✍»Рухул баян » китебинде Суюти (рахматуллохи ъалайхи) нин «Жаамиъус согир » жана Сахави (рахматуллохи ъалайхи) нин «Махасид «деген китебинен Ибну Умар (разияллоху ъанху) нун Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) дан бир хадис келтирилген: «Менин үмөттүмдө ар дайым беш жүз Алла Таалага жакын болгон жана кырк абдал (улуу таква) адамдар болот. Качан алардын бирөөсү дүйнөдөн кайтса, дароо анын ордуна башка бирөө келет «. Сахабалар сурашты: «Алардын өзгөчө амалдары эмне? » Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) айтты: «Зөкүрлөрдүн зөөкүрлүгүн кечиришет, жамандык кылгандардын жамандыгына жакшылык менен жооп беришет. Алла Талланын берген ырыскысы менен адамдарга жакшылык менен, ырайымдуулук менен мамиле кылышат «. Дагы бир хадисте айтылган: «Ким ачканын курсагын тойгузса, жалаңачка кийим берсе же мусаапырга түнөгөнгө орун берсе, Алла Талла ага Кыяматтын каардуу коркунучунан тынчтык берет «. Яхя Бармаки (рахматуллохи ъалайхи) Суфян Саури (рахматулохи ъалайхи) болсо ага сажыдада төмөнкүчө дуба кылды: «Эй Алла! Яхя менин дүйнөлүк муктаждыктардымды орундатып жатат, сен Өзүңдүн мээримиң менен анын акыреттеги муктаждыктарын орундат. Яхя (рахматуллохи ъалайхи) дүйнөдөн өткөндөн кийин адамдар аны түшүндө көрүп, кандай мамиле болгонун сурашты. Ал «Суфян (рахматуллохи ъалайхи) кылган дубанын берекетинен кечирим болду » -деп жооп берди.
Хадистин уландысында Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) ооз ачыргандын сооптору жөнүндө айтып кетти. Башка бир риваятта келет: «Кимде ким адалдан таап орозодо кедей -кембагалдарга ооз ачырса, орозонун түндөрүндө периштелер ага рахмат дубасын кылышат, ал эми Кадыр кечесинде Жабраил (алайхис салам) ошол адам менен кол алышып көрүшөт «. Жабраил (алайхис салам) ким менен кол алышып көрүшкөн болсо (кол алышып көрүшкөндүн белгиси) , анын жүрөгүндө жумшактык жана мээрим пайда болот жана көздөрүнөн жаш агат. Белгилүү хадис алымы Хаммад ибну Салама (рахматуллоху ъалайхи) тууралуу айтылган, ал күнүнө 50 адамга ооз ачар кылган.
Ооз ачуурунун пазилеттинен соң Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) орозо айынын башталышы рахмат экендигин айтты, башкача айткан бул мезгилде Алла Тааланын рахматты жаайт жана бул рахмат баардык мусулмандар үчүн. Ал эми ага шүгүр кылуучуларга рахмат көбөйө берет.
«Эгерде силер шүгүр кылсаңар, анда силерге сөзсүз көбөйтүп берем «.
Орозо айынын ортоңку бөлүгүндө кечирим күндөрү башталат, анткени орозого берилүүчү сооптор алгач кечирим менен башталат. Ал эми орозонун акыркы бөлүгү тозок отунан куткарылуу күндөрү болот.
Дагы көптөгөн риваяттар орозонун акыркы он күндүгү тозоктон куткарылуу күндөрү экендиги тууралуу сүйүнүчтүү кабарлар айтылат. Жогоруда айтылгандай орозо үч бөлүккө бөлүнөт. Менин оюмча рахмат, кечирим жана тозоктон куткарылуу болуп үч бөлүккө бөлүнгөндүн ортосундагы айырманын себеби төмөнкүчө. Адамдар үч түрдүү болушат:
1) Күнөөлөрү аз адамдар, аларга орозонун башынан баштап эле жакшылык жана рахматтар жаай баштайт.
2) Бир аз күнөөлүү адамдар, орозонун бир канча күндөрү өткөндөн кийин аларга орозонун берекетинен Алланын кечирими келип, күнөөлөрү төгүлө баштайт.
3) Көп күнөөлүү адамдар. Аларга орозонун көпчүлүк бөлүгү өткөндөн кийин тозоктон куткарылуу берилет. Орозонун башынан эле күнөөлөрү кечирилген жана рахмат -берекеге бөлөнгөн адамдар туурасында эмне десе болот?
