alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
МакалаларРубрикасыз

УБАКЫТТЫН АЛТЫН УЧУРУ КЕЛГЕНЧЕ ОЙЛОНУҢУЗ!

✍ Бир күн келет убакыт алтындай болуп калат,ал учур биздин гырылдап өлүм бычагы өмүр тамырларын кесе турган учур. Адамзат өлөөр алдында бир гана бул дүйнөдө кылган амалдары көзүнө көрүнүп,жакшы амалдары кубаныч тартуулайт жүзүнө,а амалдары жаман туура эмес жолдо жүргөндөр өлүм алдында эле минуттар,секунттар калган убакта азаптала баштайт. Ошол кез эң «аттиң!»   Кылган учур пенденин *»Оо,Аллах! Бир мүмкүнчүлүк берсең мен жакшы амалдарды кылып алсам «*-деп жалбырайт, бирок баары кеч болуп калды,биздин өмүр деген убакыт саатыбыз жебеси токтой турган учур келди. Башка акыйкаттарга көз жумуп коёорсуз,бирок өлүм акыйкатынан эч ким качып кутула албайт.  Ошон үчүн убакытыбызды ысырап кылбай туура пайдалынып алыңыз.
   Динибизде ысыраптын бардык түрүнө тыюу салынган. Өүмүрдү,убакытты жөнү жок пайдасыз нерселер менен өткөрүү да ысыраптын бир түрү болуп эсептелет.
✨Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген:
*«Адамдардын көпчүлүгү алданган (баа жеткис) эки оомат бар: ден -соолук жана бош убакыт»*(Бухари)
   Убакыт адам баласына берилген эң кымбат байлыктардын бири болуп эсептелет. Бул байлыкты текке кетирүү да,аны адал жолдо колдонуп пайдалануу да адамдын эрк -каалоосуна байланыштуу. Ар бир учурду туура пайдалануу мусулман пенденин милдети болуп эсептелет. Бул жаатта аяттардын биринде: *«Эгер бош болсоң, (анда башка жакшылык иш,же ибадат менен) алек бол! »*(Инширах: 7) делет. Бул аят Аллахтын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) аркылуу бүтүндөй момун -мусулмандарды бош убакыттарын баарын адал жолдо колдонууга,ар дайым жакшылык иштер менен алек болууга чакырат.
   🌺 Бул жашоодо ар бир адамга бирдей убакыт берилет. Чындыгында, ал убакытты ким кандай колдонот, адамдар ошонусу менен бири-биринен айырмаланат. Кээ бирлери аны сарамжалдуу колдонгонду кичинесинен үйрөнүп, жашоосуна маанилүү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү киргизет. А кеч түшүнгөндөр болсо, убакыттын кадырын кечигип байкап, бармагын тиштейт. Сиз да эртең өкүнүп бармагымды тиштеп калбайын десеңиз убакытты туура пайдалануу тууралуу айрым кеңештерге кулак салыңыз.
_*☀1⃣Агарган таңыңызды бактылуулук эшиктерин баамдаттын ачкычы менен ачып тосуп алыңыз. «Баамдатка турупсуз, шайтанды жолдон куупсуз «дегендей баамдат намазын окуп,бүгүнкү күнүңүздү берекелүү болусун Жараткандан сурап,таңга жеткизгенине шүгүр кылып,дубалар менен үй -бүлөө,бала -чака,тууган -досторго амандык тилеп, кадамдарды жакшы маанай менен тосуп таштаңыз….*_
⏰3⃣  Андан кийин күнүмдүк пландарыңызга көз чаптырып алыңыз. Убакытты үнөмдөнүн эң жакшы усулу алдын ала палан коюп, керек болсо сааттарына,минуттарына чейин белгилеп алуу. Тамактанганда телефондон алыс болуп үй -бүлөөңүз менен, сурашып ,ата -энеңизге баарысана жылмайу менен жылуулук тартуулаң…
✊🏻3⃣ Кайда болбоңуз Жараткандын тыюуларын,буйруктарын жүрөгүңүзгө бекем түйүп алыңыз. Убагы келген парздарды өз убагында аткарууга аракет кылыңыз. Анткени сиз канчалык Жаратканга умтулган сайын,Аллах пендесинин убактысын кең,жеңил кылып коёт . Баардык сааттар Ага тиешелүү экенин эч качан унутпаң!
