Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Жаңылыктар > Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!
ЖаңылыктарРубрикасыз

Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:53 ТЧ
Бөлүшүү

Майрам бул кубанычтын жеткен жери,
Жүрөк жылып кубат берип күндүн деми.
Бул күнгө жетип келген кубанычтуу
Үмүттөр, бакыт күтөт дүйнө эли…
   ******
Тирүүлүктүн тузун бирге татышкан.
Тун сапарын кошо көрчүү батыштан.
Кутман элим маарек болсун айтыңар,
Амандыкта майрам тосуп жатышкан
********
Даам ооз тийип, бата тилеп жалпыңар,
Баарлашкыла жазылганча жарпыңар.
Ыйык майрам, бийик майрам бир келчүү,
Куттук айтам, куттуу болсун айтыңар!

 

Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман эли!

Курман айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөнү талашсыз. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч илгери үмүт менен тосуп алышат.
Бул күндөрү …. Дос досун кечирип. Араздашкандар жарашып. Бири-бирибизге белек беришип, кадыр көңүл табыша турган күн. Белек берүү менен жакшы сезимдер артып, туугандыгыбыз, жакындыгыбыз бекемделе турган күн. Жүрөк жылыткан сөзүңүз жана жылуу жылмаюңуз менен өзгөлөрдү бакытка бөлөй турган күн. Бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл боло турган күн. Ооба!…

Бул күндөр ушундай кут берекеге толгон майрам.

Сиздерге эки дүйнө бакыт каалап. Бактылуулукка карай алга дегибиз келет. Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсун! Дүйнөнүн сулуулугун, бейкуттугун сактаган ата – энеңизге күйүмдүү болуп, тууганды туу тутуп, достукка бекем болуңуз!
АЛЛАХ ТААЛАМ бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсын. Жерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин.
Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!
Терең урматыбыз менен,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

//

The post Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен! appeared first on FORMULA.KG.

September 23, 2015 at 03:40PM

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Айт, Бактылуулук формуласы, Дуба, Курман айт, Куттуктоо
23.09.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Кыргызстандык зыяратчылардын Арафат өрөөнүндөгү ажылык амалдары башталды
Кийинки макала Москва шаарында борбордук мечиттин ачылышы болду
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?