alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
Жаңылыктар

Кыргызстанда VII Республикалык Куран жарышы өтөт

Быйыл Кыргызстанда VII Республикалык Куран жарышы өткөрүлөт. Алгач облусттук деңгээлдеги тандоо туру болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган жарыш жыл сайын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулуп келет. Облусттук казыяттарда тандоо туру 26-мартта өткөрүлөт. Ал эми 13-апрелде Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда финалдык жарыш болот. Конкурска катышууну каалагандар казыяттарга кайрылып, каттоодон өтүп, жарыштын эрежелери менен тааныша алышат.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана баалуу белектер ыйгарылат.

http://ummamag.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button