alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
РубрикасызТарбия

Аял төрөгөндөн кийин баардык күнөөсү жуулат деген чынбы?

Имам Табарааний “аль Авсатта” риваят кылган хадисте мындай айтылат:

“(Оо аялдар!) Өз күйөөсүнөн боюнда болуп, күйөөсү андан ыраазы болсо, ал аял Алла Таала жолунда түнү менен намаз окуп, күнү менен орозо кармаган адамдын сообундай соопко ээ болгонуна ыраазы болбойсуңарбы?

Ошол аял (төрөт учурунда) бир толгоо тартканда асмандагылар менен жердегилер биле албай турган, көз кубанта турган соопко ээ болот!

Ошол аял төрөгөң соң, ар бир тамчы сүтүнө, (перзентинин) ар бир соргонуна сооп жазылып турат!

Эгер ошол аял түнү менен перзентин карап уктабай таң атырса, Кудай жолунда жетимиш кулду азаттыкка чыгаргандай соопко ээ болот!

Силер билесиңерби, мындай соопторго кандай аялдар татыктуу болушат? Алар күйөөлөрүнө баш ийип, такыбалыкты карманган саалиха, күйөөлөрүн “мени эч жыргатпадың!” деп жакшылыктарын билбей койбогон пакиза аялдар!”.

Имам Ибнул Жаузий бул хадисти “Мавдууьаат” китебинде риваят кылып, Абу Хаатем Ибну Хиббандан бул хадистин мавдууь (жасалган, жалган) хадис экендигин айткан сөзүн келтирген.

Башка бир хадисте төрөттөн өлгөн аялдын сообу шейиттердей болору тастыкталган. Имам Ахмад, Абу Дауд, Насааий жана Ибну Маажа риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам:

“Кудай жолунда курман болгондордон башка да жети түрдүү шахиддер (шейиттер) болот” деп айтып келип, жетинчисинде “курсагындагы баласы чоңоюп калган учурда өлгөн аял да шейит” деп белгилеген.

Кээ бир аалымдар “хасан” даражасын ыйгарган, Ьабд бин Хумейддин муснадында, Ибну Аби Дуняанын “Китаабул ьияаал” деген китебинде, Ибнул Жаузийдин “Ахкаамун нисаа” китебинде риваят кылынып, Ибну Умардан азирети Пайгамбарыбызга “марфууь” болгон хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт:

“Аялзаты боюна көтөрүп, төрөп, эмчектен чыгарганга чейин Кудай жолунда шейит болуп, өз канына жуурулушкан адамдын сообундай соопко ээ болот! Эгер ушул аралыкта акыретке сапар тарта турган болсо (өлсө), ал аялга шейииттин сообу берилет!”.

Бул хадистин маанисинен, төрөгөн, баласын эмизген жана баккан аялга берилген соопту, төрөттөн каза болгон аялга берилген соопту, бул түрдөгү аялдардын кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө себеп боло турганын түшүнө алабыз.

Жыйынтык сөз: Төрөгөн аялдын кичине күнөөлөрү төрөттөгү кыйынчылыгы менен кечирилет, ал эми чоң күнөөлөрүнө атайын тообо кылуу шарт.

Чубак ажы Жалилов

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button