alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ВидеоЖаңылыктарМедиа

«Жүзүмө түкүрбө — мекендешим» акциясы башталды

Жаз келди. Жылдын эң көктөм бул мезгилин кайрадан көрүү насип болгонуна чексиз шүгүр. Жаз – дарак бүр байлап, бүр гүлгө айланган керемет учур. Кар алдында саргайып, чирип, биротоло сөпөт болгондой туюлган чөптөр кайрадан жашылданганын көрүп, өлгөндү тирилткен Жараткандын кудуретине кантип таң бербейсиң?

Күн жылыйт. Адамдар көчөлөрдө көбүрөөк жүрө башташат. Адамдан айланалы, ал — өлкөбүздүн эң чоң дөөлөтү, байлыгы, ырыскысы… БИРОК, көчөдө баскандардын, сейилдегендердин көбөйүшү менен жолдордо ТАШТАНДЫЛАР, ЧЫЛЫМДАР, ТҮКҮРҮКТӨР да көбөйөт, аттиң. Жапондор жетелеп бараткан ити чоң заара кылып салса (итке баары бир эмеспи), ошону да калтырбай, тазалап, пакетке сала кетишет. А биздин итибиз тургай өзүбүз да чөйрөнү булгаганга ант бергендей, касам ичкендей ыргытабыз, түкүрөбүз ж. б. Эч ким өз үйүнүн ичине, шыбына, дубалына түкүрбөйт. Анткени, ал — ӨЗҮНҮКҮ. Анда, биз түкүргөн, таштанды ыргыткан көчөлөр кимдики? БӨТӨН БИРӨӨНҮКҮБҮ? Ал да өзүбүздүкү! Ким, эгерде, Лейлектин Кулундусунда же Көлдүн Ак-Суусунда көчөгө түкүрсө же чылымын ыргытса, ал Нарындын Ат-Башысындагы, Таластын Кара-Буурасындагы, Оштун Ноокатындагы ж. б. ар бир атуулдун акысына кирип, ар намысын тебелейт. Анткени, Кыргызстандын бир чымчым топурагы, ар бир миллиметр жери – биздин ар бирибиздики: сеники жана меники!

Түкүрүү деген илдетти дарылайлы. Анын дарысы – жакшы сөз менен бетке айтуу. “ТҮКҮРБӨҢҮЗ, ага, иним, эже, карындашым, ата, апа” деп сылык-сыпаа эскертүү. Көз ачкандан көрүп чоңойгонубуздан улам биз коомдук жайларда түкүргөндөрдү, чылымдын калдыгын, желим бөтөлкөнү же пакетти ыргыткандарды өөн көрбөйбүз. Бирок, чет элден келгендер буга таң калып да, жийиркенип да, кыргыздан ирээнжип да жатканы – ачуу чындык. Башкаларды кыргыздан ирээнжитүү – бул кыргыздын аброюна, кадырына, намысына түкүрүү! Демек өз жүзүбүзгө өзүбүздүн түкүргөнүбүз. Мекенибиз – жүзүбүз. ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ! Башкалардын алдында кыргызды кемсинтпе, уят кылба.
Бул акция – бир жолку флешмоб, конференция же формалдуу долбоор эмес, а реалдуу кыял! Бул акция — бир да адам коомдук жайларда түкүрбөй калганча улана турган ырааттуу иш.
Болгону “Менин ишим байкоо, артынан сындоо. Ал эми, оңолуу, оңоо башкалардын милдети!” деген түркөй сезимден арылуу керек. Ката иш кылгандын артынан ачуу тил менен сөккүчө, таттуу сөз менен бетине айткан артык. Көрүп туруп бетине айтпасам, айып кылган менен кошо МЕН да күнөөлүүмүн деген жоопкерчилик ар бир жүрөккө орносун, ылайым.
Машине чыгаруу үчүн завод, космоско учуу үчүн космодром куруу керек. Бул иштер миллиарддаган долларлардын башын жейт. Ал эми түкүрбөй, ыргытпай калуу үчүн бир тыйын да талап кылынбайт. Болгону – ыйман, адеп жана атуулдук жоопкерчиликти күчтөндүрүү зарыл.
ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ! “Түкүрбө”, “ыргытпа”, “сөгүнбө” деп, эми бетиңе айтам! Мекендешим, бул акцияга, аракетке СЕН да кошул, СИЗ да кошулуңуз!

Шарты жөпжөнөкөй:

1. Өзүң ушул секунддан баштап коомдук жайларда ТҮКҮРБӨ, ЫРГЫТПА, СӨГҮНБӨ;

2. Ким ТҮКҮРСӨ, ЫРГЫТСА, СӨГҮНСӨ, “МЕКЕНИМЕ ТҮКҮРБӨ, тууганым” деп жылмайып, жылуу сөз менен эскерт.

3. Эгер сен эскерткен адам ачууланып, ызырынса кечирим сура да жолуңду ула. Эч качан урушпа, ачууга алдырба.

4. Эгер оозеки айткандан тартынсаң: “Мекендешим, ыйык мекенибизге ТҮКҮРБӨңүз, ТАШТАНДЫ ЫРГЫТПАңыз! Бул кагазды да ыргытпастан, түкүргөн же таштанды ыргыткан бирөөгө бериңиз! Катуу кетсем, кечириңиз”, — деген жазуусу бар алакандын жарымындай кагаздарды көбүрөөк чыгарып алыңыз.

5. Бир күн да тынбай бул ишти улантыңыз. Адам эскертүү болбосо айып кылып жатканын билбейт.

АКЦИЯ башталды! Зарыл иш старт алды! Реалдуу кыялга карата сапарга чыктык!
Биз баарыбыз жакшылыкка чакырган, жамандыктан кайтарган күч бололу.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button