МакалаларРубрикасыз

Ысырапкорчулук – кулдукка алып баруучу жол

Ислам дининде болсун, дүйнөлүк илимдерде болсун, улуу ойчулдардын, саясатчылардын жазгандарында болсун ысырап кылуу, байлыкты маанисиз чачуу өтө чоң айып катары белгиленет. Эл байып, турмуш жакшырган сайын, ысырапкорлор көбөйүп жатат. «Чөптү ысырап кылсаң, көзгө зыян», – дейт кыргыздын элдик педагогикасы. Бүгүнкү ысырапкорлуктун зыянын эртең тартып калбайбызбы?.. Ойлонуңуз, окурманым!.. Тойго бай кыргыз… ойгочу?

«Кыргызды кыйнаган той», – деп качантан бери эле айтып-жазып келе жатабыз. Компартиянын убагында тойду токтотобуз дегенбиз, комсомолдук той дегендерди чыгарып да көрдүк. Ошентсе да, той токтобой, кайра анын башка формалары, жаңы жолдору пайда болду. Илгери туулган күн дегенди билбеген кыргыздар текши туулган күн өткөрүшүп, атүгүл, айрымдар аны баюунун бир жолуна айлантып алды. «Тапканың тойлорго буйрусун» деген да сөз бар, «той деп жүрүп, кошумча кошо берип түгөнүп бүтмөк болдум», «ушул аш-тойлор сойду» дегендей наалыган сөздөрдү да угуп калабыз. Салижан Жигитовго окшогон антитойчу кыргыздар да какшап жүрүп өтүп кетти.
Шаарларда баягы кыйынчылык болгон 1993-1997-жылдарда да той токтободу, кайра банкет залдарына 500-1000 киши сыйган ресторандар өсүп чыкты. Алардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Атүгүл Ош-Кызыл-Кыя жолунун ээн талааларына да тойканалар курулуп кетиптир. Кыргыздар той бергендерге карата «канча союптур», «жылкысынын казысы канча чыгыптыр» деп айтышып, эми ага кошуп «тою өзүн өзү жааптырбы», «канча түшүптүр», «атактуу ырчылардан кимдер келиптир», «тамадасы ким экен» дешчү болду. Тойду тейлеген флористтер, ырчы-бийчилер, тамадалар, музыканттар, официанттар, тортчулар 4-5 саат болуп коюп, кыргызбайдын 50-60 миңин кагып алып кетип калат…
Биздин кошуна Тажикстанда 2010-жылы той-топурду кыскартышып, жалпысынан, болжолу, 3,63 миллион доллар үнөмдөгөн, башкача айтканда, тойлорго бир жылда 90,9 миллион доллар гана каражат сарптаган. Буга себеп, 2007-жылы Тажикстанда «Салттарды, салтанаттарды жана үрпадаттарды тартипке келтирүү тууралуу» мыйзам кабыл алынган да, анын натыйжасында Өкмөттө атайын комиссия түзүлгөн, алар ар бир тойго норма койгон, андан ашып кетсе, жоопко тартылган, ошондойлордон 157 иш сотко кетип, 147 киши 116 миң доллар айыппул төлөп чыккан.
Мындай чечимди быйылкы жылы Өзгөн райондук кеңеши да киргизген, 2011-жылдын 28-январындагы сессиясынын чечими боюнча ашыкча той бергендер, же маркумдун зыйнатына ашыкча мал сойгондор 25-50 миң сом айыппул төлөшү керек деп чечкен. Ушул сыяктуу чечимдер кагазда гана калып, тойлор күчөгөндөн күчөп келет.
