alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткен шаарындагы борбордук мечитинде мавлид кечеси өтүп, мамлекетибиздин тынтыгы үчүн дуба кылынды

Баткен облустук мусулмандар казыяты борбордук «Нумани» мечитинде мавлид кечесин уюштурду. Иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, дин аалымы   Молдо Абдусаттар Мажитовдун уулу Зияудин ажы Мажитов, Ош облусунун Ноокат районунан жана Баткен облусунун ар кайсы аймактарынан келишкен дин кызматкерлери катышты.

Мечитке келген шаар тургундарына дин аалымдары сүйүктү Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр жолу туурасында баяндамаларды айтышып, салаваттар окулду.

 «Бүгүнкү иш-чаранын максаты коомчулукка,  өзгөчө жаштарга пайгамбарыбыздын өрнөктүү жолун үйрөтүү. Ошондой эле жалпы жамаат менен өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин биримдиги, ынтымагын тилөө. Муну менен катар бул күнү чек-арада болгон кагылышуудан  каза болгон 36 жараныбызга куран хатым багышталып, дубалар кылынды»,-дейт облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button