alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Ырыскыны бир гана Аллах берет

Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм.

Көңүл бөлөйлү, амал кылайлы, ошондой эле башкаларга жеткирейли.. Аллах Таала бүт ааламды жаратуудан мурда ар бир нерсенин тагдырын жана ырыскысын жазып койгон. Биринчи кезекте «калемди” жаратып “Жазгын! ”-деген өкүм болду.. Калем айтты: «Йаа, Робби! ? Эмнени жазайын ?! ” Аллах Таалам айтты: “Кыяматка чейин келүүчү ар бир нерсенин тагдырын жаз! ”-деп буюрду.

Мына ошондуктан, ар бир жандын ырыскысы да анын тагдырында жазылуу, кадамдары саналуу.. Сууда жашаган жаныбарларды караңыз, бириси дагы ачка калган жок. Сойлоп жүрүүчүлөрдү караңыз, бириси дагы ачкалыктан өлгөн жери жок. Учуп жүрүүчүлөрдүн, канаттуулардын канча балдары бар, баарысы өз ырыскысын таап жеп, күн өткөрүп жатышпайбы ? Иттерди көрдүңүзбү же «Жоок болду туубайм, ким багат атасы болуп, сен кечке байланып турасың , сактанайлы ”-дегенин көрдүңүзбү? )

Эх, тууганым, Сиз адамсызго! Ушунча чексиз ааламдагы бүт жандуулардын курсактарын тойдуруп жаткан Аллаах Субхаана ва Таала сүйүп жараткан, адам балдарын кантип анан ачка таштап койсун?! Сулайман алайхис салам, Аллах Таалага кайрылып: «Оо,Аллах?! Уруксат берчи, мен сен жараткан жандуулардын баарына ырыскы берейин! ”-дегенде Аллах Таалам уруксаат берди. Сулайман Пайгамбар, жин жана адамдарды чогултуп, алты ай бир жерге тамак-аш чогулттурду да, жандууларга таратып берейин дегенде, деңизден кит чыгып, Пайгамбар алты ай бою чогулткан тамак-аштын баарысын, бир жутуп түгөттү да сууга чуңкуп кирип кетти. Кетип баратып айтат дейт: «Бүгүн бир ааз курсагым жакшы тойбой калды! ”-деп сүзүп кетти дейт.. Муну менен эмнени айтмакчыбыз ? Алты ай чогулткан нерсени бир заматта бир эле жаныбар түгөттү.. Ал эми, андайдын канчасына Аллах Таала ырыскысын берип жатпайбы!

Бүгүнкү күндө жаштар ойлонот, мен үйлөнсөм аны ким багат? — деп.) Сиз бакпайсыз, Аллах багат! Сиз бербейсиз, Аллах берет! Ар бир жандынырыскысы тагдырына жазылгандан кийин, анын да ырыскысы өз тагдырында жазылган. Болгону сиз Ырыскыны таап, терип келүүгө милдеттүүсүз!

Сиз иштеткен супер маркет, контейнер, магазиндер тилемчинин сураган колу сыяктуу! Аллаах ошол жерге ырыскы берсе анан береке болуп, андан пайдаланып жатасыз! Сиз ойлобоңуз бизди ушул жер багып жатат! -деп. Аллах Таала ырыскы бергенинен, ошол жерден пайда алып жатасыз. Шыпаа — врачтын колунда эмес. Врач — керек болсо өзү деле ооруп, өзү деле өлүүчү жан. Шыпааны Аллах берет, врач өзүнүн жумушун аткарып гана коёт. Эгер Аллах шыпаа бербесе, ааламдагы врачтар чогулуп келип сактап кала албайт!

Кээде ойлобогон жерден тамак-аш келип калат, мына ошол сиздин ырыскыңыз ал тагдырда жазылган. Кандай эле өлүм ар бир жандын тагдырында бар болгону сыяктуу, анын ырыскысы дагы өзү менен чогуу жүрөт..