Азыр эки жаш баш кошордо «сөйкө салды», «бата той», «кыз көрүү», «күйөө бала көрүү», «учук сапташмай», «төшөк капташмай», «сеп көрмөй», «тойдун масилааты», «кудалардын эшик-төр көрмөйү», «ата көрмөй», «мал соймой», «ЗАГС», «чубалган машиналар менен ойноп келүү» (мында кымбат лимузин менен бир түстөгү «Лексус» же «Мерседес S-500, S-600» машиналары тандалат)… дегендей салттар чыкты, анан той, тойдон кийин дагы толгон салтанаттар. Мына ушунун баары асманга учкан акчалар менен коштолот. Той башы болуп жүргөндөрдүн бири Эшенкул Барпиев биздин салт тууралуу «алты саатта он төрт тамак жейт экен, бул эмне деген ашказан, колуман келсе алты жолу айлантып Нобель сыйлыгын берет элем» деп ачуу чындыкты катуу какшык менен согуп жатпайбы. Ислам дининдеги каражатың жок болсо кара сууга нике кылып койгула деген насаат шоона эшпей, адамдар бири-бирин кууп, той артынан тойлор дүңгүрөп бара жатат.
Айрым бир эсептөөлөргө караганда, жыл сайын той-тамашаларга жана адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатына 2 миллиард доллардан ашык каражат коротулат экен. Жашоо шарты эң оор деген Баткен облусунда эле бир жылда 1,5 миллиард сом тойлорго чыгышталганын эсептеп чыгышкан. Ошентип, биз тойго чачып атабыз, чоңдорубуз донорлордон карыз сурап келишет, карыз турат, ал карыз тууп атат, келечек муундарга өтүп атат, алар менен биздин болсо ныпым ишибиз жок, ой-санаабызда кезектеги той… Мына, дагы күз. Күз – күрөш… Тойлордун күрөшү. Өткөндө бирөө айтат: Таласта былтыр төө буурчак кымбат болуп, тойлор укмуш көп болгон деп. Көлдүктөр ушул учурда картошкасын сатышып, сатканына өкүртө той берип атышыптыр. Ноокатта болсо алмалар пул болбой, кээ бир той беребиз дегендер токтотуп турат дешет. Көрсө, кыргыз байыса, малдан, жерден пайда тапса, анысын өндүрүштү өстүрүүгө, бизнес кылууга, балдарын окутуп-чокутууга эмес… той өткөрүүгө, тойлорго барууга жумшайт экен. Бир жерде бир окуу жайынын директору мугалимдерден сурайт дейт: «Эмне, бүтүрүүчү курстар быйыл күйөөгө кетпей калдыбы, тойлук келбейт го?» – деп. Антсе, тигил мугалимдердин бири айтат дейт: «Быйыл күз жакшы болуп, жайлоодон мал түшпөй жатпайбы», – деп. Анын сыңары, жайлоодон мал түшөрү менен кыргыз акең аларды кырып жеп кирет.
Ошентип, күздө кыргыздардын тойлор сезону күчөп турган кези. Анан калса, тойлордун да түрү көбөйүптүр: адам туулгандан баштап өлгөнгө чейин той, той жана дагы той. Өлгөнү да той. Адамдарга арнап той берер шылтоо таппай калса, күлүк атынын мөөрөй утканы – той, коюнун тууганы – той, уюнун ууз тою, козу бышкан той, эчкисинин эгиз улактуу кылган тою, күрпүнүн бир кар баскан тою… Той, дагы да той… Бала мектепке барса – той, китеп алса – той, жакшы баа алса – той, «Алиппе» майрамы, класстан класска көчкөн той. Той, той артынан той… Кыргыздын беш-алтоо биригип, бир койдун этин салып, жеп койгонун көргөн бир чет элдик: «Бул эл өмүрү байыбаса керек», – деп басып кеткен дешет. Эгемендүүлүк алганы азайып кеткен малдын башы кыйла көбөйүп, тойлордун ооматы жүрдү. Кыргыздарга эң таасирдүү бата – «Тапканың тойлорго буйрусун!» Ооба, тапканың тойлорго буйрусун! Жакшы сөз!.. Бирок дал ошол жакшы сөздүн артында улуттук трагедия жатат. Бир ишембиде Кочкор тарапка жол алып калдым. Жолдо кеминде элүүдөй чоң машина менен жылкы, уй алып келе жаткандарды көрдүм. Жок эле дегенде, эки-үч саат аралыгында эки жүздөй кара мал кыргыз тоолорунан Бишкекке, Токмокко, Казакстанга карап келе жатат.
