alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Убайдулла ажы Сарыбаев: Ыйык айда күнөөлөрүбүз үчүн тооба кылып, туугандар менен мамилени бекемдеп, араздашкандарды элдештирүүгө чакырам

Ассаламу алейкум урматтуу мекендештер!

Биз күткөн берекелүү Рамазан айы кирип келди. Баарыңыздарды Рамазан айында бири- бириңиздерден кечирим сурап, билип билбей кылган күнөөлөрүңүз үчүн тооба келтирип, туугандар менен мамилени бекемдеп, араздашкандарды элдештирүүгө чакырып кетем.

Ошону менен бирге берекелүү Рамазан айында Куран окуп, ибадаттарды аткарып, ооз жапканда жана ооз ачканда элибиздин аманчылыгын, жерибиздин тынчтыгын тилеп көп көп дуба кылуу абзел болуп саналат.

Баарыңыздарды берекелүү Рамазан айы менен Ош шаарындагы жалпы мусулмандардын атынан, үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн атымдан куттуктап, шариятка дал келген жакшы тилек ой максаттарыңыздарга жетүүңүздөрдү  Алла  Тааладан суранамын.

Сиздерди терең урматтоо менен,

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button