Сиз дарак эккениңизде астындагы топуракка кошуп краска же кум шекер кошуп эгесизби? Жоок, топуракты эле таштап коёсуз, бирок ошол дарак өрүк болсо, чоңоюп мөмө алса, каттуу бир отундан жумшак жана ширин мөмөлөр чыгат, ким кылды аны? Аллах кылды! Узуун-узун теректердин чокусуна насос мененсиз суу жеткирипжатасызбы? Анын ар бир шагына, ар бир бутагындагы бүрлөрүнө чейин ырыскы берип жаткан зат — Аллах!

«Силер эгип жаткан эгиндериңер тууралуу эч ойлоп көрдүңөрбү? Аны силер өндүрүп-өстүрөсүңөрбү же Биз өндүрүүчүбүзбү ? ” (Ваакиа 63-64).

«Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү же түшүрүүчү Бизби? Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокпуз. Эмнеге, шүгүр кылбайсыңар? Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү? Анын дарагын силер жараттыңарбы же жаратуучу Бизби ?! ” (Ваакиа 68-72).

Сиз балалуу болуу үчүн, шарият жолу менен себебин кылып, сууну эле куя аласыз, бирок ага жанды ким берди? Колдорун, буттарын, көздөрүн, сүйлөө үчүн тилди ким берди?

«Силер өзүңөрдүн куйган уругуңарды карабайсыңарбы . Аны силер жаратасыңарбы же жаратуучу Бизби ? ” (Ваакиа 58-59)

Өрүктүн данеги жумшак, бирок сырткы кабыгы өттө каттуу.. Ошону да тешип чыгып тамырлап кетет. Аллах Таала жаратты, сиз суу элеңиз, жаныңыз жок эле, бирок тирилтти жана күнү келип кайра өлтүрөт, кыяматта кайра тирилтет! Эгер таңды аттырбай койсо кимдин күчү жетет күндү чыгарууга! Күндү Аллах Таалам батырбай койсо, ким караңгыны киргизе алат! Түндөсү жылдыздарды көрсөтпөй, булут менен каптап, тосуп койсо ким аны көрсөт алат! Жамгыр жаадырбай, жерден бир дагы нерсени чыгарбай койсо ким жаадыра алат жамгырды?

«Акыйкатта, Аллах урукту жана данекти жарып өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушул Аллах! Аны таштап кайсыл жака бара жатасыңар? Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп-кысап (календар) кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары — Мартабалуу , Билүүчүнүн өлчөм койгондору. Ал кургактагы жана деңиздеги караңгычылыктарда жол табууңар үчүн жылдыздарды жаратты. Биз аяттарыбызды (жакшы,жаманды) билген коомдор үчүн мына ушунтип баяндадык. Ал силерди бир жандан жаратты (силер үчүн жатынды) орун жана атаңардын белин жай (кылды) чынында түшүнгөн коом үчүн аяттарыбызды баяндадык. Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн баардык нерселерди чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктөрдү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана жалбырактары окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүм зарларды, зайтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар мөмөлөгөндө жана бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карагылачы. Акыйкатта мунун баарында ыймандуулар үчүн үлгү бар! ” (Ан’аам 95-99аяттар).

Канчалаган айбандар өздөрүнө азыгын камдап алышпайт. Аллах аларга да, силерге да ырыскы берип жатат, Ал гана — Угуучу Билүүчү” (Анкабут — 60 аят)

Аллах Таалам угуу менен көрүү нематын алып салса, кайсы кудай сизге кайтарып бере алат ? (Ан’аам 46 аятты караңыз).

Айткылачы, эгер Аллаах кыяматка чейин караңгы кылып койсо, жарык кылып берүүчү кудайыңар ким ? Кыяматка чейин күндүз кылып койсо, түн кылып берүүчүңөр ким ?

Шамалды токтотуп койсо, салкын кылуучуңар ким?

«Силердин андан башка кудайыңар жок” (А’роф — 59)

«Эсиңерде болсун! «Жаратуу жана бийлик жүргүзүү — Ага гана таандык ” (А’роф 54-аят).