🌓4⃣ Жашоодо ар кандай кырдалдар,сыноолор болуп турат. Кыйынчылык жашоонун кадырын билдирет.Ага сабыр кылып артка карабай,алдыга гана умтула бериңиз. Башкалардын сиз жөнүндө кандай ойлогондугуна маани бербеңиз. Маани берсеңиз пайдасыз нерв коротуу менен убактыңыз текке кетет…*_
_*💝5⃣.Жакшы көргөн адамдарыңызга жетиштүү деңгээлде көңүл буруңуз. Ата -энеңизге айрыкча алар,бейишиңиздин ачык эшиктери ал эшиктер качан жабылып калуусу белгисиз. Аларды көзү барда,өзү барда сыйын -урматын жайына коюп,сизге жашыңызда кандай мээрим канаттары менен кучагына кысып,ысыгынан,суугунан сактап чоңойткон болсо ошондой мээрим көздөрүңүз,жылуу сөздөрүңүз менен бейпилдике бөлөңүз! Ата -эне ыраазы Алла ыраазы,сизден жубайыңыз,балдарыңыз үлгү алышсын. Үй -бүлөөңүз менен жаратылыш,кооздуктарда,сейилдөөгө алпарып жашоодон ырахат алып жашаганды да үйрөнүңүз…*_
_*👬6⃣. Адамдын адам болуп жашоосу айлана -чөйрөгө көз каранды.  Жакшы жолдо,туура,адал эмгек иштерде бөлүүшүдө жакшы досторго муктажбыз. Адамдын кандай экенин досунан бил дегендей дос тандоодо жаңылбаңыз. Жакшы дос бейиштин бакчаларына жетелейт,жаман дос караңгыда жоголуп ,күн чыкканда пайда болуп шайтандын отуна жетелейт…*_
_*💻7⃣.  Азыркы техника өнүккөн заманда интернеттин уулу торунан абайлаңыз. Өкүнүчтүүсү убакыттын көп бөлүгүн, жаштар дегиле адамзаттын барысы сарптап коюп жатышат. Интернетти пайдалуунун жолун билиңиз,өзүңүзгө керек маалыматты алып болгондон кийин компьютирңизди дароо жаабууга аракет жасаңыз. 1-2 саат китеп окуп койууну адат кылыңыз. Айрыкча Жараткандын ыйык Куранын окуп, маанилерине ой жүгүртүң. Анда катылган сырларга күбө болосуз . Куран окуу менен  үйүңүздөгү ,шайтан -жиндерден арыласыз,жан -дүйнөңүз тынчтанып, үйүңүз нурга бөлөнөт….*_
_🙌�Бул кеңештер буйурса сизге күмүш сырга болот деген үмүттөбүз. Ар ким  жашоосунадагы жагдайларга карап пландарды өзгөртүп, убакытты туура пайдалана берсин. Сөзүбүздүн аягында мусулман бир тууганым убакыт сизди эмес, сиз убакыттын жолдорун кесе билиңиз деп тилеп калабыз! Аллах Таалам өмүрбүздүн мүнөт,секунттарын бекерчилик,адашуудан сактап,беркелүү барктуу болуусун ар бирибизге насип кылсын. Эч ким «аттиң «!деген сөздөргө муктаж болбой бактылуулук менен жашоосун өткөзүп,  акыретин сүйүүнү,жылмайу менен тосуп алсын!_
👤Насиба Абдуллаева.
©БАКТЫЛУУ ФОРМУЛАСЫ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button