АалымдарМакалалар

ДИН ЖОЛУНДА БИР ӨМҮР…

Тарых Кремлдин кызыкчылыгына ылайык бурмаланып, көз каранды саясат менен адабият гүлдөп, каада-салт эскичилик деп биротоло жерилип, «дин бул — апийим» деген өөн идеологиянын доораны катуу жүрүп жаткан катаал маалда алыскы Алай районунан 19 жаштагы бир жаш жигит атасынын каалоосу, өзүнүн ынтызарлыгы менен белин бекем бууп, дин илимин алганы Бухарага жол тартат. Агезде Бухара (негедир социализмдин атеисттик саясатты туу тутканына карабай) Орто Азиядагы диний билим берүүнүн очогу болгон. Жаш илим талапчысы өзүнүн зээндүүлүгү менен айырмаланып, эң мыкты устаттардан сабак алып, эң алдыңкы окуучу-талабалардын катарына кошулат. Бухаранын Мир-Араб медресесинде окуп жүргөндө Чеченстандын мурунку муфтийи жана президенти Ахмад Кадыров баш болгон, Орусия мусулмандар муфтийи Рауль Гайнуддин төш болгон бир топ мыктылар менен кошо окуйт.

Ошентип окуусун мыкты деңгээлде бүткөн илим жолоочусу Ошко кайтып келет. Келгенде эле Кадамжай районунун баш имам-хатиби болуп диний кызматка киришет. Нускалуу баян-ваъздары менен элдин жүрөгүнөн түнөк табат. Кийин Уламалар кеңешине мүчө болуп кирет. Ошол кездердеги Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын азирети муфтийи Кимсанбай ажы баш болгон кыргыз диний элитасы менен иштешип, оор кезеңде элди диний агартууга өтө чоң салым кошот.
Калкка сиңген кызматын мындан билиңиз, Ош облусунун Казысы болуп дайындалып, шаарга жылганда жергиликтүү тургундар көз жашын көлдөтүп узатат.
Облустук казы болуп турганда тыным албай иштеп, элге ак эмгек кылгандан тажабайт. Анын кызматы, илимдүүлүгү, ораторлугу, анан мекенчилдиги жогору бааланып, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийлигине сунуштар түшөт. Бирок, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу бул кызматтан негедир баш тартып коет. Андан кийин да Кара-Суу районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенет.
Кеңеш өкмөтүнүн соңку, эгемендик жылдардын чейрек кылымында эл кызматында болот. Ар кандай бөтөн агымдардын, кооптуу секталар жана көз караштарынын жайылышына тоскоол болуп, мусулмандардын биримдиги, мамлекеттин бүтүндүүлүгү үчүн күнү-түнү иштейт. Кара-Суу районунун баш имам-хатиби болуп жүргөндө да элге өтө жакын болгонун жамаатындагылар дайым айтып келишет. Акыркы жолу Оштун белгилүү Алай атындагы Бухари мечитинде имам болуп ак кызматын өтөп жаткан. Мүнөзү ооз басырыктуу, жөнөкөй, жупуну болуп, маектешин өзүнө тартчу. Ал Асадулла ажы Нурматов эле…
Кадыры бийик, аты таберик Асадулла ажы ушунча көп кызматынан соң учуп кетти… Ооба. Дүйнөгө түркүк болчу эч ким жок эмеспи. Анын да көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, чын дүйнөгө көчүп кетти.
Акыркы учурларда ызы-чуудан качып, жүрөгү тынчтыкты гана каалап калган тура. Жайлоолордо эс алып, кымыз ичип, жан дүйнөсүн сергиткиси келген тура. Ошентмекчи болуп, Терек айылынын туптунук көк кашка суусун бойлоп, шарпылдаган суу менен гармонияда болуп, Жараткан Алланын кудуретине дагы бир жолу таң берип, миң жолу шүгүр келтиргендир. Таңкы чымчыктардын сайрашын кумарлана угуп, Мухаммед пайгамбарга (с.а.в) эсепсиз салават-салам келтирген чыгар. Ажайып көркөмдүккө оролуу айлана чөйрө менен акыркы жолу жылуу коштошкон чыгар.
Так ошол күнү… Каргашалуубу же тагдыр мерчемдеген табышмактуубу, айтор 6-июль күнү балакет басып, аты мүдүрүлүп, Көк-Суу суусуна кулап агып кетет…

