alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Куптанды окубай жатып, эртең менен кабырда ойгонгонуңду элестет…

Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм.

Намазда имамдан алдын
сажда же рүкү кылуу, хадисте келет:

«Кымат күнү алардын баштары ит жана эшектин башына айланган абалда тирилишет !”-деп келет..

Намазда имам Фаатиха сүрөөсүн окуп бүткөндө, (ичтен, Аамийн) деп айтса,
анын айтканыменен Периштелердин
Аамийн дегени бир убакка дал келип,
тең айтылып калса анда ошол адамдын
жасаган бүт күнөөлөрү кечирилет .
Намаздан соң, Аят-алКурсийди окуса,
анын бейишке кирүүсүнө өлүм эле тоскоол болуп турат, б.а.
өлсө эле бейишке кирет деп келет..

Ким эгер намаздарын тургузбаса,
басып жүргөн жер айтат:
— Эй күнөөкөр, үстүмдө баспасаң
жакшы болот эле деп..
Кийген кийимдери:
— Бей намаз кийгенге караганда,
намаз окуганы кийсе жакшы эле деп..
Жашаган үйү айтат:
— Сен намаз окуй элексиң дагы эле,
намаз окуп кел же келбей эле койсоң
болмок — дейт.
Жеген тамак-ашы тилге кирип,
аттиң мени жесең денеңде калып,
кийин мүрзөңдө мен да кошулуп
азапталып калбасам эле —
деп жаман көрөт экен.
(Бе намаздар) аттуу китепте
мындан да каттуу айтылат .

Билесизби тууганым ?
Адамдардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө
жогорку билимге ээ.
Адамдар бүгүнкү күндө самалёт айдоону,
жасоону, темирди учурууну билди.
Ракета менен айга жетти. Роботторду иштеп чыкты, техниканын эң бир өнүккөн чегинде десек болот.
Акылдуубуз деп,
ар бир нерсени изилдеп чыгышты,
бирок ошол нерселерди
Жараткан Затты тааный албай келишет..

Өзүңүздү эле караңыз.
Чачыңыз каяктан өсүп жатат?
Баштын ичин ачсаңыз бир дагы чач жок,
бирок өлгөнгө чейин
кырксаң деле чыга берет.)
Тырнактарды караңыз,
өсөт кыркып саласыз, кайра өсөт
дагы кыркасыз кантип өсүп жатат?
Чачыңыз өсөт экен боптур,
ошонун жанындагы кашыңыз эмнеге өспөйт? Колдоруңуз, бутуңуз,
боюңуз өсүп эмнеүчүн мурдуңуз өспөйт?
Бармак издериңиз,
Адам атадан баштап кыяматка чейин
келе турган баардык адам балдарынын,
колдорунун бармак издери,
бириси дагы бири-бирине окшош эмес!
Аллах Таалам Куранда:
«Биз силерди бармактарыңардын издерине чейин, кайрадан жаратып тирилтебиз”-дейт.

Эгерде, колуңуздун чыканагын эле
бүгүлбөй турган кылып койгондо
каанча кыйналат элеңиз,
бутуңуздун тизесин бүгүлбөй турган кылып койгондо,
канча кыйналат элеңиз,
колуңуздун манжаларын бүгүлбөй турган, моюнуңузду буралбай турган,
белиңизди ийилбей турган кылып койгондо, көзүңүздү колтуктун астында кылып, мурунду буттун астына жайгаштырып койгондо каанча кыйынчылык жашоо болмок..
Олтура турган жамбашты жакшы дагы
жумшаак кылып берген..
Эгер темирдей каттуу кылып койгондо,
отуруп-туруп күндүгө бирден
шым жыртат элек да)))

Буттун тапанын каттуу кылып койсо,
күндүгө байпак алмаштырат элеңиз!)
«Лааа тухсууха!” Аллахтын неъматтарын
эсептесеңер, эсептеп
эсебине жете албайсыңар !
(Иброхийм сүрөөсү).