«Эгер Аллах сени бир кырсыкка учуратса, Андан башка эч ким куткара албайт! Эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, эч ким токтото албайт . Ал аны өз пенделеринин ичинен каалагандарына берет. Ал — Кечиримдүү, Боорукер ” (Юнус — 107).

«Оо, Мухаммад! Бизге Аллахтын жазганы гана болот. Ал биздин Эгебиз, момундар Аллахка тообокел кылышсын ”-дегин. (Тауба-51).

«Баардык мактоо — Эгебиз, асмандардын Эгеси, жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси — Аллахка таандык. Асмандарда да, жерде да улуктук — Ага таандык. Ал Мартабалуу, Даанышман! ” (Жаасия — 36 аят)

Эй пендем ? Билем сен мээримдүүлүккө муктажсың, Мээримдүүмүн Мен! Билем сен коркосуң, ал Му’мин Баардык нерселерге амандык, тынчтык, бейпилдик Берүүчү менмин! билем сен күнөө кыласың, кайгырасың, күнөөңдөн арылгың келет, Гофуур — күнөөлөрдү кечирүүчү Менмин! Гоффаар — өттө көп кечиремин! Адилеттүүлүккө муктажсың сен, Адл, Адилеттүү менмин! Сен жумшактыкты жактырасың, ал Халиим — Сылык, Жумшакмын Мен! Билем бирөөнүн жардамына муктажсың, ал Валий — жардам берүүчү досМенмин! Коркоксуң сен — Хаафииз — Өз Паанамда сактоочо Менмин! Сен бир нерсе кылаарда бирөөгө муктаж болосуң, Мен — Кадрмын, Баардык нерсеге өзүм эле жетишем!

Кантип жетишесиң эй Аллах ? Анткени Мен Муктадирмин, Өтө кудуреттүүмүн, Ахадмын жалгызмын, ал Ваахид жападан жалгызмын, Эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон ас Сомаад менмин! ! Бирок эй пенделерим, күнөө кылсаңар — Каардуумун, ал Мунтаким Өч алуучумун! Эгер тообо кылсаңар — Афувву каталарды жууп жиберүүчү, Ар-Роуф — өттө Мээрбанмын! Билем курсагың ачат — ар Роззаак ырыскы берүүчү менмин! Аллах Таала сиз бизге дагы эмне кылып берсин ?!

Түндү бердим укташ үчүн, күндүздү бердим иштеп-эмгектенүү үчүн, ибаадат үчүн, жерлерди жумшак кылып бердим, үйлөрдү салууңар үчүн!

Аллах Таалам сиз бизге дагы эмне кылып берсин ?

«Оо адамдар! Аллах силерге берген жакшылыгын эмтегиле: Силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган башка Жаратуучу барбы ? Аллахты таштап кайда бара жатасыңар? ” (Фаатир 3).

Менин айтайын деген негизги максатым, бүгүнкү күндөгү эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болгон, боюнан алдыруу, же өлтүрүп, ким багат — деп төрөбөстөн коркуп жүргөн бир туугандарыбызга айтат элек, Кедейчиликтен коркуп балдарыңарды өлтүрбөгүлө, бул — чоң бир Күнөө! Өзүнчө эле кудай болуп алганбыз, мен багып жатам, мен чоңойттам! -деп. Сиз өлүп калсаңыз деле балдарыңыз ачка калбайт! Ар кимдин ырыскысы өз тагдырында, болгону аны адал жол менен терип жеш керек!

Балдарыңарды кедейликтен коркуп өлтүрбөгүлө! Балким сиз, ошол баланы өлтүрбөстөн чоңойтсоңуз, ал иштеп таап миллионер болуп кетип, сиз дагы байып кететтирсиз!)

Айта турган сөз көп эле, Бирок адам балдарына, ыймандууларга бир эле эскертүү жетиштүү деп ойлодум!

Ас саламу алвйкум ва Рохматуллоохи ва Барокатух!

Авт: Али Оши.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button