Макалалар

Ийгиликке карай бир кадам

Ар бир инсан бул дүйнөгө жакшы үмүтү менен келет эмеспи, “өсөйүн, өнүгөйүн, бактылуу болоюн” деп. Турмуш бул бүтпөгөн күрөш экени бардыгына маалым. Ак менен каранын, жакшы менен жамандын, акыйкат менен жалгандын ж.б. турмуштун кереметин, ысык-суугун көрүп, кыйыны да, жакшысы да, жаманы да, жеӊип да, жеӊилип да — кимдер гана өтпөгөн бул дүйнөдөн!

Канчалык табият сыйкырдуу, кооз жана ошону менен бирге жеӊилгис катаал болсо, турмуш да баа жеткис кооз, өтө кызыктуу жана татаал. Бул турмушту жеӊип жашаш үчүн, ийгиликке жетиш үчүн турмуштун кыйынчылыгына даяр болуш керек экен.

Өмүрүбүздө чектелген чөйрөдө жашап, улуулардан алган таасир-тарбиябызга жараша, калыптанган тар сезим менен кыялданып, ишибиз жүрүшпөй баратканда тагдырыбызга нааразы болуп, көп учурда биз бирөөнү айыптап, кейигенге шашабыз, баштаган ишти аягына чыгарбайбыз.

Коомчулукта ийгиликтүү адамдарды көрүп, көбүнчө ийгиликтин себебин адамдын ден соолугунда, акчада, адамдын келбетинде, экологияда, жашаган өлкөсүндө, тажрыйбасында, илим-билиминде, жөндөмүндө, аракетинде, колдогон чөйрөсүнөн издеп келебиз.

Бакытка жетүү үчүн эмне жетишпейт деген суроого, “бийлик, байлык, чыныгы дос, билим, сүйүү, түшүнүк, көӊүл, колдоо, атак-даӊк, талант, мүмкүнчүлүк” – деп жооп беребиз. Көп учурда дүйнөнү эмне башкарат деген суроого дареметибизге жараша – “дүйнөнү эрк, аӊ-сезим, кыймыл-аракет, сулуулук, сүйүү, сезим, чындык, акча, ишеним, адамдын ою башкарат“ — деп талашабыз.

Бул дүйнөдө бир адамдын тагдыры кандай гана болбосун – бактылуу же бактысызбы, барып-барып миӊ адамга таасирин тийгизери талашсыз. Келечек муундарыбыздын тагдыры тайкы болбос үчүн кетирген кемчиликтерибизди эске алып, каталарды кайталабай, жашынан атайын ийгиликтин психологиясын, программасын иштеп чыгып, кадамдап аракеттенип, бакытка жол таап, тагдырды түздөө аракетин кылсак жаӊылбайбыз.

Өзүбүз жетишпеген ийгиликтерге, өзүбүз чыкпаган бийиктиктерге балдарыбызды жеткизсек жаман болбос. Ийгиликтүү балдарды тарбияласак, коомубуз да ийгиликтүү коомго айланаары талашсыз. Биздин жеӊишибиз ошондо! Ийгиликтин башаты адамдын өзүндө экенин турмуш айгинелеп турат. ”Өзүн башкара алган адам гана дүйнөнү башкарат” деген эскиден сөз бар.

Адамдын өмүрү жашына жараша курактарга бөлүнөт эмеспи. Ар бир курактын өзгөчөлүгү, өзүнчө кызыгуусу, талаптары, баалуулуктары бар. “Алыска барыш үчүн, эрте туруш керек” деген элде накыл сөз бар. Демек, көп нерсеге жетишиш үчүн эрте ойгонуп, түшүнүп, көп нерсени үйрөнүш керек экени талашсыз.

Жаш муундардын арасында ийгиликке алып келе турган касиеттерди калыптандыруу, лидердик сапаттарды тарбиялоо биздин парзыбыз болуп эсептелет.Жашынан балдардын аналитикалык жөндөмүн өстүрүүгө, чечкиндүүлүк, тобокелдик, мээнеткечтик, тил билгилик, даанышмандык, чечендик сапаттарын калыптандырууга, балдардын мейкиндик сезимин, тил байлыгын, элестетүү, кыялдануу, дүйнө таануу, кабыл алуу жөндөмдөрүн, эмоционалдык дареметин өнүктүрүүгө, турмушка болгон кызыгуусун арттыруу менен интеллектти өстүрүүгө багытталган механизмдерди иштеп чыгууга аракет кылсак.

