Макалалар

Ыйык Курани-Каримде келген сандардын сырлары

Ыйык Курани-Каримде келген сандар.

Албетте төмөндөгү эле сандар келген эмес. Так эле ушу төмөндөгүдөй болгон сандар башка сүрөөлөрдө, аяттарда көп эле келген. Болгону кайра-кайра кайталай бербей, ар бир сандан бирден мисал жазууну туура көрдүм.

1) وَإِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ

Силердин Кудайыңар тек бир Кудай. (Бакара: 163).

2) وَمِنَ الْإِبِلِ اثْنَيْنِ وَمِنَ الْبَقَرِ اثْنَيْنِ

Эки жуп төөдөн жана эки жуп уйдан. (Ан’ам: 144)

3) فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ

анда (“идда” – күтүү) мөөнөтү үч ай. (Талак:4).

4) لَوْلَا جَاءُوا عَلَيْهِ بِأَرْبَعَةِ شُهَدَاءَ

Алар ага төрт күбө келтиришпейт беле? (Нур: 13).

5) وَيَقُولُونَ خَمْسَةٌ سَادِسُهُمْ كَلْبُهُمْ

«Алар бешөө, алтынчысы ити болчу», – дешти. (Кахф: 22).

6) خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ

Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. (А’раф: 54).

7) لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ

Анын жети эшиги бар. (Хижр: 44).

8) وَأَنْزَلَ لَكُمْ مِنَ الْأَنْعَامِ ثَمَانِيَةَ أَزْوَاجٍ

Силер үчүн малдардан сегиз жубун түшүрдү. (Зумар: 6).

9). فِي تِسْعِ آيَاتٍ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَقَوْمِهِ

Фараонго жана анын коомуна тогуз му’жиза менен бар.

10) فَكَفَّارَتُهُ إِطْعَامُ عَشَرَةِ مَسَاكِينَ

 

Антыңарды бузсаңар он кедейди тойгузуу. (Маида: 89).

11) إِنِّي رَأَيْتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوْكَبًا

Атаке, мен түшүмдө он бир жылдызды көрдүм. (Юсуф: 4).

12) فَانْفَجَرَتْ مِنْهُ اثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْنًا

 

Андан он эки булак атылып чыкты. (Бакара: 60).

19) عَلَيْهَا تِسْعَةَ عَشَرَ

Анын үстүндө он тогуз күзөтчү (бар). (Муддассир: 30).

 

20) إِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ عِشْرُونَ صَابِرُونَ

Эгер силерден сабырдуу жыйырма киши болсо. (Анфал: 65).

30) وَحَمْلُهُ وَفِصَالُهُ ثَلَاثُونَ شَهْرًا ۚ

Аны (баланы) курсагында көтөрүп жүрүү жана эмчектен чыгаруу отуз айга созулат. (Ахкаф: 15).

40) وَإِذْ وَاعَدْنَا مُوسَىٰ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً

Биз Муса менен кырк түндү убадалаштык. (Бакара: 51).

50) أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًا

Элүүсү кем миң жыл. (Анкабут: 14).

60) فَإِطْعَامُ سِتِّينَ مِسْكِينًا

Алтымыш жардыны тойгузсун. (Мужадала: 4).

70) ذَرْعُهَا سَبْعُونَ ذِرَاعًا

Узундугу жетимиш кулач. (Хаакка: 32).

80) فَاجْلِدُوهُمْ ثَمَانِينَ جَلْدَةً

Алардан сексен балак алынсын. (Нур: 4).

 

99) لَهُ تِسْعٌ وَتِسْعُونَ نَعْجَةً

Анын токсон тогуз койу бар. (Сод: 23).

100) فَأَمَاتَهُ اللَّهُ مِائَةَ عَامٍ

Аллах аны жүз жылга өлтүрүп. (Бакара: 259).

200) عِشْرُونَ صَابِرُونَ يَغْلِبُوا مِائَتَيْنِ

Эгер силерден сабырдуу жыйырма киши болсо, эки жүздү жеңет. (Анфал: 65).

300) وَلَبِثُوا فِي كَهْفِهِمْ ثَلَاثَ مِائَةٍ سِنِينَ

Алар үңкүрдө үч жүз жыл жатышты. (Кахф: 25).

1000) يَوَدُّ أَحَدُهُمْ لَوْ يُعَمَّرُ أَلْفَ سَنَةٍ

Алардан бирөө ага миң жыл жашоо берилишин үмүттөнөөр эле. (Бакара: 96).

2000) وَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ أَلْفٌ يَغْلِبُوا أَلْفَيْنِ بِإِذْنِ اللَّهِ

А эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен эки миңди жеңет. (Анфал: 66).

3000) بِثَلَاثَةِ آلَافٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُنْزَلِينَ

Үч миң периште түшүрүп. (Ааль-Имран: 124).

5000) يُمْدِدْكُمْ رَبُّكُمْ بِخَمْسَةِ آلَافٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُسَوِّمِينَ

Эгеңер силерге бирдей беш миң периште менен жардам кылат. (Ааль-Имран: 125).

50000) كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ

Өлчөмү элүү миң жыл. (Маариж: 4).

ЭҢ ЧОҢ САН БИРДИГИ;

100000) وَأَرْسَلْنَاهُ إِلَىٰ مِائَةِ أَلْفٍ أَوْ يَزِيدُونَ

Аны Биз жүз миңдеген, же андан да көбүрөөк (сандуу) элгежиберген болчубуз. (Саффат: 147).

 

3/2) فَإِنْ كَانَتَا اثْنَتَيْنِ فَلَهُمَا الثُّلُثَانِ

 

Эгер алар (эже-сиңди) экөө болсо, ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгүн алышат. (Ниса: 146).

2/1) وَإِنْ كَانَتْ وَاحِدَةً فَلَهَا النِّصْفُ

А бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. (Ниса: 11).

3/1) وَوَرِثَهُ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ الثُّلُثُ

Энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. (Ниса: 11).

4/1) وَلَهُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ

 

Анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү. (Ниса: 12).

5/1) فَأَنَّ لِلَّهِ خُمُسَهُ وَلِلرَّسُولِ

бештен бири Аллахка, Элчисине. (Анфал: 41).

6/1) فَإِنْ كَانَ لَهُ إِخْوَةٌ فَلِأُمِّهِ السُّدُسُ

Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). (Ниса: 11).

8/1) فَلَهُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُمْ

Сегизден бир бөлүгү (калат). (Ниса: 12).

10/1) وَمَا بَلَغُوا مِعْشَارَ مَا آتَيْنَاهُمْ

Биз аларга ыроологондордун ондон бир бөлүгүнө да жетишпеди. (Саба: 45).

Back to top button