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дагы бир нерсеге токтолуп кетти, ал кожоюндар өз кызматчыларына орозодо алардын орозо туткандыгы себебиненен кызматын деңилдетүүсү. Орозодо иш оор болсо, орозо кармоо ошончолук кыйын болот. Албетте иш көп болсо, орозо үчүн жумушчулардын санын көбөйтүп койсо, анда башка кеп. Бул жеңилдик орозо кармоочуларга гана, эгер орозо кармабагандар болсо аларга орозо айы же орозо айы эмес экендиги баарыбир. Өзү орозо кармабай орозо кармоочуну иштеткен, ошону менен катар эгер орозо жана намаздын себебинен жумуштан бир аз кечигүү болуп калса каарын төккөн, уясыз жана орой мүнөздүү кожоюн туурасына эмнесин сөз кыласын! …
«Ал эми зулумдук кылгандар кандай (оор) абалга кабылаарын жакында билишет «.
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи саллам) орозодо төрт нерсени өкүм кылууга өкүм кылды.
Биринчи -бул шахадат келмеси. Ал хадистерде зикирлердин эң абзели деп айтылган.
«Мишкатта » Абу Саъид Худри (разияллоху ъанху) дан риваят кылынат. Муса (ъалейис салам) бир жолу Алла Тааладан сурады: » Эй, Роббим! Сен мага ушундай бир келме үйрөт, мен аны менен Сени эстейин жана Сага кайрылайын «. Алла Таала ага: «Лаа илаха иллаллох,» келмесин оку «, -деди. Муса)(ъалайхис салам): «Эй, Роббим! Бул келмени сенин бардык пенделериң айтат. Мен өзгөчө өзүмө гана таандык нерсени сурап жатамын «, деди. Алла Таала айтты: «Эй, Муса! Эгер жетир катар асман, жети катар жер таразанын бир табагына коюлса, ал эми таразанын экинчи табагына жогорудагы келме коюлса, сөзсүз таразанын экинчи табагы басып кетет «.
Бир хадисте айтылган: «Ким ихлас менен бул келмени окуса бул сөздөрдүн урматынан ага асман эшиктери ачылат жана бул келме эч бир тоскоолсуз Аршка чейин жетет, эгер келме айтуучу пенде өзүн чоң күнөөлөрдөн сактап жүргөн болсо. Ошондой эле Алла Талланын эрежеси боюнча жалпыга зарыл болгон нерселерди көп берет. Жакшылап карап көрсөк, дүйнөдө эмне көп керек босо, ошол нерсе ошончо көп экендиги байкалат. Мисалы суу бардыгына керек, Алла Талла чексиз ырайымдуулугу менен сууну ошончолук кенен жаратып койду. Ал эми химиялык элементтер сыяктуу керексиз нерселер өтө сейрек кездешет. Ошондой эле Лаа илаха иллаллах келмеси дубалардын абзели. Көптөгөн хадистерде бул келмени эң улуу экендиги айтылган. Алла Талла бул келмени да ошончолук жалпы кылып койгон, аны окубай коюга эч кандай тоскоолдук жок, аны баары окуса болот. Эми ушунчалык баарына жалпы кылып койгондо да окубаса, анда бул анын жеткен бактысыздыгы. Көптөгөн хадистерде келменин артыкчылыгы, сооптору жөнүндө жазылган, аларды кыскартуу максатында жазганым жок.
Жогорудагы хадисте көп кылууга айтылган экинчи нерсе -бул истагфар. Хадистерде истигфар кылуунун көптөгөн фазилеттери айтылган.
Био хадисте: «Истигфарды көп кылуучуга Алла Талла ар түрдүү кыйынчылыктан кутула туршан жол ачып берет. Ошону менен катар ар түрдүү кайгы -капада боштондук берет жана күтүлбөгөн жерден ага ырыскыкысын жеткирет «, -деп айтылган. Дагы бир хадисте айтылган «Пенде баарыбир күнөөлү болот, бирок эң жакшы күнөөкөр -күнөөсүнө тообо кылса «. Ошондой эле башка хадистерде: «Качан адам бир күнөө кылса, анан жүрөгүнө бир кара чекит түшөт. Эгер ал тооба кылса, ал жуулуп кетет. Бобосо ошол бойдон кала берет «, деп айтылган.
Уландысы бар…
«Фазаил амал «китебинен..
»Бактылуулук Формуласы «.
ОРОЗОНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ (5)
Макаланы бөлүшүңүз
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз