alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кара-Суу районунан Баткен элине 700 000 сом акчалай жана 6 жүк ташуучу унаа менен түрдүү гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаштардын демилгеси менен 16 айыл өкмөт элинен чек ара окуясынан жабыр тарткандар үчүн атайын гуманитардык жардам чогултушуп, 700000 сом акчалай 6 жүк ташуучу унаа менен күнүмдүк жашоодо колдонулуучу каражаттар, азык-түлүк, кийим кече, идиш, аяк көрпө-төшөк жана килемдер жөнөтүлдү.

Иш-чарага Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, администрация кызматкерлери жана жергиликтүү жаш ыктыярчылар катышты.

«Элибиз аябай берешен калк экенин далилдешти. Кыйын мезгилде баткендик бир туугандырыбызды унутта калтырбай, ар кандай материалдык жардамдарды жөнөтүүдө. Бай барынчы жок алынча беришүүдө. Жарткан Алла Таала шейит кеткен бир туугандарбызды бейиштик кылсын»,-деди Абдирашит ажы Батыров.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button