alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларРубрикасыз

Эх Россия мен сени жек көрөм!

       ✍��Кичинекей Айназик чоң энеси менен жашап калганына үч жылдай болуп, ата -апасынан ажыраганы эки жылдын ашып калды. Жашы эми алты толгон Айназик жашоонун ачуусу -таттусуна анча түшүнө бербей,ата -апасын күтүп келип калышат ко деген үмүт менен жолду карап жүрөт. Сагынып куса болгондо сүрөттөрүн алып кучактап -кучактап жүздөрүнөн өөп алат,кээде чоң апасына эч нерсе айтпастан эле бир нерселерди шылтоо кылып ыйлап -ыйлап алат. Байкуш чоң апа көзүнөн айланып -тегеренип көңүлүн көтөрүүгө аракет кылат. Бирок кандай кылсада ата -эне жыты,мээрими,башкача алардай боло албайт экен. Уулу Россияга барып иштеп келем деп барып эле тез арада башка бирөөгө үйлөнүп алганын угушат. Келини эч нерсеге карабай кызын таштап кетип калат. Ошо ошентип чоң апа небересин карап жүргөн убагы,уулу жакында барам деп бир айда бир телефон чалып турат, ошонусуна да шүкүр айтып эне деген жүрөгү муздабаган,эч качан кайтарбаган мээримдүү зат  уулунун келуусун кутуп, амандыгын тилеп келет.
    Атасы бир күн Айназикке келгендерден көйнөк,шириндик,апасына да бир акча салып жиберет. Айназиктен кубанычтуу адам жок,көйнөгүн кийип алып ары айланып,бери айланып эки жака чуркап жатты,аз болсо да чоң апанын көңүлү көтөрүлүп небересинин кубанычын бөлүшүп олтурду. Айназик көйнөгүн кошуна кыз -балдарга көрсөтүүнү каалап көчөгө чуркап барып,колундагы шириндик,таттуларды таркатып:
     -Көрдүңөрбү мага атм менен апам шаардан ушундай кооз көйнөк жиберди  деп ары -бери айланды. Балада үйдө эмне айтылса дароо илип алат,бир -экөөсү:
      -Сенин атаң апаң жок алар сени таштап кетишкен,деп баары кошулуп кармашып, «калпычы «деп күлүшүп тегеренип жатышты.
      Кубанычы койнуна батпай,асманда учуп жүргөн Айназик заматта жерге кулап түштү,жан дүйнөсү жараланып:
     -«жок «,жок «мен чын айтып жатам деп ушундай ыйлап,көз жашынан «Россия мен сени жек көрөм «деген жаштар аккандай,ата-апамдын ажырашына сен себечисиң!
сен мени жетим кылдың!
сен мени мүнкүс кылдың!
сен күлкүмдү -кубанычымды тартып алдың!
,деп ичтен айтып жаткандай туюулуп жатты.
    Чоң апасы көрүп калып дароо үйүнө ээрчитип баса берди. Небересин кучактап сооротуп,ыйлап жашоосуна тан берип,тагдыр сыноосу дагы эмнелерин тартуу кылат тээ алыска карап ойлуу көз жашын сүртүп олтурду. Бул жашоонун ачуусу,Айназикке эми башталып жатканы,жакында атасы башка аялы менен келсе эмне болот?Огой  эне ? Келчекте кандай күндөр күтүп турат белгисиз эле…
Эх Россия мен да сени чын эле жек көрүп кеттим ….
Ата -апа силерди күтүп кусаланам,
Сагынсам эч жете албай туталанам.
Алтын апам кучагыңдан жыттап -жыттап,
Мэрим төккөн жүзүңдөн сүйсөм кана!
Атакем сагындым го көздөрүңдү,
Эркелетип ширин айткан сөздөрүңдү.
Көргүм келсе жансыз болгон сүрөттөрдү,
Кучактап, сүйүп алам жүздөрүңду!
Балдарыбыз жылуу сөзгө, камкордукка,мээримге оролгон  мамилеге көбүрөөк муктаж…
Насиба Абдуллаева.
http://formulasy.blogspot.com/2016/
��‍��‍��‍��»Бактылуулук Формуласы» .

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button