alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларТаасирдүү окуялар

НАМАЗ-ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ КАЛКАНЫЧ!

Ибадаттардын эң жогоркусу болгон намаз – Аллага кайрылып, жалынып жалбаруунун да эң жогоркусу. Ошондуктан тигил же бул бардык кыйынчылык, кырсык, балээ-апаат жана азапка дуушар болгондо, же болбосо катуу ачууга алдырганда дароо намаз окуш керек. Бул Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) турмушунда көп жолу кайталанган сүннөттөрдөн. Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) бул тууралуу мындай дейт: «Азирети Пайгамбарыбыз бир кыйын абалга туш келгенде, дароо намаз окучу.» (Ахмед, Абу Давуд)..
Бул өңүттөн алганда, Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болгондо үй-бүлөсүнө дароо намаз окушту буюруп, төмөнкү аятты окучу:
«Эй, элчим! Жакындарыңа намазды буюр жана ага (кыйынчылыкка) көтөрүмдүүлүк менен сабыр кыл. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, ырыскыны сага биз беребиз. А акыбет такыбалыкка таандык (такыбалыкта жатат).» (Таахаа: 132)..

Ушундайча кандайдыр бир коркунуч, же кырсык тооруган кезде, үй-бүлөсүнө жана үммөтүнө намаз окууну буюрган Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) башка пайгамбарлардын да мындай кездерде намаз окушкандарын билдирүү иретинде: «Мурдагы пайгамбарлар да кыйынчылык, кырсык учурунда намаз окушчу.» (Фазаил Амал, 249) – деген.
Кээде төмөнкү хадисти да айтчу: «Аллах бул үммөткө алсыздардын дубасы, намазы жана ыкыластарынан улам жардам берет.» (Насаи, Жихад, 43)…

Аллах Таала кулдарын сөзсүз боло турган кыяматка даярдоо максатында, бул сыяктуу ар тyрдyy көрүнүштөрдү ишке ашырууда.

Азирети Надр бул тууралуу мындай дейт: «Бир жолу күпкүндүз күтүлбөгөн жерден шумдуктуудай караңгылык басты. Азирети Анаска чуркап барып:
— Расулалланын учурунда да ушундай нерсе болду беле? — деп сурадым. Ал:
— Аллах сактасын! Расулалланын мезгилинде шамал бир аз катуу соксо эле, кыямат жүрүп кетет экен деп мечитке чуркайт элек, — деп жооп берди.» Анткени намаз – бул дүйнөдө көптөгөн кырсыктардан сактаган, акыретте болсо тозок отунан коргогон калкан. Аллах Таала Куранда:

«Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз менен жардам сурагыла!» (Бакара, 153)..

Илгери Египетти башкарып турган фараондор династиясы жалпыбызга маалым. Алар өздөрүнүн ашынган зулумдугу жана текебердиги менен тарыхта калышкан. Азирети Ибрахим доорунда да ошол династия Египетке өкүмдарлык кылып турган. Өкүмдар Фараон өлкөсүнө келген чоочун, сулуу аялдарды дароо карматып, күйөөлөрү бар болсо, аларды өлтүртүп салчу. Эгер эркек бир тууганы бар болсо, аялды андан суратып алчу. Ибрахим алейхиссалам Намруд өлгөндөн кииин, Урфадан чыгып, жанына Саара энебизди ала Египеттин чегинен өтүп баратышканда, Фараон билип калат. Фараондун адамдары аларга жетип келип, Ибрахим алейхиссаламдан жанындагы аялдын ким экенин сурашат. Халилуллах шарият уруксат берген жалганды колдонуп, «дин боордошу» маанисин көзгө тута, «карындашым» деген сөздү колдонот. Бул жоопту угушкан жоокерлер Ибрахим алеихйссаламга тийбестен, Азирети Саараны сарайга алып келишет.
Сахих-альБухарийде жазылгандай: «Саара Фараондун сарайына келгенде дароо даарат алып, эки ирекет намаз окуду. Аллах Таалага жалбара кайрылды. Аллах Таала аны өз коргоосуна алды.» Натыйжада, Саарага жакындаганга аракеттенген Фараондун деми күтүлбөгөн жерден кыстыгып, денесинин эч бир жери кыймылдабай калат. Анткени Аллах Таала Азирети Саараны Фараондун жамандыгынан сактап жаткан. Мындан Фараон абдан коркуп, Азирети Саараны бош коё берет. Муну менен гана тим калбастан күңү Ажарды ага тартуу кылат. Сарайда таң кала карап калышкан адамдарына:
«Бул аял – бир жин экен. Дагы бир аз болгондо, өлүп калмакмын. Мага зыяны тийбесин деп ага Ажарды бердим!» — деп жооп берет. ..
Мына, Аллах үчүн чыныгы ыкылас менен окулган эки ирекет намаздын бул дүйнөдөгү жардамы ушундай болот!

Бул макаланы жазуудан максат өзүңүздөр күбө болуп көрүп жатасыздар Мьянмада жакынкы күндөрдөн бери адам үшүн титиреткен, айбандан пас зулумчулардын кол астында кор болгон мусулман бир туугандардын акбалы жалпы мусулмандардын жүрөктөрүн сыздатып, күйүп турган учурубуз. Бул да Аллахтын сыноосудур. Биз ал жака жардамга барууга,чамабыз күчүбүз да жетпей. Аралыктар алыс күчүбүз алсыз болсо да дубаларда кезикчүү жүрөктөр бар. Баарыбыз биргеликте намазыбыз да болсун зикирибизде болсун,кураныбыз да болсун акыркы мүмкүнчүлүк болсо да ыйманыбыздын далили менен колдон келгенче дуба кылалы!
Аллахым Ар бирибиздин билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечир. Заалымдын заалымдыгынан алыс кыл. Бирөөгө зулум кылып коюуудан да мазлум болуп калуудан да өзүң сакта. Ал жактагы мусулман бир туугандарды өз коргооңо алып, зулум кылгандарды өзүң жазала! Анткени бул аалам бир гана Сага гага таандык,Сенин каалооңсуз эч нерсе болбойт да болгон да эмес! Бир гана Өзүңө таянып Өзүңдөн гана жардам сурайбыз!Бизге бир гана Аллах жетиштүү! Омиийн!!!

«Бактылуулук Формуласынын эмгек жамааты «…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button