alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

? Кыямат алааматтары – 1

? 2. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (АГА АЛЛАХТЫН САЛАМ-САЛА­ВАТЫ БОЛСУН) БУЛ ЖАШООДОН ӨТҮҮСҮ

? Пайгамбарыбыздын (Ага Аллах­тын салам-салаваты болсун) бул дүй­нөдөн өтүүсү – Кыяматтын жакын кал­гандыгын билдирет. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Табук согушунда мен пайгамбары­бызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) барсам, ал тери чатырдын ичинде отурган экен. Анан ал мага ка­рап: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айтты». (Имам Бухарий).
? Пайгамбарыбыздын (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун) дүй­нөдөн өтүүсү Кыяматтын жакындап калганын айгинелеген негизи белги­лердин бири. Анткени, пайгамбары­быз акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. Демек, акыркы пайгамбардын келүүсү жана кайтыш болуусу Кыямат жакын калганын бил­дирип турат.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйшөмбү күнү бул жашоого келген эле, дал ушул күнү бул жашоодон кетти. Пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүүсү мусулмандар үчүн абдан чоң жоготуу болду. Асмандан кабардын түшүүсү токтоду. Эң алгачкы бузукулуктар пай­да боло баштады. Кээ бир арабдардын динден кайтып кетүүсү башталды.

✂ 3. АЙДЫН ТЕҢ ОРТОСУНАН ЭКИГЕ БӨЛҮНҮҮСҮ

Аллах Таала Куранда минтип айтат: «Кыямат жакындады жана Ай (экиге) бөлүндү. Алар (Курайш каа­пырлары) моожизаны көрүп турушса да, (чындыктан) жүз үйрүп: «Бул – ар дайым болуучу сыйкыр» – дей баш­ташты». (Камар, 1-2-аяттар).
Алхаафиз бин Касирдин ай­туусунда, бул окуя Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында болгон. Бул туурасында бир канча туура хадистерде айтылган. Баардык аалымдар бул окуянын пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) заманында болгон­дугун жана ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бе­рилген моожиза экендигин айтышкан.
Анас (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: «Меккелик каапырлар пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кандайдыр бир белги көрсөтүүнү талап кылыш­ты. Ошондо ал аларга айды экиге бө­лүп көрсөттү». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж.б).
Абдуллах бин Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Биз Ми­нада пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен турган учурда, ай экиге бөлүндү, бир бөлүгү тоонун артына, экинчиси алды жагына келип калды. Ошол учурда пайгамба­рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге: «Күбө болгула» – деп айтты». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж. б.).
Ибн Аббас (Аллах андан ыраа­зы болсун) айтат: «Мушриктер чогу­луп пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келишти да: «Эгерде сен чынчыл болсоң, анда айды экиге бөлүп бер, бир бөлүгү Абу Кубайс тарапка, экинчиси Койикоьан тарапка болсун» – дешти. Бул түнү ай он төртүнө карап, толуп турган эле. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са­лам-салаваты болсун) Аллахка кайры­лып, алардын сураганын дуба кылды. Ошондо ай экиге бөлүндү, бир бөлү­гү Абу Кубайс тоосу тарапка, экинчи­си Койикоьан тоосу тарапка ажырап калды. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жа­нындагыларга карап: «Күбө болгула» – деди». (Абу Наьийм).

? 4. КУДУС МЕЧИТИНИН МУ­СУЛМАНДАРДЫН КОЛУНА ӨТҮҮСҮ

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнө­дөн өткөн мезгилде «Кудус мечити» Рум христиандарынын кол алдында болчу. Ал мезгилде Рум империясы эң күчтүү державалардын бири болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) «Кудус мечитинин» мусулмандардын колуна өтүүсүн сү­йүнчүлөп, аны Кыяматтын жакында­ганынын белгиси катары айткан. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы бол­сун) айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айткан. (Имам Бухарий).
Тарыхта Кудус мечити эки жолу мусулмандардын колуна өткөн. Би­ринчи, Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында (16-хижра, 637-ж) мусулмандардын колуна өтүп, ал жерди каапырлардан тазалап, ме­чит салышкан.
Экинчи жолу Салахиддин Айюби тарабынан (583-хижра, 1187-ж) мусул­мандардын колуна өткөн.
Кыяматка чейин Кудус мечити мусулмандардын колуна дагы өтөт. Бул мечиттин айланасында болгон уруштар туурасында кийин кенени­рээк айтылат.
? Уландысы бар…
? «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
? http://ift.tt/1LZsQoH

//

The post ? Кыямат алааматтары – 1 appeared first on FORMULA.KG.

October 19, 2015 at 04:58PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button