alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Жаңылыктар

Австралиялык мушкер Вильгельм Отт ислам динин кабыл алды

Австриянын мушкери Вильгельм Отт Исламды кабыл алды. 37 жаштагы боксчу 16-апрелде өзүнүн кайрылуусун жарыялап, COVID-19 кризиси ага ишеним арттырууга жардам бергенин айтты.


«Мен бул жөнүндө көптөн бери ойлоп келе жатам. Ислам баалуулуктары карантин учурунда мага күч берди»

Социалдык тармактарда бөлүшкөн видеодо Уильям Отт [шахада] келмесин айтып жатканын көрүүгө болот.

Ал өзүнүн Инстаграмдагы постунда Ислам көп жылдар бою анын башына келгендигин, бирок кээде ал жөнүндө эч нерсе кыла албаган учурлары болгонун айтты.

«Мен өзүмдү саясий таасирге алдырып келгем. Бирок кыйын учурларда Исламдык ишеним күч-кубат берди мага» деди ал.

Анын айтымында, ал досунун көзүнчө мусулман болгон, досу ага биринчи Куран китебин белекке берген.

«Мен мусулман болгонумду жакын досторума эле айтам деп ойлогом.Бирок мен бул жөнүндө баардыгы билиши керек деп чечтим. Бул кабар ушунчалык көп көңүл бурат деп күткөн эмесмин. Мусулман дүйнөсүнө көңүл бурганы үчүн рахмат айтам. Мен баарыңарды жакшы көрөм жана «Машаллах» деп айтам «, — деди Отт.

Ал ыйык Орозо айын башталарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button