Ушулардын дээрлик 70-80 пайызы тойлорго сарпталат. А той дегениң, экономикалык ыңгайдан алганда, «жедиң, ичтиң, жыйынтыгы – жакырландың», болду, бүттү, андан эл, мамлекет байып кетпейт. Кайсыл өлкөдө тойлор көп болсо, ошол өлкө жарды болот. Бул, дагы кайталап айтам, экономикалык жактан. Албетте, тойдун оң жагы да көп, бирок азыркы экономикалык кыйын абалда турган чакта айтарыбыз – анын тескери жагы. Тойлордун каадалары ушунчалык көбөйүптүр, 20 жылдык, 30 жылдык деп отуруп, ата-бабалардын 500, 1000 жылдыктары белгиленчү болду. Болгондо да айрым тойлор мамлекеттик масштабда, министрлердин, губернаторлордун, акимдердин колдоосунда, карапайым адамдардан кыйнап акча топтоо жолу менен өткөрүлүүдө. Тойлордун эң жаман таасири – ушул баланчадан мен кем каламбы, элдикин жедим, мен да аларга беришим керек деген куру намыс. Дал ушул куру намыс ансыз да жакыр жашаган элеттиктерди ансыз да жакырчылыктын сазына түртөт да, жалпы өлкөнүн өрүш алышына терс таасирин тийгизет.
Ушул үчүн Салижан Жигитов тойлорго мораторий жарыялаш керек деп жүрбөдүбү. Тойлор канчалык көбөйүп жаткан сайын, экономикабыз эңшерилип, элибиз кыйналып барат. Тойлор, кайрадан тойлор, бир күндө эки-үч тойго чакырык алган, ар бир тойдо этти кыя жеп, май чайнап аткан кайран кыргыздар дейсиң… Өлгөндүн өзүнүн шору, тирүүлөрдүн болсо тою Эң эле оор салт азыр өлүк чыгарган үй-бүлөгө түшкөн чыгымдарбы дейсиң. Бул күн бирөө үчүн – кайгы, бирөө үчүн – курсагын тойгозуучу күн, бирөө үчүн – ушакка тема. Кыргыздар бул жагынан мусулман деле болбой калгандайбыз, шарият өлүк койгондо мал сойбо дейт, а биз аны укпайбыз, соё беребиз. Кимдин үйүндө карысы болсо, анын үйүндө ырысы болбой эле, семиз, байлануу, жок эле дегенде, бир жылкысы болушу керек. Карыган атаэнесинин балдары эң жакын адамдарын жоготуп алуудан корккондон да аларды узатуу шаанисин өткөрүүдөн коркушат. Жакын адамыңды жерге берүү аябагандай ташпиш арттыргандан тышкары оңбогондой чыгым келтирет. Мисалы, Түштүктө өзбектер өлүмгө келген адамдарды бир кой менен, бир казан аш менен узатат. Аза тутуп атан маркумдун жакындарына коңшу-колоңу тамак алып келип берип турат.
