alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
МакалаларПайдалуу кеңештер

БАЛАГА КОНОК КҮТҮҮНҮ ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК!

БАЛАГА КОНОК КҮТҮҮНҮ ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК!

Конок тосуу, келген конокко сый урмат көрсөтүү эзелтеден бери калыптанып келген.Өкүнүчтүүсү учурда конок деген түшүнүк жоголуп бараткансыйт.Көп үйлөргө конок барбай, барса да жакшы сыйга татыбай калууда. Заманды талабы деп конокту биз үйдө эмес ресторан — кофе жайларында тосуп калдык. Коноктун алып келген ырыскысын, берекесин кармай албай үйүбүздун куту учууда.
Бул да болсо тарбиянын тайкылыгыбы дейм?
Балдарыбызга конок тосууну үйрөтөөрдөн мурун, өзүбүз үлгү бололу.
Кайтар дүнүйө. Келген адамды кандай тоссоң, эртен сенда ошондой сыйга татыйсын. Адамзат өзүбүз жашоодо убактылуу конокпуз. Баарыбызды унутпастан сыйлап, ырыскы берип жаткан жалгыз Аллах. Ал эми Аллах ар бир пендесин өз ырыскысы менен жаратты.Демек келген конокта өз ырыскысы менен келет. Бул тууралуу хадисте:
Абу Карсафа ( р.а.) айтат: «Пайгамбарыбыз ( саллаллооху алейхи васаллам) айтты:
«Аллах Таала кайсы бир пендесине жакшылыкты кааласа, ага белек жөнөтөт «. Сахабалар сурашты Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам ) дан сурашты: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал кандай белек? «Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи васаллам ) жооп берди: «Конок! Ал өз ырыскысы менен келет да кайтканда үйдөгүлөрдүн күнөөлөрүн кечиртип кетет «. (Канз 9/163) ..
Коноктун келиши үй ээси үчүн рахмат жана береке. Ал өз ырыскысы менен келет жана үйдүн ээси үчүн береке менен кечиримге себепчи болуп кетет.

Балдарга туура конок тосууну үйрөтүү ата-эненин милдети. Үйдө ата сөзү катуу болгондуктан балага ата үйрөткөнү жакшы.Ошондо бала өзүн ошол үйдүн ээси, атасынан кийинки орун басары экенин сезе баштайт.

📍 Мисалы балага төмөнкүдөй сөздөрдү айтып, чоңдорду сыйлоону үйрөтүү керек.

1.Балам конок алдынан чык.

2.Балам коноктор колуна суу куй.

3. Балам конок келгенде кош келиниздер,үйгө кириниздер деп айтууну үйрөн.

4.Балам конокторго төшөк сал.

5.Балам конокторго чай узут .

6.Арттарына жаздыктан кой.

7. Тамактан узат.

8. Үйдөгү бар нерсени алдына кой.

9. Балам конокту адеби менен узат.

Ушул нерселерди балдарыбызга тил, амал менен жеткирели. Жаратуучусун тааныталы. Ал эми Аллахты таанып жашоодо Аллахтын коногу экенин билген бала эч качан келген конокту нааразы кылбайт.
Ушуларды айта берсениз бала угуп, кылып жүрүп улуулар батасына татып, кичи пейил, меймандос болуп калыптанат.
Конокко сый көрсөтө билген адам Аллахтын ыраазылыгына, сыйына бөлөнөт.

🧕Даярдаган Жылдыз Муслима.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button