alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Якутск шаарында эмгектенген мекендештерибизден кабар алып, алар менен жолугушууларды өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Якутск шаарында эмгектенген мекендештерибизден кабар алып, алар менен жолугушууларды өткөрдү. Иш-чарага дин аалымы Абдулазиз ажы Юлдашев катышты.

Мекенибизден алыс жерде эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуу учурунда Сүйүмбек ажы Жусубалиев ыйман, адеп-ахлак, адал эмгек, үй-бүлө баалуулуктары, бала тарбиясы, чынчылдык боюнча баяндамаларды жасап, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

«КМДБнын жыл башындагы иш планынын алкагында мекендештерибиздин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалымат берип, дин аалымдары менен биргеликте баяндамаларды уюштуруп келебиз. Чет жерде окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз дагы терс диний агымдардан оолак болуп, аларга туура багытты көрсөтүү керек»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button