alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Макалалар

ЖАКШЫ АДАМДАР БАР ҮЧҮН ДҮЙНӨ СУЛУУ!

Жакшы адам ким…?!

-Карыз сурап барганыңда карыз берген адамбы …Жок акбалыңдан кабардар болуп кыйынчылыгың өзү сезип,түшүнүп жардам колун сунган адам… «Жакшы адамдыр!!
»

-Хажга бардым деп, хажылыкка даба кылган адам эмес… Айланасындагы жарды -бечараларга аз гана болсо да жардам кылган адам «Жакшы адамдыр!»..

-Курабандыкка кой союп,бай,колунда бар өзү сыңар досторуна бөлүшкөн адам эмес…1 килограмдан болсо да мүмкүнчүлүгү болушунча муктаждарга таркаткан адам «Жакшы адамдыр! «..

-Үй -бүлөсүгө кабат -кабат үй салып берген адам эмес…Тамчада жашаса да ичкенге суусу,жегенге наны бар,аялынын көзүдө жашы жок адам «Жакшы адамдыр! «..

— Балдарын кем кылбай кийимдин мыктысын кийиндирген адам эмес…Тарбиянын мыктысын берген адам «Жакшы адамдыр! «..

-Он кыздын көңүлүн тапкан адам эмес…Бир кыздын жүрөгүнөн жай алган адам «Жакшы адамдыр! «..

-Токчулукта ырахат алып жашаган адам эмес…жокчулукта Сабр кылган адам «Жакшы адамдыр! «…

-Омадың келгенде дайыма сени менен болгон адам эмес..Омадың кеткенде жаныңда турган адам «Жакшы адамдыр! «…

Барыңарга шүгүр жакшы адамдар!

Жакшы адамдар бар үчүн дүйнөө сулуу,жашоо кооз, деңиз тынч көтөрүлбөй тынч толкуудо,асман кулабай жер жарылбай, күн,ай өз убагында чыгып, батып жашоо уланууда!

Жакшы адамдар бар үчүн кайгыңдын артынан сүйүнүч,бактысыздыктан артынан бактылуулук,караңгылык артынан жарыктык, кыйынчылык артынан жеңилдик келип жашооң уланууда!

Анткени Аллах Таалам жакшы адамдардын шарапаты менен жаман адамдардын кесепетин кечирип келүүдө!

Жашообузда жакшы адамдар көп болгондо жашоо нугу түп башкача болмок,”беш кол тең эмес “,”дүйнөдө адам деген толтура адам болуп жашагандар аз санда “дегендей,адамдар арасында жакшы болуп,жакшынын асылы болуп жашаган инсандар эсептелүү десек да болот. Ким жакшы болгусу келбейт? “Жакшы болуу аста -аста,жаман болуу бир паста “. Эгер билсеңиз жакшы адамдын атын уксаңыз көргүңүз келет,жанына барсаңыз аны менен көп -көп маектешип, акыл кеңештерин уккуңуз келет,айткан жанга жагымдуу сөздөрүнөн ыраахат алып,жан дүйнөңүздү тазартып,жүрөгүңүз дем алат.
Жакшы адамдын абалы кадимки бал аарыдай, же болбосо даарыканада сатылган даарыдай деп айтаар элем.

«Момун бал аарыга окшош,жакшыны жеп жакшыны чыгарат,эгер бутаккка консо,анын сындырбайт»(хадис) .

Жакшы адам болуу үчүн бизге үлгү боло турган инсан бар экенин билесизби?
Пайгамбарлардын төрөсү,бул ааламдын асыл инсаны,кыяматка чейин мусулмандардын нуру Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухммед (саллаллоху алейхи васаллам) . Ал инсан ушунчалык жакшы инсан болгон,Аллах Таалам «Оо,Мухаммед сен болбогондо мен бул ааламды жаратмак эмесиин! «-деп айткан. Аны көргөн курсагы ач жетим курсагынын ачтытыгын унутуп койгон,кечирими,мээрими менен душманын доско айланган,анын жүзүндөгү жылмаюсу кайгыга баткандардын кайгысын унуттурган..

Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) адеп-ахлагы ар бир киши үчүн эң кемчиликсиз үлгү: Ал — диний лидер, мамлекет башчысы катары үлгү, ошондой эле Алланын сүйүү бакчасына киргендерге да үлгү. Раббисинин ырыскы-ниметтерине карк болуп турса да шүгүрчүлүгү жана кичипейилдиги менен адамдарга өрнөк болгон. Кыйын кезең жана жерлерде сабыры, Аллага моюн сунуучулугу менен үлгү; согушта олжого кызыкпай, аларды муктаждарга тараткан жоомарттыгы менен, үйбүлөсүнө аталык мээрими менен, багар-көрөрү жок байкуштарга, бечараларга, кулдарга ыракымдуулугу менен ошондой эле кылмышкерлерге кечиримдүүлүгү жана айкөлдүгү менен үлгү болгон.

Эгер эсепсиз мал-мүлккө ээ болгон бай болсоң, бүтүндөй Арабстанга ээлик кылып, бүтүндөй араб урууларын өзүнө сүйүү менен багынткан ошол Улуу Пайгамбардын жөнөкөйлүгүн, айкөлдүгүн жана жоомарттыгын эсиңе ал! Эгерде карапайым калктан бирөө болсоң, Меккеде заалым, талоончул бутпарастардын тартиби менен өмүр сүрүүгө мажбур болгон Пайгамбарыбызды өзүңө өрнөк кыл!