Ошол эле айылдагы кыргыздардыкына барсаң, 400-500 адамга палоо басат, жаназага келгендердин ар бирине үч-төрттөн нан алат, конфет, май, бал коёт, эң эле жок дегенде, 1 жылкы же 1 уй соёт, ага сөзсүз 2-3 кой кошулат. Сандыктар ачылып, бокчолор сөгүлүп, сарпайлар сарпталат. Үчүлүгү, жетилиги, бейшембилиги, кыркылыгы, айттыктары, жылдыгы (ашы) деп кете берет. Булардын чыгымын эсептесең төбө чачың тик турат. Баягы жылы Садык Шер-Нияздын «Парз» деген сөзү жок киносу чыккан, анда жигит абактан бошоп келген соң, атасы каза болуп, анан кара ашына эмне соёорун билбейт да, жылкы уурдап келип, балалык парзын аткарат да, кайра колуна кишен салынып келген жагына кете берет. Ушундай биздин турмуш. Бир жылда жакынынан айрылган миңдеген эмгек мигранттарыбыз алыскы жолдон не бир чыгымга учурап маркумдун кара ашына, кыркына, жылдыгына, эстелигин көтөргөнгө, ашына деп келе жатканын, анын баары акча экендигин ойлоп каңырыгың түтөп кетет. Элди шорлонткон эстеликомания Кыргыздын байыбай жатышынын дагы бир оорусу – «эстеликомания» дарты менен ооруп калгандыгы. Мүрзөлөр эстеликке толгон, көчөлөр эстеликке толгон, эстелик, эстелик…
Эстетикасы жок эстеликтер эмне деген акчаларды жеп кетти? Ар бир айыл, кокту-колот өздөрүнүн баатырларынын эстеликтерин коюп, ага каражаттын баары элдин чөнтөгүнөн алынат. Бул эстеликтердин кунары да, тарбиялык таасири да жок, алар куру намыс менен гана курулат, бир тобу чоң айкелдердин жупуну гана көчүрмөсү болуп калган. Эстеликтерди курууну жарышка, мелдешке айландыруу акыры жакшылыкка алып барбайт. Айткандай эле, эсепсиз эстеликтерди кура берүү, эстеликомания оорусу ушул учурда эсибизди оодарып отурат. 2009-жылы Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкек шаарынын мэрлиги борбор калаанын борбордук «Ала-Тоо» аянтын жаңы долбоор менен жасалгалап, мурдагы Нооруз майрамы, Эгемендүүлүк майрамы, оппозициянын митингдери өткөрүлүүчү аянтты кайра оңдоп, чөп саатты, түстүү суу бүрккөндөй көрүнүүчү оргуштаманы орноткон. Ошол комплексте аянтты айланта «Манас» эпосунун каармандарына арналып эстеликтер коюлган. Алардын ачылышына ошол кездеги мамлекет башчысы өзү катышып көргөн. Анан эле 2-3 күндө айрым айкелдердин колу сынса, айрымдары чийилип, бузулуп калган. Анысы го ал эле, башка кызыгын айтпайсызбы?

Президенттик шайлоо астында, президент билим берүүнүн жана көчмөн цивилизациянын, тарых жана улуттук мурастардын улуттук концепцияларын, ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев «Жаңыланган борбор шаар» долбоорун жалпы журтка сунуш кылып жатканда коюлган эстеликтердин катарына Манас баатырдын гана эмес, кыргыз элинин сөөк өчтү душмандары – кадимки калмак ханы Нескара, Манастын Аккуласын ыргыта атып, эчен кыргыз жигиттерин жайлаган манжу-кытайдын көзгө атар мергени Шыпшайдар, Манасты далай түйшүккө салган мыкаачы душман Мадыкан дөө, «Көкөтөйдүн ашында – көп чырдын башында» кыргыздын эр-азаматтарын күрөштө жайлаган, «алты батман буудай жеп, кан жыттанган» кадимки Жолой баатырлардын арасына байкалбай кирип кеткен. 18 эстеликтин ичинде эмне себептен Манас атабыздын душмандары орун алып калды? Бул кыргыздарды кемсинтүүбү? Улуттук рухту тебелөөбү? Же дагы эле абыке, көбөштөрдүн арабызга кирип алып, билинбей жүргөнүбү? Дал мына ушуга элдин чөнтөгүнөн жарым миллиондой акча кеткен. Аны вице-мэрлер чөнтөгүнөн төлөсүн деп койгону менен, алар аны кайдан алышмак эле, элге салып жибербей жаны жокпу?..
