alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кара-Сууда имамдын демилгеси менен мечиттин айланасындагы жолго асфальт төшөлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылдык аймагындагы Ташлак айылында «Имам Ата» мечитинин айланасындагы жолго асфальт төшөлдү.

Ага «Имам Ата» мечитинин имамы Юсуфхон Ахматалиев жамааты менен жалпысынан 500 000 сомдук каражат сарпташып, натыйжада 120 метр жолго асфальт басылды.

«Жол куруу – сообу токтобой уланып туруучу сооптордон. Жакшылыктын натыйжасы жакшылык менен бүтөт. Кайтарымсыз кызмат көрсөткөн имамдардын кылган жакшы иштерин Аллах акыретте сообун эселеп кайтарат. Буюрса Юсуфхон дамланын эмгектери башка аймактарга дагы өрнөк болуп жол, көпүрө, ФАП ж.б у.с жакшы иштер уланат деп ишенем», – деди Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button