Бул шумдуктуу жаңылык желдей тарап, эл чуру-чуу түшүп калат. Жүздөгөн киши жабалактап Көк-Суу дарыясынын жээгине чуркап жетет. Топ-топко бөлүнүп ары чуркайт, бери чуркайт. Жок. Күргүштөгөн кубаттуу суу гана мелтиреп унчукпайт сырын ичине катат… Жээгиндегилердин санаасы санга бөлүнүп, бир Жаратканга сыйынып, аалымдын аман табылышын тилегендердин ар биринин көз жашы Көк-Суу болуп агат. (Баарынын эмес албетте. Кээ бирлери жер-суу көргөнү көпчүлүккө илешип келип алган. Дагы бир котур ташы койнундагылар кызыгып, «аалым суудан кандай чыгар экен?» — деп ансайын мойнун узартат үндүктөй). Аман-эсен табылып калса экен деген ыкласмандар жок дегенде сөөгү табылса экен деп кайгырган жандар көптүк кылды. ЭжӨКтүн эки-үч кишисин эске албаганда, негизинен карапайым калктан турган жайкын тургундар тинтип-тинтип издеп киришти. Айрымдары кийимин чечип ыргытып, сай кечип издеди. Асадулла ажынын табылбай жатышы өлкөгө тарап, ЖМК учкай чагылдырды. ЭжӨК болсо «мал караган алайлык тургун сууга агып кетти», — деп жазды. Эртеден-кечке кабинетте отурган айрым «бир шариги кем» журналисттердин фантазиясы катуу иштеп кетип «бир малчы агып кетти» деп жазып сайттарына илип салды. Ал малчы эмей эле, өмүрүн адамга туура жолду көрсөтүүгө арнаган инсанат экенин билгендер ичинен сөгүнүп тим болду. А Асадулла дале табылбай, кээ бирлери үмүтүн анык эле үздү…

Эң аягында баамчыл бир малчы ыраактан кайра-кайра дүрбү салып, байкап калат «че-то» мындай нерсе жок эле сайда» деп. Жакын келип карап, адам сөөгү экенин телефондон кабарлайт. Ошентип аалымды издеген жоон топ эл машиналар менен жөнөйт. Себеби ал 25 км агып келиптир (!). «Мынча аралык сообу, дене-турпаты бүтүн бекен» деп жакшы адамдардын жүрөгү опкоолжуйт. (А кээ бирлери «молдонун сөөгү кантти экен» деп тынчсызданышат). Алгач ондой адам жетип келип, же ыйларын, же кубанарын билбей туруп калышат. Себеби, аалымдын дене-турпаты бүпбүтүн, көздөрү, ооздору жабык, ичи көппөгөн, жөн гана жаткандай кыбыла тарапка кылчайган бойдон узаган экен кайран киши… «Кудайым ажалын суудан жазып, кири жок таптаза Алайдын суусуна жуудуруп, Өзү акыретине даярдап койгон тура» дейт ысык жашын сүрткөн молдо. Эл менен кошо жүргөн ӨКМ өкүлдөрү «О боже мой, ушунча жерден агып келип, эч нерсе болбогон адамды биринчи көрдүм»,- деди келимеси оозунан түшүп. Артынан, «25 километрди мындай кой, 2,5 км. аккан адамдын денеси бөлүнүп, шишип жарылып кетет эле»,- деди кошумчалай.

Денесин кармап көргөн жанагы молдо, «Эч нерсе болбоптур, 20 жылдык өмүрүмдө мындайды биринчи көрдүм. Алла Таалам табигый муздаткычына сактаган өңдүү, сөөк бир күн өтсө да бузулбаптыр, эзилбептир. Буту гана кичине чийилгени эле болбосо», — деди. Уккандар таңыркап, оозу Ошту карап калды.
Ошентип ызы-чуу түшүп, сөөктү алып келишет. Шарият усулуна, салт эрежесине ылайык жууп, зыйнатын өткөрүп, ата-бабалары жаткан жерге алып келишет. Маркумду акыркы сапарга узатууга миңдеген адам агылып, коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда жума күнү жерге берилди…
Качан гана баары жайланып отуруп, көпчүлүгү бир нерсени талкуулап олтурушту. «Жети» цифрасын…
1. Асадулла ажынын 07.07.17 датасында дүйнө салышы;
2. Саат 7 лерде сууга кулашы;
3. Сөөктүн Кытай чек арасына 7 км калышы;
4. Маркумду 7 адамдын жуушу ж.б.

Тажияга келгендин баары буркурап ыйлап атты. Ый аралаш жылуу сөздөрдү жаадырышты. Өзгөчө Фергана аалымдары катуу кайгырып, арбагына тынбай кереметтүү Куран аяттарынан багыштап турду…

Дин жолундагы, эл кызматындагы бир өмүр ушинетип жылт учту. Анын элеси эл эсинде кала берет. Алайдын, Фергананын аалымы катары дайыма эскерилет. Ырыс куттуу, ыйман жыттуу баяндары, сөздөрү ар дайым жашай берет.

Ава! Бизди, калың журтту сыздатып кете бердиңиз… Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Сизге багышталып окулган Куран аяттары нур болуп көктөн түшсө, кылынган дубалар гүлзар болуп алдыңызга төшөлсүн. Сиздин жаркын элесиңизге ар убак Фатиха окуй турган уул-кыздарыңыз, инилериңиз, шакирттериңиз, калың элиңиз бар.

Баса, чоң атама салам айта барыңыз…

Иниңиз Иманбек.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Close