alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МедиаРубрикасызСуроо-Жооп

Максатбек ажы Токтомушев: Муфтият бул жылы ысырапкорчулук менен күрөшөт

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Муфтияттын ишмердүүлүгү” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу КМДБнын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.
2015-жылы 818 иш чара өткөрдүк
-“Өткөн 2015-жыл муфтият үчүн жемиштүү жылдардан болду. Анткени биз бир кыйла реформаларга жетиштик. Медреселердеги билим жагынан, бирдиктүү программаларды жүргүзүү иретинде, мечиттерде имамдарыбызга даярдап берүүдө, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана республикалын бардык жерлеринде семинарларды өткөргөнгө жетиштик. Ажылыкты да ачык-айкын адилеттүүлүктүн жолунда ийгиликтүү өткөргөнгө жетиштик десем жаңылышпайм. Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө муфтият, казыят, аалымдарыбыз менен биргеликте 818 иш чара уюштурдук. Ханафий мазхабды жайылтууда көптөгөн семинарларды өткөрдүк. Анан эң чоң 2015-жылы эл аралык 17 мамлекеттин катышуусунда экстремизим жана терроризмди алдын алууга карата симпиозиум өткөрдүк”.
Муфтият кризис менен күрөшөт
– “2016-жылга карата алдын ала кризиске байланыштуу ысырапкерчиликке каршы күрөшүү, аны токтотуу жана каниеттүүлүккө, жалкоолуктан мээнеткечтикке чакыруу боюнча ушундай хутбаларды имамдарга даярдап атабыз. Негизгиси экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү башкы иштерибиздин бири. Мына жихад деп айтып атат, хижрат деп чакырып атат, мусулман каафир мушрик деген сөздөр кетип атат. Мына муфтият тарабынан январь ичи экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча брошюра чыгат. Муну биз имамдарыбызга жана кызыктарларга бекер таркатып беребиз. Өткөн жылы Мекеде бардык аалымдар чогулуп Сириядагы абалга баа берүү боюнча чоң жыйын болгон. Беш күндүк конференциянын аягында резолюция кабыл алынды. Андан кийин биз муфтият өткөрдүк”.
Имамдардан отчет алабыз
– “Ислам дини бул мээримдүүлүктүн, боорукерликтин, адамдын канын сакташ үчүн, укуктарды коргош үчүн жиберилген Алла Тааланын акыркы дини. Ушуну туура баалап – билишибиз керек. Биздин быйылкы планыбызда бул ар бир имамдын мойнунда жоопкерчилик кылып, айына отчет талап кылып атабыз. Элге түшүндүрүү боюнча. Күч менен токтото албайбыз. Бул идеология согушу. Бул согуш курал менен согушуудан күчтүү согуш. Өзүн өзү жардырып атканды кандай деп баалайбыз? Өзүн өзү өлтүргөндү Пайгамбарыбыз с.а.в өтө чоң күнөө деген. Аалымдарыбыз жаназасы окулабы, окулбайбы деген талаш-тартыштарга чейин барган”.
Дааватта кемчилдик жок
– “Дааватка адам чыкканда өзүн өзү оңдош үчүн чыгат. Угармандардын баарынан суранат элем. Алланын жолуна чыккан адам өзүн оңдош үчүн, ички дүйнөсүн агартыш үчүн, билимин өстүрүш үчүн даваатка чыгат. Анткени ошол чыккан адамда албетте үйрөнөм деп чыкса, үйрөнүп аткан учурда кемчиликтер кетет. Ошону давааттын кемчилиги деп эмес, даваатка чыккан адамдын кемчилдиги катары баа берсек бул адилеттүү ынсаптуу болот эле. Бардык Пайгамбарлар даваат кылган. Ар бир дин өзүнө даваат кылат. Ансыз дин болбойт. Баардыгы өзүнө чакырат. Даваат бул чакыруу деген сөз. Биз дагы мусулманчылыкка, ыймандуулукка, ынтымактуулукка чакырабыз. Ошондуктан даават боюнча кандай маселе болбосун муфтиятка кайрылыңыздар”.
Бардык муфтийлерге ыраазычылык билдирем
– “Биринчиден бизге чейин иштеп кеткен муфтийлердин баардыгына өтө терең ыраазычылыкты билдирем. Мен келип эле реформа жасап жибердим дегенден өтө узакмын. Анткени алар фундаментти курбаса дубал каяка курулат эле. Муфтияттык бул мансапка отуруу эмес, бул аманат жоопкерчилик деп баалайм. Союз мезгилинде Кыргызстанда казы деп аталат эле. Анда Орто Азияда бир эле муфтий болот эле. Ал Ташкентте. Эгемендүүлүктөн кийин эң биринчи болуп Кимсанбай ажыке келди. Андан кийин Абдысатар дамла, Мураталы ажы, Чубак ажы, Рахматулло ажы. Баардыгы абдан жакшы иштеп кетишти. Ар бир адамда кемчилдик бар. Бирок ошол кемчиликтерди түздөөдө аракет кылып, мурдагыларга караганда жакшыртып, кийинки келе тургандарга шарттарды мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек”.
http://maralfm.kg/

January 12, 2016 at 11:52AM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button