alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

«Апиза эне» ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө окуу курсу жүрүп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө окуу курсу башталып, учурда 80ге жакын студенттер жана имамдар илим алууда.

Сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери КМДБ тарабынан бекитилген программанын негизинде 2 жума окуп, андан соң талапка ылайык экзамендерди жана зачетторду тапшырышат. Студенттер окуу курстун алкагында акыйда, фыкх, араб тили, хадис, сарф, сиро боюнча маалыматтарга ээ болушат. Институтта Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган тажрыйбалуу окутуучулар сабак берип, өздөрүнүн тажрыйбаларынан бөлүшүүдө.

Эскерте кетсек, окуу курсу жергиликтүү тургундардын, имамдардын, медресенин бүтүрүүчүлөрүнүн кайрылуусунун алкагында уюштурулуп, институтта сырттан окуу бөлүмү ачылган. Муну менен катар  кышкы сессияны ийгиликтүү тапшыргандар КМДБнын программасына ылайык жайкы сессияга карата тапшырма алып кетишет.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button