Андан кийин да далай-далай эстеликтер курулду, бирин алып, бирин койдук, азыр да коюп жатабыз, аларга оңбогондой коромжу болгонду эми айтпай эле коёлу. Салижан Жигитовдун «байкуш элдин баатыры көп» деген сөзүн перифразалап айтсак, «байкуш элдин эстелиги көп». Мына сага деп борбордук аянтка Манастын жана Айтматовдун эстелигин шашылыш түрдө тургузуп салдык. Эми ошолордо образ, монументалдуулук Союз кезиндеги, айталы, азыр Улуттук филармониянын астындагы «Манас» комплексинин, Тарых музейинин артындагы Лениндин, Темир жол бекети тараптагы Фрунзенин, Каракол пристанындагы Пржевальскийдин, Ош шаарына кире бериштеги Каныкей эненин эстеликтерине жетеби? Албетте, жетпейт. Мунун баары –ысырапкорчулук, элди кедейликке түртүүнүн бир белгиси. Дал ошол эстелик-каармандар элден сыгылып алынган акчаларды ойлоп аянттарда, көрүстөндөрдө, көчөлөрдө бети кызарып араң эле турушса керек. Себеби алар калктын акчасын жеп, анан туруп атышпайбы, демек, кыргызды кедейлентүүгө салымын кошуп жатпайбы. Андай болсо мамлекеттик деңгээлде айыл өкмөттөрүнө, дин кызматкерлерине, мамлекеттик чиновниктерге катуу чара көрүп, аш-тойлорду тартипке келтирүүгө, мааракелер менен эстеликтерди коюуга мораторий жарыялаш керек. Ким бул талапка чыдабаса, сырткы карыздан кутулуу же өндүрүштү өнүктүрүү дегендей фонддорду ачып, ошолорго олчойгон каражаттарды төгүп берип, өткөрчүңөрдү өткөрө бергиле деш керек…пиш арттыргандан тышкары оңбогондой чыгым келтирет. Мисалы, Түштүктө өзбектер өлүмгө келген адамдарды бир кой менен, бир казан аш менен узатат. Аза тутуп аткан маркумдун жакындарына коңшу-колоңу тамак алып келип берип турат. Ошол эле айылдагы кыргыздардыкына барсаң, 400-500 адамга палоо басат, жаназага келгендердин ар бирине үч-төрттөн нан алат, конфет, май, бал коёт, эң эле жок дегенде, 1 жылкы же 1 уй соёт, ага сөзсүз 2-3 кой кошулат. Сандыктар ачылып, бокчолор сөгүлүп, сарпайлар сарпталат. Үчүлүгү, жетилиги, бейшембилиги, кыркылыгы, айттыктары, жылдыгы (ашы) деп кете берет. Булардын чыгымын эсептесең төбө чачың тик турат.
Баягы жылы Садык Шер-Нияздын «Парз» деген сөзү жок киносу чыккан, анда жигит абактан бошоп келген соң, атасы каза болуп, анан кара ашына эмне соёорун билбейт да, жылкы уурдап келип, балалык парзын аткарат да, кайра колуна кишен салынып келген жагына кете берет. Ушундай биздин турмуш. Бир жылда жакынынан айрылган миңдеген эмгек мигранттарыбыз алыскы жолдон не бир чыгымга учурап маркумдун кара ашына, кыркына, жылдыгына, эстелигин көтөргөнгө, ашына деп келе жатканын, анын баары акча экендигин ойлоп каңырыгың түтөп кетет. Элди шорлонткон эстеликомания Кыргыздын байыбай жатышынын дагы бир оорусу – «эстеликомания» дарты менен ооруп калгандыгы. Мүрзөлөр эстеликке толгон, көчөлөр эстеликке толгон, эстелик, эстелик… Эстетикасы жок эстеликтер эмне деген акчаларды жеп кетти? Ар бир айыл, кокту-колот өздөрүнүн баатырларынын эстеликтерин коюп, ага каражаттын баары элдин чөнтөгүнөн алынат. Бул эстеликтердин кунары да, тарбиялык таасири да жок, алар куру намыс менен гана курулат, бир тобу чоң айкелдердин жупуну гана көчүрмөсү болуп калган. Эстеликтерди курууну жарышка, мелдешке айландыруу акыры жакшылыкка алып барбайт. Айткандай эле, эсепсиз эстеликтерди кура берүү, эстеликомания оорусу ушул учурда эсибиздитоодарып отурат. 2009-жылы Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкек шаарынын мэрлиги борбор калаанын борбордук «Ала-Тоо» аянтын жаңы долбоор менен жасалгалап, мурдагы Нооруз майрамы, Эгемендүүлүк майрамы, оппозициянын митингдери өткөрүлүүчү аянтты кайра оңдоп, чөп саатты, түстүү суу бүрккөндөй көрүнүүчү оргуштаманы орноткон. Ошол комплексте аянтты айланта «Манас» эпосунун каармандарына арналып эстеликтер коюлган. Алардын ачылышына ошол кездеги мамлекет башчысы өзү катышып көргөн. Анан эле 2-3 күндө айрым айкелдердин колу сынса, айрымдары чийилип, бузулуп калган. Анысы го ал эле, башка кызыгын айтпайсызбы?
