alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Каниет

Каниет

🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍 КАНИЕТ!

✍Нух пайгамбардын заманында адамдар 2500-3000 жыл өмүр сүрчү экен. Бир күнү бир аялдын баласы каза болот. Аял абдан кайгырып көз жашын төгөт. Анын көңүлүн жубатуу үчүн бир акылман адам келип:

— Эмне мынча ыйлайсың, Алланын тагдыры ушундай, — деп, көңүл айтат. Тиги болсо:

— Мен тагдырга нааразы болуп ыйлаган жокмун, баламдын аз жашап кеткенине өкүнүп жатам, — дейт.

— Балаң канча жашта эле?

— Эки жүз жетимиш беш.

— Сен ушуга ыйлай турган болсоң, акыр заманда келе турган адамдар эмне кылсын? Алар болгону 60-70 жыл жашашат.

— Алар чын эле ошондой аз жашайбы?

— Ооба.

— Андай болсо алар үй салышпайбы?

— Алар бир эмес, бир канча үй салышканга жетишет.

— Мен алардын ордунда болсом, чатырымдын казыгын да жаңылабайт элем.

Булагы: «Бейиш гезити»

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBVljdXhhoq/?igshid=1afch34e5vyem

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button