alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакай Мурзабеков менен жолугушуп, диний кырдаалды талкуулашты

Бүгүн, 6-июль күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, салттуу Матуридий акыйдасы жана Ханафий мазхабын кыргыз коомуна калыптандыруу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, дин багытындагы мыйзам актылары жана каттоодон өтө элек диний уюмдарды мыйзамдаштыруу масалесин талкуулашты.

Иш-чарада ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жаңы дайындалган казыны куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button