Эгерде жеңиштерге жеткен колбашчы болсоң, Бадр жана Хунайн согуштарында душманын жеңген эркин толук Аллага берген эржүрөк Пайгамбардын өмүрүнөн сабак ал!

Алла көрсөтпөсүн, бирок жеңилүүгө дуушар болгон кездериң болсо, анда Ухуд согушунда шейит кеткен, же жараланып жерде сулап жаткан сахабаларын эч коркпостон кыдырган, Кудай Таалага тобокел кылган Пайгамбарды эсте!

Эгер мугалим болсоң, мечитте асхаабы суффага33 назик, сезимтал көңүлүнүн нурун төгүп, теңирдик буйруктарды үйрөткөн Пайгамбарды ойло!

Эгерде окуучу болсоң, өзүнө вахий апкелген Жабрайил периштенин маңдайында тизелеп олтурган Пайгамбарды элестет!

Эгерде үгүт-насаат айткан дааватчы-муршид болсоң, масжиди набавинин ичинде сахабаларына даанышмандык үрөнүн чачкан Пайгамбарды тыңша! Анын жагымдуу үнүнө кулак төшөп, көңүл кой!

Эгерде акыйкат үчүн күрөшүп, акыйкатты жайылтуу, акыйкатты туу тутуп көтөрүүнү кааласаң жана бул жолдо сени жөлөп таяган бир жардамчы, же кеменгериң жок болсо, Меккеде бардык жардамдардан куру калып, сүйөнөр–таянарсыз калган шарттарда заалымдарга акыйкаттыкты даңазалап, аларды хидаятка (туура жолго) чакырган Пайгамбардын өмүрүнө кара! Душманыңды жеңип, анын белин мертинткен болсоң, каршыңдагы тоң моюн душмандын мойнун бурап, алдыңа чөгөлөткөн болсоң, баатылды жоюп, акыйкатты даңазалаган болсоң, Мекке алынган күнү касиеттүү чөлкөмгө ээ бир колбашчы болсо дагы, чоң кичипейилдүүлүк менен төөсүнүн үстүндө башын ээрге сажда кылып аткандай абалда кирип барган Пайгамбарды көз алдыңа келтир!

Эгерде өздүк чарбаң (ферма) бар болсо жана аердеги иштериңдин ийгилигин кааласаң, Бани Надр, Хайбар жана Федек деген жерлерге ээ болгондон кийин аларды түзөтүп, эң жакшы жол менен башкара алчу кишилерди иштеткен Пайгамбардан өрнөк ал!

Эгер багар–көрөрү жок бирөө болсоң, Абдулла менен Аминанын жетими, боор эти менен бир болгон жалгыз сүттөй таза, күнөөсүз, нуру жанган жетимди ойло!

Эгер жетилген бир жигит болсоң, Меккеде агасы Абу Талибдин малын баккан, келечекте Пайгамбар болуучу жигиттин өмүрүнө кара!

Эгер соода кербендери менен жолго чыккан соодагер болсоң, Сириядан Бусрага баруучу кербендердин эң улугу болгон инсандын абалын жакшылап ойлон!

Эгерде казы, же сот болсоң, Меккенин уруулары бири-бири менен чабышмакчы болуп калган убакта Хажаруль-Асвадды Каабадагы ордуна коюуда Анын адилеттүү жана баам-парасаттуу чечимин ойло!

Кайрадан карт тарыхка карек оодарып, Мадинадагы Масжиди Набавида олтуруп жокчулук ичиндеги бей-бечаралар менен байлык ээси байларга бирдей мамиле кылып, инсандарга эң адилеттүү түрдө өкүм берген Пайгамбарга бир кара!

Эгерде үй-бүлөлүү болсоң, Азирети Кадича менен Азирети Айшанын жубайы болгон Ал куттуу инсандын таза адеп-ахлагына, терең сезимталдыгын жана мээримдүүлүгүн байка!

Эгерде ата болсоң, Фатимат-уз-Захранын атасы жана Азирети Хасан менен Азирети Хусейндин таятасы болгон бул улуу инсандын аларга кылган мамилесин үйрөн!

Сен кандай даражада болсоң да, кандай шартта болсоң да, эртели-кеч ар убак Азирети Мухаммедди (саллаллоху алейхи васаллам) өзүңө табылгыс жолбашчы катары көр! Ал ушундай кынтыксыз муршид болгондуктан, анын сүннөттөрү аркылуу кетирген бардык жаңылыштарыңды оңдой аласың…

Жүрүшпөй калган иштериңди жүргүзөсүң. Анын нуру менен жолбашчылыгынын аркасында турмуштун түркүн тузактарынан кутулуп, чыныгы бакытка жетет.

Чынында эле Анын адеп-ахлагы өтө сейрек кездеше турган жыпар жыттуу назик гүлдөрдөн куралган гүлдестеге окшош.

Мына сен издеген жакшы инсан,сен кумир кыла турган,сен туурап жашоосунан үлгү ала турган,сен суктанып кандай жүрсө ошондой жүрө турган,сен адеп -ахлагынан,жакшы мүнөзүнөн өзүңө камтый турган, сен адашсаң жолуңду көрөсөтө турган,сен кайгы кыйынчылыкка батсаң жүрөгүңб.тынчтык,ыраахат тартуулай турган инсан ушул Улуу Пайгамбарың болот! Жакшы инсан болом десең жакшыга жанаш, жамандан адаш! Жакшылар менен болсоң акыретте да ошолор менен болосуң ин ша Аллах!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button