alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

✨ЫЙМАНДЫ ЖАҢЫЛАЙ ТУРГАН СӨЗ

✨ЫЙМАНДЫ ЖАҢЫЛАЙ ТУРГАН СӨЗ

✍🏻Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Силер ыйманыңарды жаңылай жүргүлө». Бирөөлөр: «Оо, Аллахтын Элчиси, ыйманыбызды кантип жаңылайбыз?» –деп сурашты. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Лаа илааха иллаллох» келимесин көп айткыла» –деп жооп берди». (Ахмаддын «Муснады»).
Жаабир (разияллооху анху) айтат: «Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын: «Зикирлердин эң абзели: «Лаа илаха иллаллох» келимеси, дубалардын эң абзели «Алхамдулиллах» – деп, айтканын укканмын». (Тирмизи).

📍Пайдасы: «Лаа илаха иллаллох» климесинин улуулугунун себеби: бүткүл дин ушул келимеге топтолгон. Ал болбосо ыйман да дурус болбойт жана ансыз эч ким мусулман да боло албайт. «Алхамдулиллахтын» улуулугунун себеби: Берешенди мактоо Анын өзүнөн гана суроону туйунтат. Аллах Таалага дуба кылуу – Андан гана суроонун бир аталуусу. («Музахир Хак»).

✨Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким чын жүрөктөн «Лаа илааха иллаллох» келимесин айтса, ага сөзсүз асмандардын эшиктери ачылат да, бул келме «Аршка» жетет. (Башкача айтканда анын дубасы тезинен кабыл болот). Эгерде келме айтуучу чоң күнөөлөрдөн сактанган болсо.» (Тирмизи).

📍Түшүндүрмө: Чын жүрөктөн айтса дегендин мааниси – айтуунун максаты эл уксун же эки жүздүүлүк үчүн болбогон болсо. Чоң күнөөдөн сактанууну шарт кылганынын себеби дуба тез кабыл болсун үчүн. Эгерде чоң күнөөлүү адам айткан болсо деле, ошондо да, ал пайда-сооптон кур калбайт. («Мишкат»).

✨Я‘ла бин Шаддад (разияллооху анху) айтат: «Мага атам хадис айтканда Убада бин Самит (разияллооху анху) дагы бар болчу жана ал анын сөзүн тастыктаган эле. Ал айтат биз: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдында турганда Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Колуңарды көтөрүп «Лаа илаха иллаллох» деп айткыла» – деди. Бир аз убакытка биз колубузду көтөрүп, (келмени айттык). Анан Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) колун түшүрүп «Алхамду лиллах» – деп, «Оо, Аллах! Сен мага бул келмени түшүргөнсүң, бул келмени жеткизүүнү өкүм кылгансың жана бул келмеге бейишти убада кылгансың. Сен убадага каршы чыкпайсың» – деп андан кийин айтты: Сүйүнбөйсүңөрбү! Себеби Аллах силердин күнөөңөрдү кечирди». (Ахмаддын «Муснады», Табарони, Баззар, «Мажма’у завааид»).

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button