alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Музаффар ажы Турдубаев: Пайгамбарыбызды (ﷺ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм»,- деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес

Ош облусунун Ноокат районунда сүйүктүү пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айында мавлид окулду.

«Пайгамбарыбызды  (ﷺ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм» деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес», – деди Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев.

Бул күнүНоокат районунун баш имам хатиби жалпы элибизди ыйманга, ынтымакка жана пайгамбарыбызды (ﷺ) жын дилден сүйүүгө чакырды.

« «Мавлид» — сөздүктө «туулган жер» же «туулган убакыт» деген мааниге келет.  Ал эми терминдик мааниси, пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган күнүндө же айында жамаат менен өткөрүлүүчү иш-чара деген маанини туюнтат. Андыктан Аллага мактоо, пайгамбарыбызга салават жана салам айтып, зикир чалып, Азирети Мухаммед (ﷺ) даңктайлы!»,-деди Музаффар ажы Турдубаев.                

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button