Ден-соолукМакалаларПайдалуу кеңештер

ЭТТИН КАЙСЫ ТУРУ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН? ЭТТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖЕШ КЕРЕК?

Кандай эт болбосун курамында белок, темир, калий, кальций, магний, фтор, цинк, витаминдер жана башкалар бар. Белок булчуӊ жана нерв ткандарына курулуш материал болуп берет. Калий жүрөктүн жана кан тамырлардын, ал эми магний нерв системинин жакшы иштөөсү үчүн керек. Цинк иммунитетти көтөрөт. Кальций менен фтор сөөктү жана тишти бекемдейт. Витаминдер зат алмашууга катышат жана башка. Андыктан адам эт жеп турушу керек. 1 күндүк норма чоӊ адамдар үчүн 150-200 грамм, ал эми жаш балдар үчүн 200-300 грамм.
Этти дамамат жана ашыкча жегенде оорулар, анын ичинде эмчектин, жатындын, жоон жана ичке ичегинин рагы жаралат. Жаш малдын эти өтө сиӊимдүү келгендиктен бардык жаш курактагыларга сунушталат. Этти кайнатып жесе пайдалуу.

ТӨӨ ЭТИ
Пайдасы. Курамында белок абдан көп жана уйдун этине салыштырмалуу май эки эсе аз. Эти, кымызы (шубат), сүтү кургак учук менен ооругандарга, иммунитети начарларга жакшы азык. Анемия, варикоздо жесе оорудан айыгууга жардамчы.
Зыяны. Этинин сиӊиши кыйын. Андыктан жаш балдар, карылар, боюнда барлар, бала эмизгендер аз өлчөмдө жеши керек. Ашказан-ичеги, панкреатит, гипертония, псориаз, дерматит, богок, катаракта, глаукома оорусу барларга, инсультка, инфарктка чалдыккандарга жегенге болбойт. Оорусун күчөтүп жиберет.

ЖЫЛКЫ ЭТИ
Пайдасы. Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиӊет. Холестерин жок. Булчуӊдарды чыӊдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт.
Зыяны. Сүрсүгөн, майлуу этин, чучугун жесе, өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Мындан тышкары төө этин кайсы ооруларда жеш сунушталбаса, жылкы эти да ошолордо сунушталбайт.

УЙ ЭТИ
Пайдасы. Сөөктү, булчуӊдарды жана кан тамырларды чыӊдап, көрүүнү жакшыртат. Курамында темир көп болгондуктан гемоглобинди көтөрөт. Жаракаттан, жугуштуу оорудан, күйүктөн бат айыгууга шарт түзөт. Урук чыктагыч бездин иштөөсүн жакшыртып, тестостерондун жана уруктуктун (сперма) иштелип чыгышын шарттайт. Башкысы диеталык азык (майлуу эмес эти). Этинин 60 пайызы сиӊет.
Зыяны. Майлуу этинде холестерин көп болгондуктан көбүрөөк жесе, жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратып, инфаркт, инсультка чейин жеткирет. Подагра, өнөкөт бөйрөк оорулары менен ооругандарга көп жегенге болбойт.

ТОПОЗДУН ЭТИ
Пайдасы. Уй этине караганда пайдалуу заттар, анын ичинде темир абдан көп, ал эми холестерин аз. Организмдеги зат алмашууну жакшыртып, операциядан кийин бат өзүнө келүүгө жардамчы. Анемиядан жабыркагандарга табылгыс азык.
Зыяны. Жүрөк-кан тамыр ооруларында (анын ичинде гипертония), сарык, псориаз, экзема, цирроз менен ооругандарга жана инфаркт, инсульттан жабыркагандарга жегенге болбойт.