Бир жигит Аллахтын кемчилигин таптым
деп элге жар салат да айтат:
«Тээтиги өсүп турган жаңгак дарагы,
мөмөсу кичинекей, бирок өзү чооң экен.
Анын жанындагы ашкабактын сабагы
кичине болгону менен мөмөсү чооң экен, ушул Жаңгактын ордуна ашкабакты өстүрүп, кийчинекей тамырчаларга кийчинекей жаңгакчаларды өстүрбөптүр”-деп ойго батыып жатып,
жаңгак дарагынын астында көзү илешип
уктап кетет..
Ушунчалык жакшы уктап жатса,
көзүнө бийииктен жаңгак келип түшүптүр. Ошол замат жанагы жигит тообо кылды дейт.
Эгер жаңгак эмес, чооң ашкабак көзгө түшсө эмне болмок эле ээ?)

Аллах Таалам Даанышман!

Хадисте келет:
Бала төрөлөйүн деп жатканда
эки периште келип ,
баланы эненин ичинен чыгарууга аракет кылышып, тартат, ары түртөт,
чык дейт, кыскасы чарчашат ..
Эмне кылаарын билбей,
Аллах Таалама барып:
Чыкпай жатат !- дегенде
ушундай өкүм берет:
— Баланын башын Мага сажда кылган абалда чыгаргыла !-дейт.

Периштелер келип,
баланын башын биринчи кезекте тышкары каратып, түртөбү же тартабы
эптеп чыгарат ..
Мишкат Шарифте айтылат:
Бала башын чыгарганда Шайтан алайхи лаана келип, башы чыккан баланын мурдун, сөөмөйү жана ортоңку манжасы менен кысып, думчуктуруп ,
баланын духун сындырып коёт)..
Бала кыйналып ыйлаганда,
эмне кылуу керек ?

Шайтан канткенде качат?
Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтү, атасы баланын кулагына аста
Азан айтуусу керек, аны уккан шайтан
Равхага же кыскасы
кайерге болсо да качат ..

Оң кулакка азан айтып,
сол кулакка коомат айтуу сүннөт..
Ушул бала чоңоюп, киши болобу,
ак сакал болобу көз жумганда,
жаназа намазы окулат.
Өзү негизинен Намазга азан менен коомат айтылат,
эмне үчүн жаназа намазына азан менен коомат айтылбайт ?
Себеби, жаназа намазынын азан менен кооматы төөрөт үйүндө айтылып коюлган, ошондуктан айтылбайт .

Кечээ гана Сулайман Тоого чуркап чыгып, чуркап түшчүү балбан бир тууганыбыз өтүп, акыретке сапар алды.
Андан сырткары тез-тез эле
өлгөндөрдү,күйгөндөрдү көрүп жатабыз.
Кийинки кезек бизде болуп жүрбөсүн .

Канча деген адамдар өтүп жатат,
жаназага катышып жатабыз,
башкасын көрүп жатабыз сабак албайлыбы ошондон ?
Мүрзөгө экскурсияга чыккандай,
машинелер менен той сыяктуу ээрчишип
чыгып чекеде олтуруп-олтуруп,
казандан шорпо-ашты алып ичип,
өзүбүздү өлбөөчүдөй алып жүрөбүз!

Намаз окууну үйрөнөйлү туугандар!
Мейли аз-аздан болсо дагы..
Сиз менен биз мусулманбыз,
бирок арабызда 30-35жылдан бери
башы саждага тийе электерибиз бар.
2 жылдан бери Багымдатка тура албай
күн чыкканда окугандар бар.
Кээ бирлери өмүрү бир гусул
албастан, мечитке кадам баспастан өтүп бараткандар кездешпей койбойт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айткан:

«Ыйман жана каапырлыктын ортосундагы айырма — намазды таштоо.
Пенде менен каафырлыкты бириктире турган нерсе — намазды таштоо.
Намазды таштоо адамды каафырлыкка жеткирип коёт”-деген.

Намаз окубай таштап коюу бул
каафыр адамдын иши да.
Намаздын парз экенин билип туруп окубай жүрүү чоң күнөө ал үчүн,
азапталат, жооп берет.
Ал эми намаз окубай деле койсо болот деп, Парз нерсени жокко чыгарган адам
ыйманынан кур жалак калат.

