, барлыгым үчүн өмүр бою шүкүр менен Аллахка ыраазылык билдирип жашап келеттер…
Ушул жалган дүйнөдө канча жашаган болсом да, башыма келген кандай абал болбосун, адамдык сыпатымды жоготуп албоом үчүн акыл -насааттарын, кеп -кеңештерин тынбай айтып,колдоп кубаттап келет..
Ушундай улуук инсандар үчүн биз эмне кылдык бир тууганым?! Келиңиз жакшылыкты ата -энебизден баштайлы. Жогоруда айткандай жакшылык сөзсүз эле тыйын -тыпыр, белек -бекчете эмес, сиздин жүзүңүздөгү жылмаюуңуз,жакшы ширин -жумшак сөзүңүз,сый -урматыңыз, кубаныч тартуулай турган мээрим тамчыңыз алар үчүн табылгыс даары, жакшылык болуп эсептелет! Ата -эне ыраазы Аллах ыраазы! Жакшылык эшиктери үйүңүздө турарын эч унутпаңыз!
Аллах Таалам эч кимибизди адаштырбасын! Баарыбызга ырайым кылып ата -энебизге бейишинен насип кылган болсун!

👤Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button