КОЙ ЭТИ
Пайдасы. Этинин курамындагы лецитин уйку безин жакшы иштетет. Шорпосу гастриттен (кычкылы төмөн түрү) жабыркагандарга пайдалуу. Тиштин кариесинин алдын алат. Эн безинин барсылдагында (киста) жесе оорудан айыгууга жардамчы.
Зыяны. Этинин сиӊиши кыйын жана холестерин абдан көп. Көп жесе жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Кант диабети, гепатит, панкреатит, гипертония, холецистит, өттүн таш оорусунда, ашказан-ичегинин жарасы жана подагра менен жабыркагандарга кой эти сунушталбайт. Жаш балдарга, карыларга козунун этин берүү оӊ.

ЭЧКИ ЭТИ
Пайдасы. Уйдун жана койдун этине салыштырмалуу жакшы сиӊет. Койдукуна караганда холестерин төмөнүрөөк. Ашказан-ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Карылар, жаш балдар жана өнөкөт оорусу барлар оорусу курчубай турган кезде жей беришсе болот.
Зыяны. Кой этин кайсы ооруларда жеш сунушталбаса, эчки эти да ошолордо сунушталбайт.

КОЁН ЭТИ
Пайдасы. Эти жумшак, жеӊил, сиӊимдүү. Абдан диеталык эт. Этинин 90 пайызга жакыны сиӊет. Курамында холестерин төмөн болгондуктан жаш балдарга, карыларга, өнөкөт оорусу барлардын бардыгына болот.
Зыяны. Диатез, бөрү жатыш, энурезден жабыркагандарга болбойт. Оорусун күчөтөт.

ТООК ЭТИ
Пайдасы. Жеӊил, бат сиӊүүчү эт. Андыктан операциядан жана инсульт, инфарктан кийин тамак жасап беришет. Нерв системинин, жүрөктүн жана өттүн калыптагыдай иштешине көмөк берет.
Зыяны. Этинин курамында заара кычкылы көп болгондуктан көп жегендерде подагра жана таш оорулары (бөйрөктө, табарсыкта, өттө) жаралат. Эти кээ бирлерде аллергияны пайда кылат. Ошондуктан аталган оорусу барларга жегенге уруксат эмес.

ҮНДҮК ЭТИ
Пайдасы. Эти жеӊил сиӊет, өнөкөт оорусу жоктордун баарына жегенге болот. Ички органдары ылдый түшкөндөргө, энурезде, төрөттөн кийин шишикте жеш сунушталат.
Зыяны. Этинин курамында заара кычкылы көп. Көп жегендерде подагра оорусу жаралат. Ошондой эле бөйрөктө, табарсыкта, өттө таштар пайда болот. Андыктан аталган оорусу барларга жегенге болбойт. Үндүк этинде натрий көп болгондугуна байланыштуу жүрөк-кан тамыр оорусу барлар чанда гана тузун аз салып жегендери туура. Мындан тышкары төө эти кайсы ооруларда сунушталбаса, үндүк эти да ошолорго сунушталбайт.

КАЗ ЖАНА ӨРДӨК ЭТИ
Пайдасы. Организмде уулардын топтолушун четтетет. Жаштыкты узартат, жараларды батыраак айыктырат, көк боордун иштешин жакшыртат. Иммунитети төмөндөр жана кургак учук менен ооругандарга жакшы азык.
Зыяны. Сиӊиши кыйын, анын үстүнө холестерин көп болгондуктан жаш балдарга, карыларга, кош бойлууларга, жүрөк-кан тамыр, кант диабети, гипертония оорусу барларга бербей эле коюу оӊ. Берсе да төш этинен берүү керек.

БАЛЫК ЭТИ
Пайдасы. Курамында белоктон тышкары фосфор, цинк бар. Эти менен майы организмдеги жаман холестеринди чыгарат. Нерв системинин жана урук чыктагыч бездин иштөөсүн, эс-тутумду жакшыртат. Рактын, эрте алжып калуунун алдын алат. Чачты өстүрөт, теринин абалын жакшыртат.
Зыяны. Бөйрөк үстүндөгү бездин жана уйку безинин оорусу барлардын (панкреатит) оорусун күчөтүп жибергендиктен жегенге уруксат эмес.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close