Балдарды жоопкерчиликке үйрөтүп, кылган жоруктарына жооп берүүгө көндүрсөк. Өзүн-өзү сыйлоо, өзүнө ишенимин арттыруу сезимдерин калыптандырсак, балдарыбыз турмуштун чоӊ жолунда адашпай, өзүнүн ордун таап, максатына жетип, өрнөктүү турмуш кура алаарына көзүбүз жетет.

Америкалык философ Дэвид Стар Жордан айткандай: “Жолду билгенге жол берүү үчүн бүткүл дүйнө артка чегинет”. Жаштарга ийгиликке жетүү жолун үйрөтүү биздин ыйык милдетибиз. Ал үчүн өзүбүздөн баштап, өзүбүздү тарбиялашыбыз керек. Эӊ жакшы таасир — бул улуулардын үлгүсү.

Бизге табияттан бардык мүмкүнчүлүктөр берилген, аны ал кылып, туура пайдаланып, үзүрүн көрүү биздин колубузда. Окумуштуулардын айтымында, адамдын аӊ-сезими табияттан жогорку жана төмөнкү менталитетке бөлүнгөнү баарына маалым. Жогорку менталитет — позитивдик болуп, ал эми төмөнкүсү — негативдик менталитет болуп эсептелет экен. Коомчулукта адамдын көпчүлүгү негативдик менталитетке ээ. Адамдын ою көп учурда социалдык чөйрөгө таасирленип турат эмеспи. Бир жакшы ойду баштап, көпчүлүктүн пикиринен чыга албай, ой-максатына жете албай калган инсандар да жок эмес. Негативдик ойлор жана эмоциялар адамды ооруга чалдыктырат, карытат, артка тартат, коркунуч пайда кылып, максатына жетүүгө тоскоолдуктарды жаратат. Ошондуктан аӊ сезимиӊди көрө албастык, ичи тардык, жек көрүүдөн, жаман ойдон тазала. Капа кылгандарды кечире бил. “Өзүӊдү сыйлоо“ программасын иштеп чыгып, ийгиликке, бакытка жол таап, тагдырды оӊдоо үчүн күндө убакыт бөлүп, кыялданып, жакшы маанайда өзүӊдү сөз менен дарылап, проблеманын себебин изилде. Турмуш окуялардан эмес, биздин ошол окуяга кылган мамилебизден турат.

Улуу Махатма Ганди айткандай: “Адам — өзүнүн акыл-оюнун азыгы, эмнени ойлосо, ошого айланат”. Турмуш көрсөткөндөй, жакшыны ойлосо — жакшыга, жаманды ойлосо – жаманга айланат, эмнени көргөндү кааласа – көргүсү келгенди көрөт, эмнени укканды кааласа — каалаганды угат, эмнеге ишенгиси келсе — ишенгиси келгенге ишенет, эмнеге ишенгиси келбесе – ишенгенди каалабайт.

Жаман ой, кайгы-капа адат болуп калса, адамдын бетине бырыш түшүп из калтырат. Өзүӊө ишен. Ишеничиӊ бекем болсо башкалардын бузуку ойлору сага таасирин тийгизбейт. Өзүӊдүн өзгөчөлүгүӊдү бил. Чыгармачыл ойлор жакшы маанайда келет, жагымдуу чөйрөдө ойлор чыӊалат эмеспи. Өзүӊө жагымдуу чөйрө түз! Жаман ойдон алыс бол. Жаман ой жамандык тартат. Ийгиликке багышталган ойлор ийгилик тартат. Сенин позитивдик ой жүгүртүүӊ башкаларга да жакшы таасирин тийгизет. Жакшы адамдар сени өздөрү табат. Бул табияттын закондору, муну биз ойлоп чыкпаганбыз, бизге чейин болгон жана боло бермекчи.

Бардык нерсенин баалуулугун бил, баскан кадамыӊа ыраазы бол, кубан. Көптү берип, азды күт. Күнүгө миӊ мертебе шүгүрчүлүктү билдир: кудайга, табиятка, жер-сууга, асманга. Жакшылык үчүн дос-тууганыӊа рахмат айта бил, үй-бүлөӊ менен бир бол, бар нерсеӊди баалай бил. Мезгил келгенде табият сага да кайрыйт. Дүйнө кезектүү!

