alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

ЖУМА КҮНҮНҮН УЛУУЛУГУ

✍🏻Жума күнү, кадырман мусулмандар, күбө болуучу жана күбө болунуучу күн. Тактап айтканда. ким жума намазында болсо, бул намаз ага күбөлүккө өтөт, ким үзүрсүз жума намазында болбосо, ага каршы күбөлүккө өтөт ошондой эле эшиктер алдында турган Периштелер да күбө. Чындыгында, Аллах күндү башка жылдыздардан абзел кылганы сыяктуу, бул күндү башка күндөрдөн абзел кылды.

✨Ибн Коййим айткандай, жума күнү «ибадат күнү, айлар ичинде Рамазан канчалык даражада болсо, Жума да күндөр ичинде ошончолук даражада. Бул күндөгү дубалар кабыл боло турган саат Рамазандагы Кадр ТҮнү сыяктуу. Ошондуктан, кимдин жумасы туура жана саламат болсо, калган аптасы да саламат болот, кимдин рамазаны туура жана саламат болсо, ошол жылынын калганы да саламат болот, кимдин ажылыгы туура жана саламат болсо, өмүрүнүн калганы да саламат болот, демек, жума күнү калган аптанын таразасы, рамазан калган жылдын таразасы, ажылык калган өмүрдүн таразасы» («Задул маад» китебинен).

✨Анас ибн Малик мындай хадис риваят кылат: «Расулуллах ( саллаллооху алейхи васаллам) га жума тартуу кылынды, аны Жабраил алаканында алып келди, ал кудум ортосунда чекити бар айнек сыяктуу эле. Бул эмне, эй Жабрийл, деп сурады, бул жума күнү, Раббиң аны сен жана сенин артыңдан Үммөтүң майрамдашсын деп сага буйруду, анда силер үчүн жакшылык бар, сен алдыңкы болосуң, яхудий жана насранийлер сенден кийин болушат. Бул күндө ушундай саат бар, кимде-ким ошол саатта Раббиге өз тагдырында болгон бир жакшылыкты дуба кылып сураса, албетте берет, же бир жамандыктан коргоо сураса, албетте бул жамандыктан да чоңураак жамандыкты андан арылтат, биз акыретте бул пендени мазид күнүнө (Аллахты көрө турган күнгө) чакырабыз» (Табароний сахих санад менен риваят кылган).

🤗Жума маарек болсун! 🌹

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button