alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарынын казысы болуп Мырза кары Осмонов дайындалы

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.
2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган.
2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган.  

2009-2016-жылдары Ош ТУнун Энергетика факультетин бүтүргөн.
2013 –жылы шаар казысынын нын жардамчысы
2014–жылы «Роббаний»мечитинин имам хатиби
2016-жылы Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан “Умму Мухаммад” медресесинин мүдүрү
2016-2019-жылга чейин Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби
2014 –2022 жылдары  «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имам-хатиби
2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин  Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин билет.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button