alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Түркиянын мектептеринде эми Дарвин теориясы окутулбайт

Түркиянын билим берүү министрлиги британдык табият таануучу Чарльз Дарвиндин эволюциялык теориясын мектеп программасынан алып салды. Бул тууралуу 14-январда Түркиянын Хабертүрк гезити жазып чыкты.

Аталган гезит Түркиянын Билим берүү министри Исмет Йылмазга шилтеме берип, биология китебинен Дарвиндин эволюциялык теориясы алынып салганын, анын ордуна китепте экология жана анын генетикага тийгизген таасири жөнүндө жаңы бөлүм киргизилерин жазган.

Министр Исмет Йылмаз:

«Дарвиндин эмгектери бул — жөн гана теория. Физикадага чоң жарылуу сыяктуу эле теория»,- дейт.

Исмет Йылмаздын айтымында, мындай чечим мектеп программасын жөнөкөйлөтүү боюнча түркиялыктардын суранычынын негизинде ишке ашкан.

Буга чейин 2004-жылы Италиянын Билим берүү министри Летиция Моратти да мектептерде Дарвиндин теориясын алып салуу туура деген оюн айткан. Бирок көпчүлүк анын бул сөзүн сындаганы үчүн ал айткан оюн кайра артка алууга мажбур болгон.

Ал эми Американын Канзас штатынын тургундары көп жылдардан бери мектеп программасынан аталган теорияны алып салынуу суранып келишет. 1999-жылы аталган штаттын билим берүү боюнча башкармалыгы бул чечимди жалпы добушка коет. Бирок көпчүлүк алып салууга каршы добуш беришкендиктен, теория программадан биротоло алынбай, факт катары эмес, гипотеза катары окутуу улантылган.

2004-жылдан баштап Сербияда да Дарвин теориясы гипотеза катары гана окутула баштаган.

http://ummamag.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button