МакалаларРубрикасыз

Орозонун пазилеттери( 4)

✨Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
��ОРОЗОНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ (4)
✍��Улуу адамдардын окуяларын учкай назар менен окуп коюу, же болбосо конул ачуу катары окуп коюу эмес, балким ар ким озунун даражасына ылайык аларды ээрчүү үчүн, мүмкүн болушунча толук аткарууга аракет кылуу үчүн жазылат. Ар бир адам озунун озгочолугу менен башкалардан жогору боло алмын. Турмуш тиричилиги коп жумушту талап кылбаган адамдар он бир айды бош кетиргенден кийин бир ай жанталашып аракет кылып койсо, кандай жакшы болоор эле. Саат 10дон баштап кечки 4ко чейин жумуш орундарында алек болгондор болбоду дегенде, орозодо саат 10го чейин Куран тилават кылышса, эмне кыйынчылыгы бар? Баарыбир деле дуйнолук иштер учун эптеп – септеп убакыт таап жатпайбызбы. Эгин эккен дыйкан, ал эч кимге коз каранды эмес, озун бошото албагындай убакытка да коз каранды эмес, эгинин карап олтурганча Куранды да окуй берсин, соодогерге эмне кыйынчылык, орозодо дукондун иштоо убактысын азайатып койсун же эн азында дукондо олтуруп Куранды окуй берсин.
Бул орозо айы менен Курандын озгочо байланышы бар. Ошондуктан жалпысынан алганда, Алла Тааланын бардык китептери ушул айда түшүрүлгөн. Ошолордун ичинен Куран “Лавхул махфуз” дан толугу менен дүйнө асманына ушул айда түшүрүлгөн. Ал жерде зарылчылыкка жараша аз-аздан 23 жыл ичинде жерге түшүрүлгөн. Мындан тышкары Ибрахим (ъалайхис салам) га да “баракча ” ушул айдын биринчи, же үчүнчү күнүндө Дауд (ъалайхис салам) га “Забур ” рамазандын он экинчиси, же он сегизинчи күнү берилген. Муса (ъалайхис салам) га “Тоорат ” рамазандын алтынчы күнү берилген. Орозо менен Алла Тааланын сөздөрүнөн өзгөчө байланышы бар экенин мына ушулардан байкасак болот. Ошондуктан бул айда Куранды көп окуу туурасында айтылат. Көпчүлүгү улуу кишилердин адаты да орозо айында Куран окуу болуп эсептелинет.
Жабраил (алайхис салам) жыл сайын орозодо келип Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) га толук Куранды окуп берет эле. Башка риваяттарда айтылган: “Жабраил (ълайхис салам) өзү Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дар Куранды угат эле “. Уламалар ушул эки хадистен Курани Каримди кайталоо, окуп берүүнү мустахаб деп айтышкан. Мына ошол нерсе азыркы учурда жер жерлерде колдонулуп келе жатат. Кыскасы колдон келишинче Куранды тилават кылуу зарыл. Эч бир бош убакты текке кетирбөө керек.
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) ушул хадистин акырында төрт нерсеге өзгөчө көңүл бурду жана аларды көп кылууга өкүм берди.
1) “Келме тоййибаны кайталоо “;
2) “Истигфар “;
3) Бейишти суроо;
4) Тозоктон кутулууну суроо.
Ошондуктан бош убактты ушул иштерди аткарууга жумшоону бакыт деп түшүнүү керек. Мына ошол Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дын сөздөрүн кадырлагандык. Дүйнө иштерин кылып жатып эле тил менен салават жана келмени айта берүүнүн эч бир кыйынчылыгы жок, ал эми анын ордуна берилүүчү сооп эртең түбөлүккө бирге калат.
Хадистин уландысы Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) орозо айынын бир канча өзгөчөлүктөрү дана адептери жөнүндө да айтып кетти. Биринчиден бул сабырдуулуктун айы, мындайча айтканда эгерде биз орозодон бир аз кыйынчылык тарта турган болсок, көбүнчө жайкы орозодо көпчүлүк адамдарга адат болуп калгангандай, кыйкырып-бакырып ачууланбастан, ага сүйүүнүп эле чыдап коюу керек. Ошондой эле эгер кокустан саарлык өтүп кетип, тамак жебей турган болсок, анда дароо эле эртең менен арыздана баштайбыз. Эгрде Таравих учурунда бир аз оорчулук келе турган болсо, анда аны кайгы жана өкүнүч деп эсептебестен сергек болуп чыдап коюу керек. Болбосо бул биз үчүн сооптон кур калуу болот. Болбогон эле дүйнөлүк заарылчылыктар үчүн жеп -ичүүнү жана эс алууну таштайбыз, бирок чындыгында Алла Таала ыраазычылыгына салыштырууда булар кандайдыр бир мааниге ээ болобу?
Дагы хадисттир уландысы айтылган: “Бул ай комкордук кылуу айы “. Тактап айтканда кедей – кембагалдарга жардам берүү. Эгерде сиз өзүңүздүн ооз ачууңузга он түрдүү тамак -аш даядасаңыз анда алардын үчөө төртөөсүн кедей -кембагалдарга болуш керек. Негизи өзүңдүкүнөн артык кылбасаң да барабар кылган жакшы болот. Кыскасы мүмкүн болушунча кечки же саарлык тамактан жетим -жесир, кедей -кембагалдарга атайын бөлүү керек. Сахаба (розияллоху ъанхум) дар үммөт үчүн иш жүзүндө үлгү. Алар диндин ар бир бөлүгүн иш жүзүндө ачык айкын көрсөтүштү жана алардын кылган амалдары ар бир жакшы амал үчүн ачык көрсөтмө. Ал эми алардын курбанчылыктарын жана кыйынчылыктарын айта турган болсок, анда аларды артынан бир гана чыныгы эрктүү адам ээрчишет. Алар туралуу миңдеен окуялар айтылган, аларды көрүп таң калуудан. Башка эч нерсе деп айта албайсың. Мисал иретирде бир окуяны айтып кетем. Абу Жахам (разияллоху ахну) айтат: Мен Ярмук согушунда атам менен бир тууган агамдын уулун издеп жүрдүм. Эгер тапсам, суу ичирим бети -колун жуурмун деген ойдо бир кумура суу да алып алган элем. Кокусунан мен аны жарадар болуп жерде жаткан жеринен таап алдым. Мен андан “Суу ичесиңби? ” -деп сурадым. Ал ишара менен сурады. Аңгыча анын жанында жарадар болуп жаткан киши “ах! ” -деди. Ал аркы кишиге суу ичирүүмө ишара кылды. Мен анын алдына бардым, карсам ал дагы аябай чаңкап, суу сурап жаткан экен. Аңгыча анын жанында жаткан дагы бир жарадар суу сурап калды. Ал да өзүнөн мурда жанындагы жарадарга барууга ишара кылды. Мен анын жанына чуркап жеткенче, ал көз жумду. Кийин экинчи жарадарга келсем, ал да көз жумган экен. Соң мен өзүмдүн тууганыма келсем, ал да шахид болуп бул дүйнө менен кош айтыпшып кете берди “. Мына бизден мурунку биз ээрчиген адамдар ушундай курбанчылыктарды кылышкан, жадагалса чаңкагандан жан берип жатышса да, бир тууганынан мурда суу ичүүнү ылайык көрүшпөдү.
��‍��‍��‍��”Бактылуулук Формуласы “.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close