alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад облусунда имамдарга Куран китеби таратылды

Бүгүн, 6-майда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында имамдарга Куран таркатылды.

Мында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген Курани-Каримдин мааниси жана түшүндүрмөсү камтылган китептер Жалал-Абад облусундагы мечиттерде иштеп жаткан имамдарга, медресе мугалимдерине колдонмо курал катары акысыз таркатылды.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Жээнбеков Нематулла ажы казыят кызматкерлери менен катышып, облустун казысы өз сөзүндө буларга токтолду.

“Рамазан айы – бул Куран айы. Ошондуктан сиздерге Куран китебин жана анын маани-маңызын чечмелеген котормосун берип жатабыз. Ушул китептерди жазып, басып чыгаргандарга жана биздин колубузга жетип келүүсүнө себепкер болгондорго терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деди Немутулла ажы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button