alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Сүйүү

Сүйүү

📍 СҮЙҮҮ

✍Сүйүүнүн чеги жок. Сүйүңүздөр! Сүйүү — бул Жараткан берген эң улуу сезимдердин башаты. «Сүйүү жаратат, караөзгөйлүктү талкалайт».

Кимди сүйөбүз?

Аллахты сүйүңүз, Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (с.а.в) ды сүйүңүз, Куранды, ибадаттарыңызды, ата-энеңизди, өмүрлүк түгөйүңүздү, балдарыңызды, бир туугандарыңызды, ааламды, табиятты, туулган жерди, кумду, ташты, ал эле эмес пайда болгон көйгөйдү да сүйүү аркылуу жүрөгүңүздөн өткөрсөңүз, ал өзүнөн-өзү эле чечилет. Дүйнөдөгү бардыгын жүрөгүңүздөн өткөрүңүз, сиз үчүн бул ааламда негативдүү эч нерсе калбайт. Дагы башка жакындарыңызга сүйүүңүздү билдириңиз, айтыңыз.

Сүйүү ооруган адамга эң сонун себепчи дары болот, сүйүү адашкан адамга туура багыт берет, сүйүү максатсыз жашоого маңыз берет. Андыктан ар дайым сүйүңүздөр жана ар дайым сүйкүмдүү болуңуздар.

Эскертүү: Азирети Анас(ра) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын мындай дегенин риваят кылат:

лаа ю’мину ахадукум

араңардагы эч бир адам момун болбойт,

хатта акууна ахааба илайхи

мен ага сүйүктүүрөөк болмоюнча.

мин ваалидихий ва валадихий ван-нааси ажмаъийн

атасынан да, балдарынан да, дүйнөдөгү бардык адамдардан да, («Бухарий», Китаабул – ийман, Баабу хубби-Расула минал-иймани, 15-хадис)

Жалпысынан, алганда көптөгөн адамдар өздөрүн мусулман деп айтышат. Өздөрүн нукура момун деп айтышат. Башка адамдар менен кайсы бир маселе боюнча пикир келишпестик пайда болуп калса, аларды каапыр дей башташат жана Ислам алкагынан айдап салышат. Мына ошондой адамдар кээде башкаларга көрсөтүү максатында сыртынан намаз-орозону да аткарышат жана өздөрүнүн сыртынан көрүнүүчү Исламды да өтө көйрөңдүүлүк менен билдиршет.

Бирок жогорудагы эки хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) нукура мусулман болуу үчүн койгон шарт төмөнкүдөй: анын жүрөгү Алла тааладан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын сүйүүсүнө жык толо болушу керек. Мейли ал ата-энесин сүйсүн, мейли өз балдарын сүйсүн, мейли өз жубайына жумшак көңүлдүк жана мээримдүүлүк менен мамиле кылсын, бирок эгер бир адамдын жүрөгүндө туугандарына болгон сүйүүсү, жакындарына болгон сүйүүсү, уулдарына болгон сүйүүсү анын дилинде Мухаммад Пайгамбар(сав)га болгон сүйүүсүнөн да катуураак болсо, анда ал адам чыныгы момун эмес.

Көкүрөгүндө дүйнөдөгү ар бир тууганчылыктан, ар бир жакынынан да Мухаммад Пайгамбар(сав)дын сүйүүсү жана ышкы катуураак болгон адам гана чыныгы момун боло алат. Ошондой эле ушул сүйүү тек оозеки эле болбостон, ураандарды кѳтөрүү жолу менен гана билдирилбестен, чыныгы жана нукура сүйүү болушу керек. Белгилүү болгондой, эгер бир адам өзүнүн ата-энесинин сөзүнө кирсе, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын буйругун аткарбаса, эгер өз балдарын сүйсө жана аларды сүйгөндүктөн алардын талаптарын аткарса, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын буйруктарына моюн сунбаса, анын мен Мухаммад Пайгамбар(сав)ды сүйөм деген билдирүүсү – бул алдамчылык гана.


📚 Булагы: «Ойлон, ойгон»

Даярдаган: Зикиралла кызы Махарам

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button