alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Ооруну жеңген офицер

Ооруну жеңген офицер

👨‍✈ ООРУНУ ЖЕҢГЕН ОФИЦЕР

✍Аскерде кызмат кылган таанышым оставкага чыгып, көпчүлүктөн алыстаганына, ишсиз калганына капаланып, акыры кан басымы жогорулап, кант диабети менен да ооруп калыптыр. Күндөрдүн биринде кимдир бирөө дыйканчылык кыл деп кенеш берет. Сунушту кабыл алган офицер Таифтин сыртындагы аңыздан жер алып, чакан үй салып тирилигин уланта баштайт.

Арадан эки жыл өтүп, досторумдун бири абалынан кабар алганы барат. Барса, курсак салып, ынтыккан баягы досу жок. Арыктап, жаш жигиттей чапчан кыймылдап, көңүлү ачылып, кайгы көрбөгөндөй болуп калыптыр.

Анан кызыгы арткан досума бир күндүк кылган ишин тизмектеп бериптир:

— Эртең менен багымдаттан кийин Куран тилават кылам, хадис китептеринен окуйм;

Андан соң чуркап, басып дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасайм;

Эртең мененки тамактан кийин китеп окуйм, анча-мынча жазуу жазам;

Анан эшик алдындагы эгин-тегин менен алек болом;

Намаз убакыттары келгенде намаз окуйм, кыскасы, кечке дейре жан тынбайт. Мына ушинтип жаңы жашоо баштаган офицер экинчи жолу багыттын даамын татып, жашоонун ырахатын сезип отурган учуру.

Ал эми окубай, машыкпай, ибадат кылбай, жашоо агымынан четте калуу жана бекерчилик, кайгыга, ооруга, сарсанаага алып барат. Мына эми эки жолду тең билип алдың:

Бакчада сайраган эркин куштай бол, эшикке чык, бас, оку, тасбих айт, жаз, алдыңа максат-тилек кой, негизгиси турмушта кишенделип калба.

📚 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBpJs2jBOh9/?igshid=3htv5ks1fwbi

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button