Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Устаз Калысбек Заманбеков сунуштаган 10 мыкты китеп
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
Жаңылыктар
Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду
Аалымдар Жаңылыктар
«Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»
Жаңылыктар
АЛЛАХТЫН 99 ЫСЫМЫ жана КЫРГЫЗЧА ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Китептер
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Китептер > Устаз Калысбек Заманбеков сунуштаган 10 мыкты китеп
КитептерМакалалар

Устаз Калысбек Заманбеков сунуштаган 10 мыкты китеп

admin
Жаңыланды: 2022/08/06 at 10:58 ТЧ
admin  - Charlestreri
Бөлүшүү

Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн биринен жаштардын эң көп окуп жаткан китептердин тизмесин алган. Кыргыз жаштарынын батыш маданияты менен сугарылып жатканына байланыштуу, өзүбүздүн залкарлар жазып калтырган таберик китептерди топтогон. Устаз Калысбек Заманбеков шарият илимдери боюнча көп китептерди окуганы шексиз. Бирок, кыргыз адабияты, дүйнөлүк адабияттан да артта калбай, китеп окууга дайыма убакыт табат. Бул жерден ал сунуштаган китептер тизмесин табасыз.

 

1. «Сынган Кылыч» — Төлөгөн Касымбеков

Кыргыз аялдарынын ыйбаалуулугу, моддолордун интригалары жана хан ордосунда болгон таасир талаштын кесепти сонун чагылдырылган.

- Жарнама -

2. «Кел Кел» – Төлөгөн Касымбеков

Токтогул атабыздын өнөрү, Женижок атабыздын кайгысын чагылдырган. Балалуу болбой, аял затын сыйлап аны чогуу алып жүргөнү.

3. «Адам болгум келет» – Төлөгөн Касымбеков

Студенттерге мотивация берген, өзүбүздөн чыккан китеп. Батыштын куру мотивация берген китептеринен жакшыраак. Турмуштан ордун табуу, дем берүүчү китеп.

4. «Узак Жол» – Мукай Элебаев

Өзгөчө үркүн учурундагы окуялар чагылдырылган. Жегенге талкан таппай, Кытайга качкан кыргыздардын кайгылуу тагдырын ушул көркөм чыгармадан табасыз. Бейпилчиликте көрсөтүлгөн эрдик эрдик эмес, кыйынчылыкта көрсөткөн эрдик чыныгы эрдик.

5. «Каныбек» – Касымалы Жантөшев

Бул китептен сөз сүйлөгөндү үйрөнөбүз. Айрыкча макал-лакаптардын философиясы камтылган.

6. Күлкү жана өмүр (1-2-тому) – Түгөлбай Сыдыкбеков

Кыйын учурда тамаша сөз менен чыгып кетүү. Анжиян базарына барып товар өткөрүп келген даанышман аталар баяндалат. Жөө чечен эмес, акыл чечен болгон адамдар чагылдырылат.

7.«Көк Асаба» – Түгөлбай Сыдыкбеков

Бул китепти жазууга 21 жыл кеткен. Түрк элдеринин тарыхы, анын ичинде кыргыз элинин тарыхы чагылдырылат. Сен тарыхчы эмессиң деп 1971-жылы жазылган китеп, 18 жылдан кийин жарык көргөн.

8. «Кара сөздөр» — Абай Кунанбаев

Казак боордошторубуздун залкары. Ислам акыйдасын Имам Матуридийдей жазган. Кудайдан корк, пендедени сыйла, баланы окутуудан малыңды аяба — адам болсун десең.

9. «Маркумдар үнү» – Көчкөн Сактанов

Репрессияга дуушар болгон ата-бабаларыбыздын өмүр баяны чагылдырылган.

10. «Накыл Сөздөр» – Кусейин Карасаев

Бул китепти окуп, балдарыбызга үйрөтөлү. Арап тилин 15 жыл окуган адамдардан да мыкты жазган. Лингвистика илими, макал-лакаптардын маанилери, чечмелениши камтылган мыкты китеп.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Калысбек Заманбеков, Китеп
admin 06.08.2022
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Бөлүшүү
By admin Charlestreri
Катталуу:
https://t.me/pump_upp
Мурдагы макала Казалчы Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгына карата документалдуу фильм тартылды
Кийинки макала «Алмустактан бери» деген сөздүн мааниси
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз
0 пикир

*Enter your name

*Минимум 2 символа.

Do not change these fields following

    Бизге катталыңыз!

    49k окурман Жакты
    481k окурман Катталыңыз
    136k Катталуучулар Жазылыңыз
    1.7k Мүчөлөр Катталыңыз
    - Advertisement -

    Акыркы кошулгандар

    Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
    Жаңылыктар 30.01.2023
    Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү
    Аңгемелер Таасирдүү окуялар 29.01.2023
    Садыбакас ажы “Ихсандан” алган үйүн жабыкагандарга бермей болду
    Аалымдар Жаңылыктар 26.01.2023
    «Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»
    Жаңылыктар 25.01.2023
    //

    Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

    Катталыңыз

    © 2022 FormulaMediaGroup

    Окуу тизмесинен өчүрүү

    Баш тартуу
    Ассаламу алайкум!

    Авторизация

    Сырсөздү унттуңузбу?