Момун адам менен ыймансыздын ортосунда намаз бар дегени,
Адам Аллах Тааланын жалгыз экенине
ыйман келтирдиби ага эми намаз окуу
милдет, анткени бул
Жаратуучунун өкүмү!

«Иннас солаата танхаа ъанил фахшааа’и вал-мункар, Чындыгында намаз (адамды)
күнөө жана уят иштерден,
одоно кылык-жоруктардан кайтарат!”
(Анкабут — 45)

Сиздин окуган намазыңыз,
сизди сөгүнгөндөн,
көрө албастык, текебердик,
менменсинүү, ичи тарлык, жаман сөз
иш-аракеттерден кайтарбаса,
окуган намазыңызда ката бар!
Намазды оңдоп окуңуз,
анткени ар бир намаз окуган адам оңолушу керек эле.

Башка бир хадисте:

Бир кишинин үйүнүн астында
агып турган дарыя болсо,
ошол киши дарыяга күнүнө беш ирет киринсе анда кир калабы ?
Калыуусу мүмкүн эмес!
Дал ошондой,
беш убак намаздын берекетинен
Аллах Таала күнөөлөрдү кечирет !
(Бухари, Муслим,
Тирмизий, Насааи жана ибну Маажа).

Беш маал намаз окуган кишинин
денесинен күнөөлөр,
дарактан жалбырактар күбүлүп
түшкөндөй, күбүлүп түшөт !
(хадис Сахих Насааи риваяты).

Намаз бул момундарга берилген белек.
Бирөө сизге белек берсе,
ушунчалык барктап,
кадырлап сактайсыз.
Аллах берген белекти кадырлайлы.

Намаз диндин беш түркүгүнүн бири.
Намаз окуу тууралуу, аны таштап койсо кандай жазаалар бар экени,
окубай жүрө берсе эмне болот,
баарысы тууралуу миңдеген хадистер бар, аларды айтып чыгуу кыйын иш.
Бир эле сөз айтамын:
— Адам баласы, мусулман адам
акыретте эң биринчи Намаздан суралат.
Намазы жакшы болсо,
башка амалдарынан сурак алынат.
Эгер намазы жок болсо,
анда башка амалдардан сурак алынбай,
күнөөгө жооп берет..

Кол телефонуңузга кээде:
«Паланча дүйнө салды,
пүстөнчөдөн айрылдык!” — деген кабарлар келет.
Бир ааз өтпөй балким ким билет
сиздин бул дүйнөдөн өткөнүңүз тууралуу башка бирөөнүн кол телефонуна кабар барып жүрбөсүн ?
Намазга жыгылайлы,
мечиттерге кадам таштайлы.
Билгендерибиз билбегендерге үйрөтөйлү, билбегендер билгендерден
барып сурайлы !
Эмне үчүн намаз окуган жоксуң? — деген
суроо берилбесе дагы,
Эмне үчүн намаз окууну үйрөнүүгө
аракет кылган жоксуң !- деген
суроо сөзсүз берилет ..

Бүгүнкү күндө жаштар,
түз жүрөйлү, ыймандуу болойлу деп айтышканы менен
амал түрүндө аракет кылышпайт .
Интернетте эле ыймандуу болуп
шейх көрүнө бербей
жашоодо дагы
ыймандуу болууга умтулайлы !

Түн кирип, эс алып жатып
эрте менен көзүңүздү ачсаңың
кабырда ойгонуп калсаңыз,
Намаз сизге нур болот же
кыйынчылыктын үстүнө кошумча азап болот ушуну унутпаңыз !
Өтүп жаткан ар бир жылыбыз,
ай-күнүбүз, апта, сааттар, секунда бул
сизге бизге берилген чооң белек,
Акырет үчүн
даярданууга берилген — Мөөнөт !

Эгер ушул сөздөрдөн таасир алып
намазга жыгылып, жай намаздын үстүндө
дубаа кылып олтурганыңызда
биздей күнөөкөрдү да дубааңызга кошуп коюңуз !)
Эгер намаз окугандар болсо,
башкаларга жеткирейли..
(эскертүүлөр).

Ас салааму алайкум ва
Рохматуллоохи ва Барокатух .

Авт: Али Оши.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button