Президенттик шайлоо астында, президент билим берүүнүн жана көчмөн ци- вилизациянын, тарых жана улуттук мурастардын улуттук концепцияларын, ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев «Жаңыланган борбор шаар» долбоорун жалпы журтка сунуш кылып жатканда коюлган эстеликтердин катарына Манас баатырдын гана эмес, кыргыз элинин сөөк өчтү душмандары – кадимки калмак ханы Нескара, Манастын Аккуласын ыргыта атып, эчен кыргыз жигиттерин жайлаган манжу-кытайдын көзгө атар мергени Шыпшайдар, Манасты далай түйшүккө салган мыкаачы душман Мадыкан дөө, «Көкөтөйдүн ашында – көп чырдын башында» кыргыздын эр-азаматтарын күрөштө жайлаган, «алты батман буудай жеп, кан жыттанган» кадимки Жолой баатырлардын арасына байкалбай кирип кеткен. 18 эстеликтин ичинде эмне себептен Манас атабыздын душмандары орун алып калды? Бул кыргыздарды кемсинтүүбү? Улуттук рухту тебелөөбү? Же дагы эле абыке, көбөштөрдүн арабызга кирип алып, билинбей жүргөнүбү? Дал мына ушуга элдин чөнтөгүнөн жарым миллиондой акча кеткен. Аны вице-мэрлер чөнтөгүнөн төлөсүн деп койгону менен, алар аны кайдан алышмак эле, элге салып жибербей жаны жокпу?.. Андан кийин да далай-далай эстеликтер курулду, бирин алып, бирин койдук, азыр да коюп жатабыз, аларга оңбогондой коромжу болгонду эми айтпай эле коёлу. Салижан Жигитовдун «байкуш элдин баатыры көп» деген сөзүн перифразалап айтсак, «байкуш элдин эстелиги көп».
Мына сага деп борбордук аянтка Манастын жана Айтматовдун эстелигин шашылыш түрдө тургузуп салдык. Эми ошолордо образ, монументалдуулук Союз кезиндеги, айталы, азыр Улуттук филармониянын астындагы «Манас» комплексинин, Тарых музейинин артындагы Лениндин, Темир жол бекети тараптагы Фрунзенин, Каракол пристанындагы Пржевальскийдин, Ош шаарына кире бериштеги Каныкей эненин эстеликтерине жетеби? Албетте, жетпейт. Мунун баары – ысырапкорчулук, элди кедейликке түртүүнүн бир белгиси. Дал ошол эстелик-каармандар элден сыгылып алынган акчаларды ойлоп аянттарда, көрүстөндөрдө, көчөлөрдө бети кызарып араң эле турушса керек. Себеби алар калктын акчасын жеп, анан туруп атышпайбы, демек, кыргызды кедейлентүүгө салымын кошуп жатпайбы.
Андай болсо мамлекеттик деңгээлде айыл өкмөттөрүнө, дин кызматкерлерине, мамлекеттик чиновниктерге катуу чара көрүп, аш-тойлорду тартипке келтирүүгө, мааракелер менен эстеликтерди коюуга мораторий жарыялаш керек. Ким бул талапка чыдабаса, сырткы карыздан кутулуу же өндүрүштү өнүктүрүү дегендей фонддорду ачып, ошолорго олчойгон каражаттардыитөгүп берип, өткөрчүңөрдү өткөрө бергиле деш керек…

Абдыкерим Муратов, педагогика илимдеринин доктору, профессор

December 22, 2015 at 06:10PM

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Абдыкерим Муратов

Абдыкерим Муратов, жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. 1956-жылы 17-майда Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш селолук советинин Шанкол айлынын Котур-Булак маалесинде туулган.

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close