Адам бул дүйнөгө бир келет эмеспи. Мезгилдин баасын, өмүрдүн баркын билбей, мезгил сезими, мейкиндик сезими жок болуп, убакытты сапырып, туура пайдаланбай, эптеп-септеп, жарым-жартылай жашап келебиз. Турмушта көп учурда өзүбүзгө көӊүл бөлбөстөн эртеӊки күнгө калтырган учурлар да көп эсе. Ошондуктан ийгиликке жетишүү үчүн өмүрдүн наркын бил. Бүгүнкүнү эртеӊкиге калтырбай, жашоонун даамын татып бүгүн толук кандуу жаша! Өмүр — бул кайталангыс, назик жиптерден согулган мезгилдин кездемеси экенин сезсеӊ экен! Мезгил эмес сенин сапарыӊ карып баратканын түшүнгүн!

Ийгилик аракеттен жаралат: үйрөнгүн, башкалар уктап жатканда. Окугун, башкалар бекерчиликтен зэригип жатканда. Эмгектен, башкалар ойноп жатканда. Кыялдан, башкалар эми ойгонуп жатканда. Сен чоӊүлүшкө татыктуусуӊ!

Элестетип, өзүӊдү сырттан чоочун адамдын көзү менен кара, кемчиликтериӊди жана баалуулуктарыӊды иликте, иретте. Жакшылыктын-жамандыктын баасын бил. Күтпө, өзү менен өзү болуп чечилбейт. Бирөө жасап бербейт. Өзүӊдүн дареметиӊди, артыкчылыктарыӊды туура баала, убактыӊды бекер кетирбе, табияттан сен өзүӊдү жеӊүүчү катары сез. Турмушуӊдагы жетишкен ийгиликтериӊди унутпа. Өзүӊдүн ички дүйнөӊ менен келиш, өзүӊ лидер, башкаруучу бол, терс кыялдарыӊды жеӊ. Чачылган оюӊду түзө. Артка чегинбе. Бир максатка умтул. “Жолду баскан арбытат” деген накыл сөз бар. Кыйындардын сыры жана артыкчылыктары ушунда.

Турмуш көрсөткөндөй, адам бир нерсени өтө катуу эӊсесе, бүткүл аалам ага колдоо көрсөтөт. Максатыӊа берил, сүй, ага чын дилиӊден умтул. Ишенимиӊди жоготпо. Турмуштан үмүтүӊ үзүлбөсүн, кызыгууӊ кетпесин. Ошондо гана ийгиликке жетишесиӊ.

Дүйнөнүн эӊ бай, ийгиликтүү адамдарынын өмүр баянын, эмгек жолун, рейтингин изилдеген америкалык финансы-экономикалык “Forbs” журналы белгилегендей: Билл Гейтс, Джон Рокфеллер, Стив Джобс, Джордж Сорос, Генрих Форд, Роман Абрамович, Адольф Даслер, Джордж Лукас ж.б. алгач турмушта жапа чегүүдөн баштап, кыйынчылыкты жеӊүү менен ийгиликке жетишкен. Чечкиндүүлүк энергиясы ийгиликтүү адамдарга гана таандык. Жеӊүүчү бол. Жүрөгүӊдүн оту өчпөсүн!

Ийгиликтүү адамдардын чөйрөсүнө аралаш, сен да ийгиликке жакындайсыӊ. Тагдырын тайкы кылган, өз турмушун устаттык менен бузган адамдардан алыс бол. Башкаруусу жок кеме, максаты жок адам сымал. Ошондуктан максатыӊды кое бил, максаттарыӊдын артыкчылыктарын иликте.

Джон Рокфеллер айткандай: “Адам эмнеге умтулса да максаттын тактыгы — ийгиликтин негизи болот”. Турмушта керексиз, өнүгүүгө жолтоо болгон нерсеге “Жок!”, пайдалуу нерсеге “Ооба!” дей бил. Жалгыз бүгүнкү күн гана сенин тагдырыӊды чечүүчүдөй жаша. Эӊ маанилүү ачылыштар шыктануу, кумардануу учурда жасалган. Эӊ кызыктуу жана ийгиликтүү ойлор көӊүл эргүү мезгилде келет, жакшы эс ала бил. Жан дүйнөӊ жактырган иш менен алек бол. Тилегиӊ кабыл болсун!

Булак

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Close